Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

ЖЭБ: депкомиссиянын талаштуу тыянагы


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны оңдоого алынган насыянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады.

Корутундуда ЖЭБге алынган насыяны сарамжалсыз пайдаланган жана кырсыкка себепкер болгон жетекчилерге саясий баа берүү маселеси козголот.

Бирок корутундуга айрым депутаттар кол коюудан баш тартты. Алар депутаттык комиссия ЖЭБ боюнча жоопкерчиликтүү жетекчилердин ысымдары ачык айтылбаганына нааразы.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы быйыл январь айында болгон кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген комиссиянын корутундусу толугу менен даяр болду.

Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, үч айдан ашык иш алып барган комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Анда борборду оңдоо учурунда коррупцияга жана өндүрүштүк кырсыкка жол берген жетекчилерге саясий баа берүү талабы коюлат:

Улан Примов.
Улан Примов.

- Биз баарын сезип, көрүп, билип турабыз. Бирок бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Депутаттык комиссия - бул тергөөчү, соттоочу же күнөөкөрдү аныктоочу орган эмес. Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссия - бул саясий орган. Биз жөн гана саясий баа беребиз. Анда биз ЖЭБди оңдоодогу жана авариялык кырдаалга алып келген кемчиликтерди көрсөтүү менен бирге тиешелүү атайын кызматтарга тапшырма берип, кырсыкка себепкер болгон жана модернизациялоодо коррупциялык көрүнүштөргө жол берген жетекчилерди жазага тартууну талап кылабыз.​ Биз ушуну так кесе айтып коюшубуз керек.

Примов кошумчалагандай, иликтөөнүн тыянагына депутаттык комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү кол койгон. Айрым комиссия мүчөлөрү корутунду боюнча кошумча маалыматы бар экенин айтып чыккан.

Андайлардын бири - "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Алмазбек Токторов. Ал комиссиянын акыркы корутундусу менен макул болбой, документке кол коюудан баш тарткан. Депутаттын айтымында, комиссиянын тыянагы ЖЭБдеги кырдаалга айыптуу жетекчилерди актагандай болуп калган:

Алмазбек Токторов.
Алмазбек Токторов.

- Биз документтин ар бир үтүр, чекитин коюп атканда макулдашуу кылганбыз да. Анан карап көрсөм, тыянак кайра жетекчилерди актагандай болуп калыптыр. Ошондуктан мен документке кол койгон жокмун, баш тарттым. Корутундунун "акыркы вариантын бергиле” десем, созуп жүрүп кечээ беришти. Окуп чыктым. Менде корутундуга 7-8 кошумча сунуш-пикир бар болчу, "ошону кошуш керек" дейин десем корутунду чыгып калды. "Ошол мен сунуш кылган өзгөртүүлөрдү киргизели" десем, кайра узарып кетет дагы, “ушул депутат кармап атат” дегендей сөз чыгып кетиши мүмкүн. Эгер ошол сунуштарымды кошушса, мен кол коюп бермекмин.

Токторовдун пикиринде, "айыптуу" дегендердин арасында ТВЕА менен болгон келишимге кол коюлган убактагы премьер-министрдин, ошол кездеги министрлердин аттары жазылбай калган.

Дал ушундай негизде тыянакка кол койбогон депутаттардын бири "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Акылбек Жамангулов болгон. Жамангулов корутундуда өз сунуштары камтылбай калганын "Азаттыкка" билдирди.

Бирок комиссиянын төрагасы Улан Примов депутаттык комиссия өз иликтөөсүн калыс алып барып, эч бир саясатчыга же саясий топко жан тартпаганын белгиледи.

Буга чейин кырсыкка күнөөлүү жетекчилерди аныктоодо комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда талаш болуп жатканы айтылган. Анда айрым депутаттар ЖЭБди модернизациялоодогу кемчилик кетирген жетекчилердин аты-жөнүн ачык жазып, саясий баа берүүнү сунуш кылышкан.

Парламенттик комиссиянын дагы бир мүчөсү, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдун маалыматында, бул ишке айыптуу болгон ошол кездеги жетекчилердин аты-жөнү корутундуда орун алат:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Маалымат каражаттарына депутаттык комиссиядагы пикир келишпестик боюнча жаңылыктар чыгып кетти. Анда кээ бир депутаттар "фамилияларды жазыш керек" деп чыкты, кээ бирлери болсо "ысымдарды көрсөтпөй эле "жогорку бийлик жетекчилери" десек жетиштүү болот" дешти. Анда мен "Атамбаевден баштап жазалы" деп сунуш кылдым. Анткени 2001-жылы сүйлөшүүлөр болгон. Анын эң негизгиси - биз алган маалымат боюнча бул долбоорду ишке ашырууда Алмаз Шаршенович менен Сапар Жумакадыровичтин салымы чоң. Анткени алар президент жана президенттик аппараттын орун басары катары салым кошкон. Жыйынтыкта корутундуда буйрук чыгарган, кол койгон премьер-министр жазылат. Ал эми калган премьерлерди жазуунун кажети жок. Алар кандай роль ойногонун тергөө аныктайт.

Умбеталиев: ЖЭБдеги кырсыкка баары жоопкер

Умбеталиев: ЖЭБге баары жоопкер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00
Түз линк

Негизи кыргыз парламенти ар бир чуулгандуу окуя боюнча депутаттык комиссия түзүп, иликтеп келет. Иликтөө учурунда көптөгөн маалыматтар айтылып, талкуу жаратканы менен алардын корутундусунан майнап чыкканы аз болорун эксперттер айтып жүрүшөт. Ошондуктан Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча парламенттин иликтөөсү мурдагылардын жолоюна түшпөйбү деп чочулагандар бар.

Эксперт Искендер Ормон уулунун айтымында, көпчүлүк учурда комиссиянын иликтөөсү саясий абалга жараша кабыл алынып калып жатат:

Искендер Ормон уулу
Искендер Ормон уулу

- Депутаттык комиссия - жогорку макамы бар түзүм. Үч бийликтин биринин мүчөлөрүнүн иликтөөсүнүн натыйжасында документ кабыл алынышы керек. Бирок бизде саясий абалга, саясий маданияттын деңгээлине жараша бир тараптуу каралоочу же актоочу жыйынтык чыгарган учурлар арбын. Комиссиянын бүтүмү менен коомчулукту канааттандырган же сот чечим чыгарган иш боло элек. Бул комиссиянын жакшы же жаман иштешинен да жалпы саясий маданияттын деңгээлинен кабар берет.

Быйыл кыш чилдеде Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурда борборду оңдоого карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Бул боюнча кылмыш иш козголуп, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев баш болгон бир нече жетекчи камакка алынды. Өткөн аптада болсо мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бул иштин алкагында УКМКга сурак берди.

"Азаттыктын" архиви: ТВЕАнын сыйы

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG