Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:24

ЖЭБдин куну: суроого жооп табыла элек


Бишкек жылуулук борбору

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизация кылууда бир МВттын баасы 1 млн 286 миң долларга айланган.

Кыргызстанда учурда ЖЭБди жаңылоонун баасы, ага жумшалган акчанын суммасы боюнча талаш уланууда. Кубаттуулугу 300 МВтка арткан Жылуулук электр борбору былтыр оңдолуп бүткөн.

КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин пикиринде, эл аралык тажрыйбада 1 МВттын баасы 1,2 млн доллардан 2 млн долларга чейин болот. Ал Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулугунун 300 МВтка көбөйүшүн эң төмөнкү баада жасалды деп эсептейт:

- Бишкек ЖЭБдин 1 МВт​ы 1 млн 286 миң доллардан айланган. Бул эң төмөнкү баа. Анан эми "мынчага курабыз, тигинчеге курабыз" деп айтып жатышпайбы. Техникалык көрсөткүчтөрүнө жараша ар кандай баалар болгон. Кээ бир нерселерди алып же кошуп койсо, ошого жараша ЖЭБдин баасы төмөндөп же көтөрүлөт.

Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Бишкек Жылуулук электр борборун Кытай мамлекетинин насыясына кытайлык TBEA компаниясы модернизация кылган. Анын жалпы суммасы 386 млн доллар деп бааланган.

Энергетика маселелери боюнча эл аралык талдоочу Жаныбек Оморов жумшалган акчага өз баасын берди:

- Эгер биздин тегеректи карап көрсөк, 100 МВт​тын баасы 110-120 млн долларга чейин болуп жатат. Мен модернизация кылбай, жаңы ЖЭБ курса, 300 МВт​тагы кубаттуулуктун баасы 340 млн долларга болмок деп ойлойм. Биздики ошондон кичине кымбатыраак болуп жатат.

26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу Бишкек шаарындагы үйлөргө, социалдык объекттерге бир жумадай жылуулук жетпей калган. Ошондон кийин аны жаңылоого жумшалган акча боюнча суроолор көтөрүлгөн.

Бишкек жылуулук борбору 1961-жылы ишке киргизилген жана башында кубаттуулугу 666 МВт деп эсептелген. Талдоочу Жаныбек Оморов жабдуулары эскиргенине байланыштуу учурда анын кубаттуулугу төмөндөгөн деген ойдо. Кыргыз өкмөтү модернизациядан кийин ЖЭБдин жалпы кубаттуулугу 812 МВтка жетти деп билдирген. Бирок 26-январдагы өндүрүштүк кырсыкка чейин 350 МВттагы кубаттуулукта иштеп жатканы, кырсыктан кийин 154 МВтка чейин кыскартылганы белгилүү болгон.

Ал учурда үйлөрдү жылыткан буу казандардагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөп кеткен.

ЖЭБдеги кырсык боюнча өкмөттө да, Жогорку Кеңеште да комиссия түзүү чечими кабыл алынган.

Парламенттеги депутаттык комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева эл өкүлдөрү ар бир маалыматты текшерүүгө аракет кыларын билдирди:

- Биздин комиссия техникалык себептерден улам ишин кийинки дүйшөмбү баштайт окшойт. Комиссиянын төрагасы ким болот - ушул суроолорду тактайбыз. Себеби бул жумада депутаттар шайлоочулар менен жолугушуу үчүн аймактарга кетишти. Биз бардык маалыматтарды алып, мыкты эксперттерди өзүбүзгө кошуп, алардын маалыматтарын, талдоосун угуп чыгышыбыз керек. Ошондо гана бир жыйынтыкка келе алабыз.

Бишкек жылуулук борбору.
Бишкек жылуулук борбору.

Ал эми Бишкек шаардык ЖЭБиндеги штаттан тышкаркы кырдаалдын жаралыш себептерин аныктоо боюнча өкмөт түзгөн ведомстволор аралык комиссия биринчи жыйынын өткөрдү.

Комиссияга күнөөлүү адамдарга карата белгиленген тартипте чара көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүү, Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 31-январындагы жыйынында депутаттар айткан сунуштарга талдоо жүргүзүү жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG