Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Байсалов: ЖЭБ боюнча жоопкерчиликти Атамбаев алышы керек


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Бишкек жылуулук борборундагы авария үчүн анын директору убактылуу иштен алынды. Премьер-министр Сапар Исаков парламентте сүйлөп жатып "бардык жоопкерчиликти өз мойнума алам" деген. Ушундан улам коомчулукта саясий жоопкерчилик тууралуу маселе көтөрүлүп жатат. Буга байланыштуу коомдук ишмер Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Эдил мырза, ЖЭБдеги кырсык, деги эле энергетика тармагындагы азыркы кризис үчүн саясий жоопкерчиликти ким алышы керек эле? Же баары үчүн жалгыз директор күнөөлүү болуп калабы?

Байсалов: Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү калп болуп чыкты. Анткени ал өзүнүн негизги жетишкендиги катары "энергетикалык көз каранды эместикке жеттик, эч качан мурункудай үшүп-тоңбойбуз" деп айтканын баарыбыз 30-августтагы тасмадан да көрүп турабыз. Негизги саясий жоопкерчилик - мурунку президентибиздин командасында. ЖЭБдеги авария - көзгө көрүнгөн алгачкы эле көйгөй. Болбосо мен медицина же билим берүү тармагындагы маселелерди айткан жокмун. Бишкектиктердин тоңуп калганынын себеби - миллиондогон акча сарпталганына карабай, мештердин эски бойдон талкаланып калганында. Ленинград курчоого алынганда да мындай көрүнүш болгон эмес. Керек болсо согуш учурунда да мештер бүтүн болчу.

“Азаттык”: Премьер-министр Сапар Исаков парламентте сүйлөп жатып, "бардык жоопкерчиликти өз мойнума алам" деди. Бирок айрым депутаттар өкмөттүн кетишин талап кылышты. Бул азыркы кырдаалда канчалык жүйөлүү?

Байсалов: Саясий жоопкерчиликти Атамбаев жана атамбаевчилер алышы керек.​ Азыркыдай ыйгарым укук бир да өкмөткө берилген эмес. Кээ бирөөлөр "жаш өкмөттү иштетпей жатасыңар" дейт. Ким тоскоол болуп жатат? Тескерисинче, толук шарттар түзүлгөн. Сариев менен Сатыбалдиевди мындай кой, Апас Жумагуловдо да мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бардык күч органдары колунда турат. Беш ай өттү, иштебейби? Эгер Жумагуловдун убагында Бишкек тоңуп калса дароо иштен алынмак же өзү эле кетмек. Ооз жүзүндө эле "иштейбиз, кыйратабыз" деп келе жатат. Болбосо Сапар Исаков он жылдан бери 7-кабаттан түшпөй келатат. Кана, кыйратканы? Буга чейинки Атамбаевдин чечимдерин, келишимдерин даярдаган Сапар Исаков болгон да.

Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

“Азаттык”: Ооба, болоору болду. Мындан ары эмне кылыш керек? ЖЭБдеги жагдай кийинкибизге сабак боло алабы?

Байсалов: Сооронбай Жээнбековдун азыркы милдети - элибизди жетектөө. Ал тарыхый жоопкерчилигин аткарышы үчүн кандайдыр убакыт керек. Азыркы өкмөттү Жээнбековдун өкмөтү деп айтууга болбойт. Керек болсо Жогорку Кеңештин же КСДПнын өкмөтү эмес. Айбек Калиев, Новиков кирген өкмөт - мурдагы президент Атамбаевдин өкмөтү. Мунун бардыгы Атамбаевдин калдыктары. Азыркы учурда мурунку президенттин саясий кудуретсиздигине ишенип, жаңы өкмөт курап, жаңы саясий кырдаал түзүлүшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG