Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:11

Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы авариядан кийин түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоору даяр болду.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкты иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, корутундунун долбоору даярдалып бүттү.

Анда Бишкек ЖЭБиндеги абалга айыптуу аткаминерлердин ысымы аталып, алардын жоопкерчилиги боюнча ишине укуктук баа берүү талап кылынат. Бул тууралуу 3-апрелде комиссиянын жыйынында айтылды.

Жыйынга ЖЭБди оңдогон кытайлык TBEA компаниясы Кытайга алып барып келген депутаттар чакырылган. Бирок алардын ичинен КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев гана келди.

Депутаттык комиссиянын жыйынында TBEA компаниясы Жогорку Кеңештин депутаттарын, энергетика тармагында иштеген аткаминерлерди, адистерди Кытайга эки жолу алып барып келгени маалым болду.

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев экинчи делегациянын курамында болгонун, Кытайга барып келүү өкмөттүн тапшырмасы экенин айтты:

Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

- Атайын делегация менен Үрүмчүгө барганбыз. Ал жерде компаниянын чоң кеңсесинде Директорлор кеңешинин төрагасы баштаган жетекчилер менен жыйын болду, ишканалары менен тааныштык. Компаниянын иштери ар тараптуу экен. Булар өтө чоң көлөмдөгү, он чакты миллиард тоннадай көмүр өндүрөт.

Кытайдын көмүрүнүн 36 пайызы Шинжаңда. Анын көпчүлүгүн ушул компания казат экен. Анан сырткары булар эң чоң трансформаторлорду чыгарат. Андан кийин биз кичинекей райондорун кыдырып, ЖЭБдеринин баарын көрүп чыктык. Гуанчжоу деген шаарына бардык. Ал жактагы заводдорду кыдырдык. Компаниянын жетекчилиги, өкүлдөрү коштоп жүрдү, делегация абдан ыраазы болду.

"Азаттык" Кытайга барып келген, бирок депутаттык комиссиянын 3-апрелдеги жыйынына катышпаган азыркы жана мурдагы депутаттардын айрымдары менен байланышты.

КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев комитет жыйынынан колу бошобой калганын айтты:

- Мен депутаттык комиссиянын төрагасына кайрылгам. Так ошол маалда менин комитетте баяндамам бар болчу. Биздин Кытайга сапарыбыз боюнча эч кандай маселе жок. Комиссиянын корутундусу чыксын, ошондо талкуулайлы.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында КСДП фракциясынын депутаты болгон Токтогул Туманов да Кытайга барып келгени менен бул сапар эсинде жок экенин билдирди.

Кытайга TBEA компаниясынын чакыруусу менен Равшан Жээнбеков депутат болуп турганда барып келген. Ал "бул сапар тууралуу депутаттык комиссияга айта турган сөзүм жок" деп билдирди. Ал депутаттык комиссия объективдүү иликтөө жүргүзөрүнөн күмөн санады:

- Адатта кайсы бир чоң компания келе турган болсо, ал компания ошол өлкөнүн өкүлдөрүн өз каражатына алып барып, иши менен тааныштырып, көрсөтүп келген тажрыйба бар. Мени оппозиция катары өздөрү кошуптур, суранган деле эмесмин. Отун-энергетика комитети "тизмеге коштук, барасыңбы?" дегенде макул дегем. Кеңселерин, өнөр жайын көрдүм. Жыйынтыгында ал тургай мен добуш деле бербептирмин. Мындан башка маалыматым жок, депутаттык комиссия чакырса деле аларга айта турган сөзүм жок. Себеби мен ички нерселерин билбейм да. Сыртынан эле "ушундай дурус компания, көрүп келгиле" дегенде эле көрүп келдик.

Мен депутаттык комиссиянын ишин карап жатам. Комиссия объективдүү, терең изилдөө жүргүзүп, терең чечим кабыл албайт да. Комиссияда отургандардын баары эле бийликтин кишилери. Маанилүү маалымат чыкса, ал маанилүү чечим кабыл алууга түрткү болсо деле аягында бийлик каалаган чечим чыгарылат. Биздин тарыхыбыздын баары эле ушундай.

Эмнеси болсо ЖЭБдеги кырсыкты иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия корутундусунун долбоорун даярдады.

Комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов анда энергетика тармагына жооп берген аткаминерлердин аттары аталарын, алардын жоопкерилигин кароо, укуктук баа берүү да сунуш кылынарын "Азаттыкка" ырастады:

- Биз көчмө жыйын кылып ЖЭБди жеринен көргөнүбүздө ошол стратегиялык объектиде кышка даярдыктын жоктугуна ынанганбыз. Аттишке, видео камераларга байланыштуу маселелердин баары ушул депутаттык комиссиянын ишинин негизинде ачыкка чыгып жатат. Биздин депутаттык комиссия кандайдыр бир деңгээлде ЖЭБге байланыштуу маселелерди коомчулукка жаңы жагдайларды, маалымат жеткирип жатат деген ойдомун. Азыр эми "өз максатына жетти же жеткен жок" деп айтуу эрте. Корутунду чыгарылгандан кийин биздин тиешелүү органдар, аткаруу бийлиги ошого жараша чара көрсө - анда максатына жеткен болот.

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморовдун пикиринде, депутаттык комиссияга ЖЭБди оңдош үчүн алынган 386 миллион доллардын сарпталышын иликтөө оор болду:

- Менин оюмча булардын маселеси аябай эле кыйын болуп жатат го. Булардын алдында кырсыктын себеби жана берилген каражаттын туура сарпталышы боюнча эки маселе коюлду. Биринчи маселесинде кандай болуп, кимди күнөөлөп жатканын билбейм. Жалпысынан муну системалык кризис деп айтсак болот. Каражаттын туура эмес сарпталганынын чекесин чыгарып айтышты. "Ашыкча кетиптир" деп сөз болду. Анткени чыгым өтө эле чоң болуп жатпайбы.

Ал арада ЖЭБге байланыштуу маселе саясатташып да кетти. КСДПнын төрагасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөн жуманын аягында ЖЭБдин кышка даярдык көрүү боюнча иштерин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөнүн айтып чыкты. Бул билдирүүгө байланыштуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен Атамбаевдин орун басары Фарид Ниязов экөө ачык кайым айтышты.

3-апрелде Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды.

УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, "Электр станциялары" ААКынын жана "Улуттук энерго холдинг" ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы") беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыдырбаев менен Бримкулов ушул кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, былтыр аягына чыккан жана 30-августта расмий ишке берилген.

Анда заманбап эки блок курулуп, ЖЭБ 300 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 812 мегаваттка жеткени айтылган. Ишти болсо Бээжин бөлгөн насыяга Кытайдын TBEA компаниясы аткарган.

Бирок быйыл 26-январда болгон өндүрүштүк кырсыктан кийин 386 млн. доллар насыя жумшалган долбоор туура эмес ишке ашканы айтылган.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG