Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:00

ЖЭБ: жамаат жетекчисин коргоду


Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кырсыктын себебин иликтеген тергөө аягына чыкканга чейин кызматынан четтетилди.

Бирок ЖЭБдин эмгек жамаатынын айрым өкүлдөрү күнөөнүн баарын кызматынан четтеген жетекчиге жана персоналга оодаруу адилетсиз болорун айтып чыгышты. Алардын айтымында, Нурлан Өмүркул уулу кырсык катталган учурдан тартып жумушчулардын арасында болуп, от казандарынын басымын түшүрүү жөнүндө чечимди жеке өзү кабыл алып, иштеп жаткан персоналдын коопсуздугун камсыз кылган. Алардын айтымында, буу казандарындагы ысык суунун басымын азайтуу менен жарылуу коркунучунун алдын алууга мүмкүн болгон.

"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Узак Кадырбаев Бишкек жылуулук электр борборунун эмгек жамааты менен жолугуп, анда тергөө бүткүчө борбордун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматынан четтетилгенин жарыялады.

Нурлан Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу.

"Апааттын алдын алуу"

Бишкек жылуулук электр борборунун бир катар кызматкерлери Нурлан Өмүркул уулу чоң кырсыктын алдын алууга аракет кылган жагдайларды мисал келтирип, аны бул үчүн жазалоо адилетсиздик болорун айтып чыгышты. Бишкек ЖЭБинин автобазасынын башчысы Сергей Бочко директор буу казандарынын жарылуусунун алдын алганын белгилеп, болбосо анын кесепеттери кейиштүү болмок деген пикирин айтты.

- Кыйчалыш кырдаал маалында биз баарыбыз ошол жакта болчубуз. Кырсыктын себептерин албетте, комиссия аныктайт. Бирок бул жерде белгилеп койчу орчундуу маселе бар. Биздин директор кызматкерлердин арасында дүрбөлөңгө жол берген жок. Андагы жумушчулар дүрбөлөңгө түшүп калганда ал киши кырдаалды өз колуна алды. Азыр бардык текшерүүчүлөр аны күнөөлөп жатышат. Бирок буу казандарындагы ысык суунун деңгээли ашып кетсе анда кырдаал көзөмөлдөн чыгып, чоң жарылуу болушу ыктымал эле. Өтө чоң жарылуудан имараттын дубалдары туш тарапка чачырап, адам курмандыктарына алып келген апаат болушу мүмкүн эле. Ал эми шаар болсо бир нече ай бою эч нерсеси жок калмак.

Буга чейин Башкы прокуратура ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Премьер-министр Сапар Исаков "Электр станциялары" ишканасынын биринчи орун басары Бердибек Боркоев менен Бишкек ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун кызмат орду жөнүндө маселени карап чыгууну тапшырган.

Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Жоопкерчиликти алдын-ала аныктоонун учуру

Парламент депутаты Махабат Мавлянова бул иш боюнча айрым гана жооптуу адамдар кызматынан алынып жатканын айтып, эмненин негизинде ошондой чечим кабыл алынганын парламентте сураган болчу:

- Ал эки жетекчини кайсы негизде кызматтан бошотууга сунуш киргиздиңиз? Ага негиз болчу кандайдыр жагдайлар анык болдубу? Иликтөө азырынча баштала элек да. Анан эмненин негизинде ошондой чара көрүп жатасыздар? Мүмкүн ал жетекчилердин деги эле күнөөсү жоктур? Иликтөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле аларды кызматтан бошотуп жатасыздар. Бул жагдайды дагы караш керек.

Эки жетекчи эмнеге бошотулбашы керек?

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси менен "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басарын кызматынан алуу жөнүндө сунушу алдын-ала божомолдун негизинде киргизилгенин айткан. Исаков ошондой чечим кабыл алууга мажбур болгонун белгилеген эле:

- Бул менин принципиалдуу позициям. Бул эки адам эң биринчи кезекте кызматынан кетиши керек деген негизде сунуш киргиздим. Бишкек ЖЭБинде авария болуп жатса, анан ал борбордун башчысынын кантип күнөөсү болбосун? Мен ошону түшүнбөйм да. Анын себептерин мен алдын-ала божомолдордун негизинде айтып бердим. Биз бул адамдарды жөн эле жумуштан алып коюп, "болду" кылбайбыз. Тергөө иши жана иликтөө мунун баарын орду-ордуна келтирип, баарын тактап чыгышы керек. Иликтөөгө негиз бере турган бир эле мисал. 2-3 ай мурун эскертүү берилсе да насостор өз убагында алмаштырылган эмес.

Жогорку Кеңеш 31-январда ЖЭБдеги аварияны талкуулаган.
Жогорку Кеңеш 31-январда ЖЭБдеги аварияны талкуулаган.

Ал эми Бишкек ЖЭбинин айрым өкүлдөрү андагы кырсык жетекчиге жана эмгек жамаатына көз каранды болбогон жагдайлардан улам келип чыкканын белгилешти. Анткени борбордогу Кытай насыясына оңдолгон жаңы блокту тез арада ишке киргизүүгө тоскоол болгон бир топ маселелер өз учурунда чечилбей калганы айтылды.

Бишкек жылуулук электр борборунун кезмет бөлүмүнүн башчысы Калысбек Жаманкулов ал жагдай тууралуу мындай дейт:

- Кытай блогунун кубаттуулугу 150 Мегаватт. Анын буу казандарын толтуруш үчүн эле 200 тоннадай суу керек. Резервдик бактарга дагы 200 тонна суу керек. Жалпысынан эки блокту толтуруш үчүн эле 800 тоннадай суу керектелет. Тузу алынган суу ылдыйлаганда иштеген буу казандары өчүп калды. Бактардын баарын толтурганча эле бир топ убакыт кетмек. Ошол үчүн биз кичине буу казандарды иштете берүүнү эп көрдүк. Эгер аны иштетип кармап турбасак, сырттагы жылуулук тармагы тоңуп калмак. Биз эң эле аз зыян алып келе турган вариантты тандадык.

Күнөөлүүлөр кутулуп, күнөөсүздөр тутулбайбы?

Мындан тышкары, бир катар эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин иликтөөдө күнөөлүүлөрдү так аныктоо маселесин көтөрүшкөн. Анда борбордун ишин көзөмөлдөгөн жана жаңы блокту ишке берүүнү кечеңдеткендиги үчүн жылуулук электр борборунан тышкары "Электр станциялары" менен "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилеринин жоопкерчилигин бирдей кароо маселеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев башкаруудагы кетирилген кемчиликти таап чыгууну сунуш кылды:

- Бул ишке күнөөлүү адамдар четте калып, кылтыйып отуруп алып, күнөөсүз кызмат адамдары "чабылып" кетиши мүмкүн. Адатта дайыма күнөөсүз кызматкерлер жазаланып калат. Ошол жагын карашыбыз керек. Ким билет, ал жерде мүмкүн эки жаат болгондор бардыр? Бирин-бири көрө албай, бири экинчисине каршы кутум уюштурушу мүмкүн. Ошонун баарын иликтеп, адилет чечим чыгышы керек.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиевдин өз ыктыяры менен кызматтан бошотуу тууралуу арызын кабыл албай койгонун жарыялаган болчу. Премьер-министр калган жетекчилердин жоопкерчилиги иликтөөнүн жыйынтыгы менен аныктала турганын кошумчалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG