Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясынын президенттигинен кетти


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясынын президенттигинен өз ыктыяры менен кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган федерациянын президенттигинине жаңыдан шайланган, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Саматов билдирди. Анын айтымында, Илмиянов ден соолугуна жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу федерация жетекчилигинен кетүү боюнча арыз жазган. Бул арыз федерация мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынында канааттандырылып, анын ордуна Саматов шайланган.

Көкбөрү федерациясын Икрамжан Илмиянов былтыр апрелден бери жетектеп жаткан. Ал бул кызматка төрт жылдык мөөнөткө шайланган.

Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

Анын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып келет. Айрым маалымат каражаттары Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адам экенин, түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын ишине кийлигишкенин жазышкан. Өзү мындай дооматтарды четке кагып жүрөт.

Ал өткөн айларда өлкөдөн чыгып кеткени айтылган, акыркы ирет Орусияда экени кабарланган.

Кыргызстанда Көкбөрү федерациясы 1998-жылы негизделген. Федерация улуттук оюн боюнча өлкөдө мелдештерди уюштуруп келет. Илмияновго чейин бул коомдук уюмду Канатбек Исаев, Болот Шер, Аскар Салымбеков сыяктуу саясатчылар, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жетектеген. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG