Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:27

Кытай карызын оңой менен кечпейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланышкан маселелер кыргыз-кытай инвестициялык алакалары тууралуу көп суроолорду жаратты.

Учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода кызматташтыгынын абалы кандай? Кыргызстан насыя акчаны эмне үчүн Кытайдан гана алууда? Насыянын шарты жеңилби же пайызы төмөнбү? “Бишкек ЖЭБ”, “Датка-Кемин”, “Түндүк-Түштүк автожолу” долбоорлорунда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгонбу?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов, өкмөткө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин төрагасынын орун басары Шумкар Адилбек уулу жана экономист-аналитик Искендер Шаршеев катышты.

“Азаттык”: Шумкар мырза, чет өлкөлөр менен инвестициялык алакалардын алкагынан караганда Кытайдын Кыргызстанга жумшаган инвестицияларынын көлөмү жана динамикасы кандай? Башка өлкөлөр менен салыштырганда канчанчы орунда?

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдан бизге 269 миллион доллар түз инвестиция түшкөн. 2016-жылы 200 миллион доллардын тегерегинде болгон. 2015-жылы мунай иштетүүчү “Жунда” заводунун курулушуна байланыштуу 500 миллион доллар инвестиция келген.
Шумкарбек Адылбек уулу

Шумкарбек Адилбек уулу: Кытай Эл Республикасы - Кыргызстанга түшкөн тикелей инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы үч өлкөнүн бири. Кээ бир жылдары үчүнчү, айрым жылдары экинчи орунда болуп келатат.

Статистикага таянсак 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдан бизге 269 миллион доллар түз инвестиция түшкөн. 2016-жылы 200 миллион доллардын тегерегинде болгон. 2015-жылы мунай иштетүүчү “Жунда” заводунун курулушуна байланыштуу 500 миллион доллар инвестиция келген. Элибиз Кытайдан келип жаткан акча каражаттары насыя менен түз инвестиция түрүндө келип жатканын так ажырата билиш керек, чаташтырбаш керек.

“Азаттык”: Улан мырза, Бишек ЖЭБинин модернизациясы да Кытай насыясынын чоң долбоору эмеспи. Аягы чуулгандуу болуп, сиз төрага болгон депутаттык комиссия иштеп бүтүп калды. Ушул долбоордун негизинен алганда Кыргызстан менен Кытайдын инвестициялык жана насыялык алакаларына кандай баа берет элеңиз?

Улан Примов: Кыргызстан үчүн эң чоң кредитор, ири инвестиция салган өлкө - Кытай мамлекети. Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын тышкы карызынын 42 пайызы Кытайга таандык - биз Кытайга 1 миллиард 700 миллион доллар бересебиз. Алардын көбү транспорттук инфраструктурага жана энергетикага жумшалууда.

Кыргызстандын тышкы карызынын 42 пайызы Кытайга таандык - биз Кытайга 1 миллиард 700 миллион доллар бересебиз. Алардын көбү транспорттук инфраструктурага жана энергетикага жумшалууда.
Улан Примов

Ошол долбоорлордун бири – Бишкек ЖЭБин модернизациялоо байланыштуу депутаттык комиссияда иштеп жатып, биз көп нерсени билдик. Комиссияга мурдагы премьер-министр, министрлерди чакырып сүйлөштүк, комиссиянын корутундусу даяр болуп калды. Биз да: “Эмне үчүн Кытай?” деген суроону көп бердик.

Долбоордун баасы, кызмат көрсөтүү, товар-жабдуулардын баасы, сапат боюнча көп суроо бар. Алардын мыйзамдуулугун ж.б. маселелерди тиешелүү органдар териштиришсин. Жоопкер адамдар кылмыш кылган болсо жазага тартылышы керек.

“Азаттык”: Искендер мырза, акыркы алты жылда Кыргызстан 2 миллиард долларга жакын насыяны Кытайдан гана алыптыр. Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз? "Алардын насыясынын шарты жеңилби, пайызы төмөнбү?" деген суроолор туулат...

Искендер Шаршеев: Кытай насыя берип жатканда пайыздык көрсөткүчтү үч пайызга чейин коет. Башка каржы институттарында бир жарым, эки пайыздын тегерегинде да болот. Демейде, Кытай тарап насыя алып жаткан тараптын көзөмөлүнөн баш тартат. Ошол эле учурда алар насыяны кайтарып алуунун шарттарын, механизмдерин, каражаттарын киргизүүгө умтулушат.

Кытайдын “Эксимбанк” баштаган банктарында каражат алуу жеңил, кыска убакытта эле чечсе болот. Эл аралык башка банктарда насыя алуу Кытайга салыштырмалуу өтө татаал жана узак убакытта беришет. Ошондон улам Кытай Азиянын Лаос, Камбоджа, Вьетнам, Тайланд ж.б. ондогон өлкөлөрүнө, Африканын көп мамлекеттерине жеңил шарттар менен, оңой формада, кыска убакытта абдан көп насыяларды берип жатат. “Эксимбанкында” акча көп.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагынын бир топ жери карызды төлөй албагандыгы үчүн Кытай тарапка өтүүдө. Кытай карызын эч кимге кечкен эмес, акчалай ала албай калса карызын жер же кен байлыктар аркылуу кайтарып алат же концессия аркылуу жеңилдик алууга умтулат.
Искендер Шаршеев

Кытайлар өздөрү берген акчанын кайтарымдуулугунун кепилдигин жакшы чечишкен. Мисалы, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагынын бир топ жери карызды төлөй албагандыгы үчүн Кытай тарапка өтүүдө. Кытай карызын эч кимге кечкен эмес, акчалай ала албай калса карызын жер же кен байлыктар аркылуу кайтарып алат же концессия аркылуу жеңилдик алууга умтулат. "Кытайдын акча берүү саясаты жеңил, жумшак, кайтарып алышы катуу" деп айтылат.

“Азаттык”: Шумкар мырза, акыркы убакта Кыргызстанда кытай инвестициясы менен иштеп жаткан компанияларда жаңжалдар көп чыгууда. Кечээ Тогуз-Тородо кытай ишкерлеринин каражаты менен курулуп жаткан ишкана өрттөлдү. Ушул окуя Кыргызстандын инвестициялык климатына кандай таасирин тийгизди? Кытай тараптын реакциясы кандай болду?

Шумкар Адилбек уулу: Албетте, терс таасирин тийгизди. Кыргызстанда иштеп жаткан кытай ишкерлеринин бирикмеси чукул жыйынга чогулуп, Тогуз-Тородогу кырдаалды талкуулаганы жөнүндө бизге маалымат келип түштү. Башка Кытай компаниялары да агенттикке кайрылып, иштетип жаткан инвестицияларына тынчсызданып жатышат. “Эртең эмне болот?” деген кооптонуу бар...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Кытай карызы үчүн жер сурайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:38 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG