Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Бокоев: УКМКга криминалдын киргенин териштиребиз


Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан саясатчылардын кайрылуусу боюнча парламенттин тиешелүү комитетинде маселе көтөрүлөт.

Бул тууралуу камалган саясатчылар менен жолугуп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Азаттык”: Кенжебек мырза, сиз УКМКнын тергөө абагында жаткан саясатчылардан кабар алып чыктыңыз. Алардын учурдагы абалы кандай экен?

Бокоев: Депутаттар, акыйкатчы жана Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү менен УКМКнын тергөө абагына кирип чыктык.

Буга чейин Мелис Аспеков аттуу активист “Канат Исаевге каршы көрсөтмө бер" деп УКМКнын кызматкери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутканын ЖМКга айткан.

Биз бул маалыматтын чын-бышыгын тактоо үчүн Мелис Аспековго жолуктук. Ал УКМКнын тергөө абагында коркутуу болгонун танган жок.

Албетте, биз анын айтканын иликтейбиз. Криминалга УКМКнын ичине кирип, кысым жасаганга ким жардам берди деген суроо жаралат. Бул ошол кезде мекемени жетектеп турган Абдил Сегизбаевге көө жаба турган иш.

Биз тергөө абагына киргенде камалган саясатчыларга да жолуктук. Алардын шарттарын көрүп чыктык. Мисалы, Канат Исаев тергөө жүрүшүндө жалпы көрсөтмө менен эле ага коюлган ар бир күнөө сотко такталбай өтүп жатканын маалымдады.

“Азаттык”: УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Осмонбек Артыкбаевдин, Айбек Калиевдин саламаттыгы начарлаганын адвокаттары айтып чыкты эле. Бирок атайын кызмат мындай маалыматты төгүндөгөн. Алардын абалы кандай экен?

Бокоев: Биз Осмонбек Артыкбаевге жолуктук, анын астма оорусу кармап жаткан экен. Айрыкча, камерадагылар тамеки чеккенде аба жетпей кыйналып жатканын айтты. Ал "жаш курагымды, үч жолу парламенттин депутаты болгонумду эске алып, үй камагында кармашса болот эле" деген ниетин билдирди. Президентке да бул боюнча кайрылганы жаткан экен. Тергөө менен иштешип жатыптыр, "эч жакка качмак эмесмин" деди.

Биз жолугуп чыккан саясатчылардын көпчүлүгү мурда мамлекеттик кызматты аркалаган. Мисалы, Осмонбек Артыкбаев үч жолу депутат болгон, Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттү жетектешти. Канат Исаев болсо партия лидери. Алар кайда качмак эле? Тескерисинче, ар бири өзүнүн күнөөсүз экенин далилдейбиз деп жатышат.

Эмне үчүн соттор күрөө төлөтүп, үй камагына чыгаруу жагын эске албайт? Эмне үчүн баарын эле түрмөгө камай берет деген сөздөр айтылды.

“Азаттык”: Тергөө абагына кирип чыккан соң ал жактагы даттануулар парламентте каралабы? Маселен, Мелис Аспековдун тергөө абагында коркутууга кабылганы тууралуу талкуу болобу?

Камалган саясатчы боштондукка чыкса, ал кайра эле саясатка келет. Кокус алар кылмыш тобу менен кызматташып кетсе эмне болот деген коркунуч бар.

Бокоев: Мелис Аспековдун айтканы боюнча комиссия түзүлгөн. Эми комитетте отурум кылып, талкуулайбыз. УКМКнын имаратынын ичине криминал кантип ээн-эркин кирип, айыпталуучуну коркутуп-үркүтүүгө алган маселе сөзсүз козголушу керек.

Экинчиден, тергөө абагында жаткан башка саясатчылар аркылуу криминалдын таасири күчөбөйбү деген суроо жаралат.

Камалган саясатчы боштондукка чыкса, ал кайра эле саясатка келет. Кокус алар кылмыш тобу менен кызматташып кетсе эмне болот деген коркунуч бар. Ошол себептүү, мен атайын мыйзам долбоорун киргиздим. Анда саясатчы кандайдыр бир оор кылмыш менен соттолсо, аны президенттик же парламенттик шайлоого катыштырбай коюу жагы каралган.

Анткени бир нече жыл темир тор артында отурган киши айла жоктон деле кримчөйрөгө аралашып, алардын сөзүн сүйлөп калышы ыктымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG