Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Абакта Мелис Аспеков токмоктолду


Мелис Аспеков Бишкектеги №1 тергөө абагында акыйкатчы жана депутаттар менен жолугушууда, 21-июнь, 2018-жыл.
Мелис Аспеков Бишкектеги №1 тергөө абагында акыйкатчы жана депутаттар менен жолугушууда, 21-июнь, 2018-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №31 түрмөдө "Мекенчил" партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспековдун сабалганын териштирип жатат.

Бир апта мурун ал УКМКнын тергөө абагында жатканда да коркутууга, басым-кысымга туш болгону тууралуу маалымат чыккан.

Аспеков былтыр күзүндө Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" партиясынын депутаты Канатбек Исаевдин кылмыш ишинин негизинде камакка алынган жана ага да "калайман башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган.

ЖАМКтын маалыматы боюнча, Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №31 түрмөдөгү окуя 28-июнда кечки саат 10дон өткөндө болгон. Мелис Аспеков шериги экөө отурган камерага башка эки соттолуучу кирип келип кол көтөргөн.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова бул окуя боюнча ички иликтөө жүрүп жатканын маалымдады:

- Бул окуядан кийин Аспековду анын коопсуздугу үчүн өзүнчө камерага камап койдук. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Мекеменин ичиндеги кылмышты биздин тергөө башкармалыгыбыз тергейт. Кылмыш кылгандар жазаланат. Азыр эми дагы мөөнөт кошулабы же кандай болоорун азырынча айта албайбыз.

Кыйноого каршы боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов 29-июнда Мелис Аспековдон кабар алып чыкты. Анын айтымында, Аспековдун түрмө жетекчилерине дооматы жок, болгону жатак абакка которууну суранып жатат:

Нурдин Сулайманов.
Нурдин Сулайманов.

- Ал өзү менен кошо дагы бир адамга эки соттолуучу кол салганын айтты.Чындыгында эле мушташ болуп кеткен го дейм? Саламаттыгы жакшы эле экен. Ийин жагы бир аз көгөрүп калыптыр. Акырек тарабы бир аз тытылып калыптыр. Башы, кулактары шишиптир. Өзү менен сүйлөшсөм "мекеменин жетекчилиги тууралуу эч кандай арыз-муңум жок" деди. Ал тергөө абагына өткөн алтынчы күнү которулган. "Кандайдыр арыз-муңуң барбы, даттанасыңбы?" десем: "Жок, булардын мамилеси жакшы, болгону түшүнбөстүк болду" деп баш тартты. Болгону мөөнөтү келип калганына байланыштуу жатак абакка которулушуна көмөктөшүп коюшумду өтүнүп, менин атыма арыз жазды.

Абакта Мелис Аспеков менен анын жанындагы шеригине кол салуу болгонун алгач Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов айтып чыккан. Турдукуловдун баамында, Аспековдун окуясы кимдир-бирөөлөргө белги болушу мүмкүн. Ал Аспековдун өмүрү коркунучта деп эсептейт:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Өзү "колониядагы абал жеңилирээк" деп бул жакка которулганына сүйүнүп аткан. Ошондуктан кечээги окуя бизге да, өзүнө да күтүүсүз болду. Аны ур-токмокко алып, кол салган күнү Канатбек Исаевге бир иши боюнча "күнөөлүү эмес" деп сот чечим чыгарган. Канатбек Исаев менен Мелис Аспеков экөө бир кылмыш иши боюнча айыпталып жатат. Балким Аспековго эле эмес, Өмүрбек Бабановго, Канатбек Исаевге карата бир белги деп кабыл алса да болот деген ойдомун. Аспековдун соттун биринчи, экинчи инстанцияларында да "бул толугу менен саясий өңүттөгү иш, саясий куугунтуктун жыйынтыгы" деп айтып келген болчу. Кечээ бул маалыматты биз айтып чыкпаганда акыры таптакыр башкача да бүтүшү мүмкүн болчу. Мелис Аспековдун тагдырына да, өмүрүнө да коркунуч бар экенин баарыбыз көрүп жатабыз.

Буга чейин Мелис Аспековдун “Канатбек Исаевге каршы көрсөтмө бер" деп УКМКнын кызматкери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутканын айтканын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Парламент депутаттары бул маалыматтын чын-бышыгын такташ үчүн өткөн аптанын соңунда Мелис Аспековго жолукканы барганда ал УКМКнын тергөө абагында коркутуу болгонун ырастаганын билдиришкен.​

Мелис Аспеков Бишкектеги №1 тергөө абагында акыйкатчы жана депутаттар менен жолугушууда, 21-июнь, 2018-жыл.
Мелис Аспеков Бишкектеги №1 тергөө абагында акыйкатчы жана депутаттар менен жолугушууда, 21-июнь, 2018-жыл.

Аспеков менен көзмө-көз жолуккан парламент депутаты Кенжебек Бокоев "Азаттык" менен маегинде мындай деген:

- Биз бул маалыматтын чын-бышыгын тактоо үчүн Мелис Аспековго жолуктук. Ал УКМКнын тергөө абагында коркутуу болгонун танган жок. Албетте, биз анын айтканын иликтейбиз. Криминалга УКМКнын ичине кирип, кысым жасаганга ким жардам берди деген суроо жаралат. Бул ошол кезде мекемени жетектеп турган Абдил Сегизбаевге көө жаба турган иш. Аспековдун айтканы боюнча комиссия түзүлгөн. Эми комитетте отурум кылып, талкуулайбыз. УКМКнын имаратынын ичине криминал кантип ээн-эркин кирип, айыпталуучуну коркутуп-үркүтүүгө алган маселе сөзсүз козголушу керек.​

Мелис Аспеков былтыр күзүндө президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу камакка алынган. Анын алдында "Аспековдун сүйлөшүүсү" деп тымызын жаздырылып алынган аудио тасмалар жарыяланган.

УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыкка даярдык көрүү"), 27-295-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча айып таккан. Сот анын бир жыл, жети айга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган. Өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев былтыр 30-сентябрда камакка алынган. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.

Атайын кызмат Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезинде коррупцияга жол берген деген айып менен кылмыш ишин былтыр май айында козголгон. Исаев анда өзүнүн актыгын далилдей турганын айткан. Бишкек шаардык соту 28-июнда "мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу" деген жүйө менен бул кылмыш ишин кыскартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG