Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Апта: Исаев менен Конгантиевдин өзгөргөн иши


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп турган учурдагы кылмыш иши өткөн жумада токтотулса, бул аптада анын “бийликти күч менен басып алуу аракети” боюнча козголгон иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү.

Бишкек шаардык сотуна Канатбек Исаевдин адвокаттары анын Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде козголгон иши боюнча кайрылган. Анда адвокаттар "коррупция" беренесин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине которуп, ал иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартууну өтүнүшкөн. Сот жактоочулардын өтүнүчүн өткөн жумада канааттандырган. Ушул иш боюнча соттолуп жаткан Болот Имамадиев жана Мирлан Эсенбеков сот залынан бошотулса, Исаев башка кылмыш иши каралып жаткандыктан камактан чыгарылган эмес.

Бул жумада болсо анын - “бийликти басып алуу аракети” боюнча иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков кабыл алды. Эми анын баш коргоо чарасын өзгөртүү аракеттери көрүлүп жатат.

​- Биз Исаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп тергөө менен прокурорлорго кайрылабыз. Прокурорлор бул маселени карашы мүмкүн. Биздин мындай укугубуз бар. Эгер тергөө бул өтүнүчтү канааттандырбаса, биз анын үстүнөн доо арыз менен кайрылышыбыз мүмкүн, - деди Исаевдин адвокаттарынын бири Сергей Слесарев.

УКМК Исаевди “бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп былтыр 30-сентябрда кармаган. Ал кезде Исаев президенттик шайлоодогу бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы, “Республика” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановду ачык колдоп чыккан.

Шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановго да "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуудан" тышкары, шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, кылмыш иши козголгон.

Активист Адил Турдукулов бул саясий негизде козголгон иш болгон деп эсептейт:

- Исаевдин иши кыскарып, жабылышы керек. Андан тышкары, Өмүрбек Бабанов менен Мелис Аспековдун иштери да жабылып, керек болсо Аспековго компенсация берилиши керек. Ал жарым жылдан бери түрмөдө жөн эле отурат.

Москвада ишкерлик кылып жатканы айтылган Бабанов кийин саясаттан кеткенин айтып, депутаттык мандатын да өткөрүп берген.

Буга чейин Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин да кайра тергөөгө жөнөткөн. Ошол эле кезде абактагы башка саясатчылар боюнча мурдагы өкүмдөр өзгөрө элек. "Саясий туткундарды коргоо комитети" мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда “кылмыш иши туура эмес козголгон же соттолгон” отуздан ашуун саясий туткун бар экенин билдирип келет.

Маселен, саясатчы Садыр Жапаров менен экс-депутат Аида Салянова боюнча чыккан сот чечимдерин Жогорку Сот күчүндө калтырса, Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого негиз жок деп келе жатат. Саясат таануучу Эмилбек Жороев саясий өңүтү бар иштер улам козголо берет деп эсептейт:

Эмилбек Жороев
Эмилбек Жороев

- Исаевдин иши толук чечиле элек болчу, ошондуктан аны кайра кароо оңой болду окшойт. Ал эми, мисалы, Жогорку соттун да өкүмү чыгып калган Текебаевдин ишин кайра кароо бир топ татаалыраак болуп турат. Чындыгында акыркы бир-эки жылда саясатташкан сот иштери абдан көбөйдү. Бул Кыргызстандын жана эл аралык коомчулуктун көңүлүндө жаман көрүнүштөрдүн бири катары калып жатат. Буларга көңүл бурбай эле кете беребиз деген жаңы бийлик үчүн да, реформаланабыз деген сот бийлиги үчүн да жакшы эмес.

Ал эми талдоочу Марс Сариев Канатбек Исаевге бийликтин мамилесинин жумшарганын эки жылдан кийин боло турган парламенттик шайлоого даярдыгы менен байланыштырат:

- 2020-жыл жакындап келе жатат. Мында парламенттик шайлоо өтөт. Анын алдында учурдагы бийлик айрым оппоненттерин өз тарабына тартууга аракет кылышы мүмкүн. Ал эми Канатбек Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидери. Учурда саясий чөйрөдө "президенттин айланасындагылар “Кыргызстан” менен “Замандаш” партияларын бириктирип, шайлоого аттанат" деген сөз жүрүп жатат. Балким бүгүнкү чечимдер ушул пландын алкагында болушу мүмкүн. Себеби азыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы, КСДП партиясына каршы ушундай жол менен атаандаш күч түзүлүшү мүмкүн.

Канатбек Исаев 2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөндө алгач аны колдоп, кийин каршы чыккан. Ошондон кийин Атамбаев баштаган бийлик менен мамилеси бузулган.

Молдомуса Конгантиевдин иши

Бул жумада мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иши жабылды. Мындай чечимди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабыл алып, айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген тыянакка келген.

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси Конгантиевдин ишинин кыскарышына нааразылык билдирип, аны жоопко тартууну талап кылып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Алар кылмыш иши эч кандай соту жок эле күтүлбөгөн жерден кыскартылып калганына тынчсыздануу билдиришкен. Уюмдун төрагасынын орун басары Талгат Кудайбергеновдун "Азаттыкка" билдиришинче, апрель окуясынын катышуучулары Конгантиевдин ишинин жабылышы "Бакиевдерди актоого алып барат" деп баалап жатат:

Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Молдомуса Конгантиев.
Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Молдомуса Конгантиев.

- 2010-жылы шейит кеткен баатырларыбыздын ата-энелери, жесир калган келинчектери, жетим калган балдары ушул күнгө чейин сыздап келишет. Бул ошол кезде ИИМ башчысы болуп тургандыктан күнөөлүү деп эсептеп келгенбиз. Конгантиевдин апрель окуясында күнөөсү абдан чоң.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылганын ырастады. Маалыматка ылайык, мындай чечим Конгантиевдин адвокатынын арызынын негизинде кабыл алынып, кылмыш ишин кыскартуунун мыйзамдуулугун Башкы прокуратура текшерген.

Жарандык активист Алга Кылычов атайын кызматтын бүтүмүнө каршы:

- Бул атайын чагымга, элдин канын төгүүгө алып барган, Бакиевден кийинки бирден-бир күнөөлүү болгон киши. Талас эли көтөрүлүп, ызы-чуу болуп жатса, “арак ичкендер жүрөт" деп элге туура эмес багыт берип, козутушкан.

Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал “ошол жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен Таласта элге курал колдонулушуна себеп болгон" деп табылган.

7-апрелде Таласка барган министр өзү катуу таяк жеген.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-жылдан кийин УКМКнын төрагасы болгон Кеңешбек Дүйшөбаев Конгантиев ошол кездеги бийликтин буйругун аткаруучу гана болгонун жана ден соолугунан ажыраганын белгиледи:

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

- Ошол мезгилде погон кийген аскер адамы катары буйрукка баш ийип, тынчтыкты камсыз кылууга милдеттүү болчу. Бул жагы да туура кабыл алынышы керек. Ал окуядан бери канча жыл өттү. Убакыт көрсөттү, ал да ден соолугунан ажырап калганын билебиз. Ошондуктан ал өз жазасын алды го деп ойлойм.

Буга чейин Конгантиевдин иши анын саламаттыгына доо кеткендиги үчүн бир нече жолу токтотулуп келген.

Апрель окуялары боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Алардын арасынан Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди жана ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Ошондой эле мурдагы президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилген. Ал эми атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга, президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная менен “Альфа” атайын тобунун командирлеринин бири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми сот чечиминин негизинде мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик администрация жетекчиси Каныбек Жороев жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев 10 жылга соттолуп, 2016-жылдын башында мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. Алар бул окуялар боюнча күнөөсү жок экенин билдирип келишкен.

Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев (солдо) иниси Жаныш Бакиев (оңдо) менен апрель окуясынан кийинки митингде. Ош шаары, 15-апрель, 2010
Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев (солдо) иниси Жаныш Бакиев (оңдо) менен апрель окуясынан кийинки митингде. Ош шаары, 15-апрель, 2010

Активист Адил Турдукулов Конгантиевге карата Атамбаевдин учурунда да, азыр да саясий чечим кабыл алынды деп эсептейт.

- Конгантиевди кылмышка тиешеси жок деп табышса, анда Мурат Суталинов, Каныбек Жороев, Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиевге окшогондордун иши да кайра каралышы керек. Антпесе бул азыркы бийликтин да тандалма саясат жүргүзүп жатканын көрсөтөт. Кайсы бир бийликке жакын адамга жеңилдик жасалып, башка адамга куугунтук улана берерин билдирет.

Молдомуса Конгантиев ички иштер министри болуп турган 2008-2010-жылдары Кыргызстанда оппозиция өкүлдөрүн, укук коргоочуларды, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоо, кол салуу фактылары көп катталып, аларды тергөө иштери создуккан. Укук коргоочулар өлкөдө буюртма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай жаткандыгына, укук коргоочуларды куугунтуктоо, журналисттерге кол салуу өңдүү фактыларга тартип коргоо органдарын күнөөлөшүп, министр Молдомуса Конгантиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Маселен, ошол жылдары журналист Сыргак Абдылдаевге Бишкектин чак ортосунда кол салынса, дагы бир журналист Геннадий Павлюк Алматыда киши колдуу болгон. Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов өлтүрүлүп, бийлик аны "автокырсыктан каза тапты" деп маалымдаган:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

- Ошол эле Конгантиев Садыркулов өлтүрүлгөндө ачык-айкын, мыйзамга таянып иликтөө жүргүзгөн эмес, - деди Адил Турдукулов.

Конгантиев 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна дээрлик катышпай калган. Ал былтыр президенттик шайлоо өнөктүгүндө Сооронбай Жээнбековду коштоп жүргөнү белгилүү болгон. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев да Конгантиев аны колдоп жатканын билдирген.

Польша: талаштуу сот реформасы

Польшада өкмөттүн талаштуу сот сот реформасына каршы чыгып жаткандарды мурдагы президент Лех Валенса да колдоду.

Польшанын бийликтеги “Укук жана адилеттик” партиясы жарыялаган сот реформасына өлкөнүн ичинде да, тышында да каршылык жана күмөн саноо күчөдү.

Өзгөчө 3-июлда күчүнө кирген Жогорку сот жөнүндөгү мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр чоң талашка жем таштады. Сөз болуп жаткан мыйзамда жашы 65тен өткөн судьялар кызматын тапшырмак. Андай боло турган болсо Жогорку Соттун төрайымы Малгожата Герсдорф баштаган судьялардын 40 пайызга жакыны иштен кетиши керек эле.

Малгожата Герсдорф
Малгожата Герсдорф

Бирок 65 жаштагы төрайым жаңы мыйзамга баш ийбей, 4-июлда жумушка чыкты жана Конституция боюнча кызматта 2020-жылга чейин турууга укуктуу экенин, Жогорку сот жөнүндөгү жаңы мыйзам Баш мыйзамга каршы экенин белгиледи:

- Анткени Конституция мага алты жыл иштегенге кепилдик берет. Мен Конституциянын алкагында гана аракеттенишим керек.

Малгожата Герсдорф Жогорку соттун жанында турган митингчилерге жолугуп, "мен бул жерге саясат үчүн эмес, мыйзам үстөмдүгүн коргоо үчүн келдим" деди.

Бүдөмүк жагдайга байланыштуу Европа Биримдигинин сот кеңешинин башчысы баштаган адамдар 6-июлда Варшавага келип, соттордун көз карандылыгы үчүн күрөшүп жаткан судьяларды колдоду.

- Көз карандысыз сот системасы Европа биримдигиндеги бардык мүчө-мамлекеттер, анын ичинде Польша үчүн да маанилүү. Биз Польшадагы сот системасынын көз карандысыздыгы боюнча маселеге абдан тынчсызданып турабыз. Биз сот системасынын көз карандысыздыгын кайраттуулук менен коргоп жаткан судьяларды колдойбуз, - деди Европалык сот кеңешинин төрагасы Кейс Стерк.

Сот реформасына каршы чыгып жаткандарды мурдагы президент Лех Валенса да колдоду жана муну чоң коркунуч катары баалады:

- Алардын бизди сотторду бузуп жатканы өтө олуттуу маселе. Бул эртеби-кечпи жарандык согушка алып келет.

Демократиядан чегинүү катары бааланып жаткан сот реформасы боюнча талашта 74 жаштагы Лех Валенсанын позициясы маанилүү. Анткени 1989-жылы ал башында турган "Тилектештик" кыймылынын аракети менен Польша коммунисттик режимди кулаткан советтик курамдагы биринчи өлкө болуп калган.

Сотторду реформалоого каршы акция. 4-июль, 2018-жыл
Сотторду реформалоого каршы акция. 4-июль, 2018-жыл

Сот реформасы демекчи, Польша парламенти июль айында кабыл алган мыйзамга ылайык, Сеймдеги башкаруучу “Укук жана адилеттик” партиясы мындан ары Улуттук сот кеңешинин 25 мүчөсүнүн 15ин дайындап калат. Улуттук сот кеңеши - судьяларды тандап, дайындоого жана сот адилеттигин камсыздоого жооптуу орган. Сот реформасынын алкагында кабыл алынган дагы бир өзгөртүү Юстиция министрлигине бардык соттордун төрагаларын каалаган учурда дайындап же кызматтан алууга укук берет. Бул болсо соттордун азыркы төрагалары алмашат дегенди түшүндүрөт.

Оппозиция "талаштуу сот реформасы бийлик бутактарынын тең салмагын бузат, Польшадагы демократиялык өнүгүүгө чекит коёт" деп каршы чыгууда. Алар башкаруучу партия мыйзамдарды жеке кызыкчылыктан улам өзгөртүүдө деп эсептешет. Өкмөттүн сот реформасына каршы Варшавада жана башка шаарларда Польшанын жана Евробиримдиктин желектерин көтөргөн миңдеген киши митингдерге чыкты. Активист Павел Каспирзак бийликти Конституцияны бузуп жатат деп айыптап, аны чыккынчылык катары баалады:

- Биз бул жерде көз каранды эмес, калыс соттор үчүн, бийлик бутактарынын Конституцияга ылайык бөлүштүрүлүшү үчүн туруп жатабыз жана ошону түшүнүшүбүз зарыл.

Европа комиссиясы Польшанын бийлигинин Жогорку соттогу реформасы боюнча териштирүү баштады. Европа Биримдиги Польшанын жаңы мыйзамы сот бийлигинин өз алдынчалыгына балта чабарын эскертүүдө.

Азыркы бийликтеги саясий күч - консервативдик “Укук жана адилеттик” партиясы реформа коррупцияны ооздуктайт деп эсептейт. Премьер-министр Матеуш Моравецкий өз өкмөтү жүргүзүп жаткан сот реформасын 4-июлда cүйлөгөн сөзүндө дагы бир жолу коргоду:

- Европа Биримдигиндеги ар бир өлкө өзүнүн салт-адаттарына ылайыктап, укуктук системасын реформалоого укугу бар.

Польшанын өкмөтү буга чейин да Европа комиссиясынын чечимин "саясий негиздеги иш" деп атаган. Евробиримдиктин аткаруучу органы болгон Еврокомиссия Польшанын сот реформасы, анын ичинде сотторду дайындоонун жолдору мыйзам үстөмдүгү жана демократия үчүн коркунуч туудурат деп эсептейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG