Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:59

Аткаминерлердин абакта козголгон дарты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламентте Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу камакка алынган мурдагы мамлекеттик жетекчилердин саламаттыгы начарлап жатканы айтылып, алардын абалынан кабар алуу демилгеси көтөрүлдү.

Буга чейин "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин ден соолугу начарлаганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк камактагы депутат Осмонбек Артыкбаевдин абалы оорлогону кабарланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны четке какты.

ЖЭБ чыры боюнча камалгандардын баары УКМКнын тергөө абагында отурушат. Алардын айрымдары менен депутаттар жана Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү таанышып чыкканы белгилүү болду.

Шейшемби күнү Айбек Калиевдин ден соолугу начарлап кеткени жөнүндө маалымат тарады.

Калиевдин өнөкөт оорулары козголгонун анын адвокаты Бактыбек Жумашев "Азаттыкка" билдирди:

- Айбек Калиевде бул окуялар башталганга чейин эле бөйрөк, ашказан оорусу бар экен. Аны ооруканада дарыланып жаткан жеринен камакка алышты да. Толук дарыланып бүтө элек болчу. УКМКнын тергөө абагында бөйрөгүнүн оорусу кармап, ошол жердин санитардык бөлүмүндө дарыланды.

Айбек Калиев "Улуттук энергохолдингден" кеткенден кийин эле ооруканага жатып, 18-апрелде ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынган. Анын ден соолугу тууралуу адвокаттын билдирүүсүнөн кийин Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү УКМКнын тергөө абагына кирип, Калиев менен жолугушуп чыгышкан. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Калиев өзүн жакшы сезип жатканын маалымдаган:

- Эки кызматкер барып, Калиев менен сүйлөшүп келди. Өзүн жакшы сезип, жакшы эле отурат. Болгону бир жума мурда бөйрөк тарабы ооруп, анализ тапшырыптыр. Анализинин жыйынтыктары жакшы эле чыгыптыр. Биздин кызматкерлер тергөө абагынын фельдшери менен да кезигип, Калиев боюнча медициналык документтерди көрүшкөн. Ал да Калиевдин ден соолугу "жакшы эле" деп айтты. Бизге эч кандай арыз түшкөн жок. Калиев боюнча маалымат булактарында кабар чыккандан кийин бардык. Он күн мурда Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев менен жолугуп чыкканбыз. Алардын абалы деле жакшы эле болчу. Сапар Исаковдун келинчеги аны менен жолугушууга жардамдашууну өтүнүп, бизге кайрылган. Биз УКМКга кат жолдогонбуз, Исаковду келинчеги менен кездештиришти.

19-июнда ушул иш боюнча камалгандардын бири Осмонбек Артыкбаевдин да ден соолугу начарлап, УКМКнын тергөө абагына тез жардам чакырылганы кабарланып, атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов бул маалыматты төгүндөдү:

- Бул кабар чындыкка туура келбейт. Осмонбек Артыкбаевге эч кандай "Тез жардам" чакыртылган эмес. Азыр анын абалы туруктуу. Эгер керек болсо медициналык жардам көрсөтөбүз.

Депутаттын саламаттыгын өткөн жумада кирип сурап чыккандардын бири, КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков буларды айтты:

- Каныбек Иманалиев экөөбүз Артыкбаевдин ден соолугун билип чыктык. Анын саламаттыгы боюнча мурда эле маселе бар экен. Негизи кармоо шарты жакшы эле го, бирок камалгандан кийин эски дарты козголуп, маселе жаратып жатыптыр. Биз киргенде кыйналып турганы билинип аткан. Бирок "Тез жардам" тууралуу сөз болгон эмес. Биз өткөн жумада кирип чыктык да.

Ал эми "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин мүчөсү Мирлан Жээнчороев камактагы мурдагы аткаминерлердин саламаттыгы тууралуу маалыматтар "текшерилиши керек" деп эсептейт:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Кээ бир депутаттар абакка кирип чыгып, камактагылардын ден соолугун билүүнү сунуш кылып жатышат. Эгерде алардын туугандарынан, адвокаттарынан кайрылуу түшсө, буга чейин тажрыйба болгон. Садыр Жапаровдун туугандары кайрылгандан кийин биз ага барып келгенбиз. Азыр камактагылар боюнча кайрылгандар жок. Бирок кечээ талкууда маселе көтөрүлдү. Менимче, маселени кызматташтар менен талкуулайбыз. Барып, сурашыбыз керек. Абакта мыйзам баарына бирдей иштөөгө тийиш.

Камактагылардын саламаттыгына көз салып коюу демилгесин айрым депутаттар бир күн мурда парламентте көтөрүп чыгышкан. Кыргызстанда өздөрүнө карата кылмыш иши козголгон, иликтөө жүрө баштаган же кызматтан кетүү коркунучу жаралган убакта аткаминерлердин саламаттыгы начарлап ооруканага жаткан же ден соолугун жүйө келтирип, тергөө, сот жараяндары создуккан учурлар көп кездешет.

Буга "Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыкты кымырып алууга катышы бар" деген негизде сыртынан айыбы угузулган парламенттин дагы бир депутаты Аскарбек Шадиевдин тергөө маалында алгач Москвага "дарыналам" деп кетип, андан ары АКШга өтүп кеткени мисал. Саясат талдоочу Турат Акимовдун баамында, абакта отургандардын "саламаттыгы начарлады" деген негиздердин эки себеби бар:

- Булар кылмыштын запкысын мыйзам чегинде тарткысы келбейт. Ошондуктан биздин мыйзамдар уруксат бергенден кийин "ооруп" кала беришет. Ооруканага жатып алышат. Керек болсо тергөө абагынан оорусун карматат. Кыскасын айтканда, мыйзамга ылайык бардык амалдарга барышат. Артист болушат. Мыйзам боюнча алар "атам өлдү, энем өлдү, бейтапканага жаттым" деген шылтоолор менен качканга укуктуу да. Батукаевди деле "өлгөнү калды" деп чыгарып жиберишпеди беле. Бул мыйзам уруксат берген амалдар. Сот чечими чыга элек, азыр камактагыларды күнөөкөр деп айта албайбыз, алар болгону шектүү адамдар. Тергөө жүрүп жатканда булар жанагыдай "стресстерге" түшө беришет. Бул бир жагы. Экинчи жагынан, психикасы бекем кишилер аз. Булар бийик мансапта жүрүп, камакка түшүп калгандан кийин катуу стресс болуп, оорулары күчөшү да мүмкүн.

Расмий маалыматтарга караганда жабык жайларда камактагылардын саламаттыгын адистер тыкыр көзөмөлдөп турары айтылып келет. Жаза аткаруу тармагына караган тергөө абактарынын дээрлик баарында психолог штаты бар. Бирок УКМКнын тергөө абагында алардын бар-жогу тууралуу так маалымат жок. ​

ЖЭБ.
ЖЭБ.

Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ишкнага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Натыйжада Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Атайын кызмат кылмыш ишине байланыштуу мурдагы он аткаминерди камакка алган. Алардын катарында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, мурдагы энергетика министри, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев бар. Кылмышка шектүү жана күбө катары дагы бир катар саясатчылар сурак берип жатышат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG