Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Кытай Кыргызстанды карыз "кылтагына" илди


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-12-март)

Глобалдык экономиканы анализдеген Quartz журналы Кытайдан карыз алган сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарып, алар бересесин убагында кайтарбаса кыйын кырдаалга тушугарын эскертти.

Макаланын автору Тим Фернхолц былтыр Шри-Ланка Кытай бийлигине 1 миллиард доллардан ашуун карызын кайтара албай, деңиздеги соода портторун Кытай корпорацияларынын башкаруусуна өткөрүп бергенин, азыркы тапта Африкадагы Жибути да Кытайга карыз болгондуктан, АКШ ээлеп турган базасынан айрылганы жатканын, буга АКШ бийлиги нааразы экенин мисал келтирди. Кытайдын "карыз менен кылтакка илүү дипломатиясына" айрыкча жакыр өлкөлөр кылдат мамиле жасашы керектигин белгиледи.

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

"Глобалдык өнүгүү" аттуу бейөкмөт уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан.

Окумуштуулар ири суммадагы карыз сегиз өлкөнүн экономикасына кандай таасир этерин айтпаганы менен мурда-кийин болгон тажрыйбалардан улам баары бир эртеби же кечпи Кытай карызын доолап, аны төлөтүп алууда эл аралык нормаларга шайкеш иш алып барбасын белгилешет.

Кээде Кытай бийлиги айкөлдүк кылып, карызын кечип койгону менен айрым учурда бересесин төлөй албаган өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салып, инфраструктурасын толук башкарган учурлар да болгон. Ушундан улам Пакистан, Непал өлкөлөрү канчалык азгырыктуу болсо да, Кытай сунуштаган инфраструктуралык ири долбоорлордон баш тартып, башка каржы булактарын издөөгө киришкен.

Экинчи орус аскер базасы курулабы?

The Diplomat журналынын талдоочусу Кэтрин Пуцц Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскерий базасы курулабы деген суроого жооп издеп, өлкөдөгү чет элдик аскер базаларынын таржымалына сереп салган. "11 жылдай Кыргызстан бир эле учурда АКШ менен Орусиянын аскерий күчтөрүн өз өлкөсүнө батырган дүйнөдөгү жалгыз өлкө катары бир топ талаш-тартыштын чордону болуп келген.

2005-2010-жылдагы бийлик алмашуунун негизги себептерине дал ушул базалардан чыккан чатакты да кошсо болот. Акыры талаштар кызып отуруп, АКШнын транзиттик базасы 2014-жылы жабылган.

Канттагы авиабазадагы учкуч. Кыргызстан
Канттагы авиабазадагы учкуч. Кыргызстан

Былтыр жайында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өлкө түштүгүнө орусиялык дагы бир базаны курууну сунуштаган. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жакында эле медиа өкүлдөрү менен жолугуп, Орусия азырынча мындай чечим кабыл ала электигин айтты", - деген Пуцц өлкөдөгү АКШ менен Орусия аскерий күчтөрүнүн жайгашуу жана чыгаруу ыраатына токтолуп, 2017-жылы февралда Владимир Путин: "Кыргыз аскерий күчтөрү өз бутуна туруп, биздин базага муктаждык калбай калды дегенде аскерлерибизди чыгарып кетүүгө даярбыз", - деп айтканын мисал келтирет.

Ал эми ошол эле жылы октябрда өкмөт башчы Сапар Исаков "РИА Новости" агенттигине: "Жеке эле Кыргызстан эмес аймактагы коопсуздук үчүн өлкө түштүгү дагы бир базага муктаж" деп аны Тажикстан менен Ооганстан кесилишкен жерге жакын жайгаштырууну сунуштаган. Эгер Москва экинчи базаны кааласа, Кыргызстан макул болот, бирок Орусия буга ашыккан жок дейт Кэтрин Пуцц.

Көлдүктөрдү сызга отургузган каржы пирамидасы

Eurasinet басылмасы Ысык-Көлдөгү айылдыктарды каржы пирамидасы сызга отургузуп кеткенин кеңири талдады.

Анда казакстандык "Саттылык" аттуу каржы пирамидасы көл кылаасына барганда Боз-Бешик айылынын тургундары төбөсү көккө жете сүйүнгөнүн, айыл элинин акчасын бир заматта көбөйтүп жиберебиз деген "Понзи" системасына дароо эле ондогон айылдыктар жазылганын баяндалат.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Бул системанын тузагына түшкөн 65 жаштагы Кымка Сүйүмбаеванын мисалында эки айда 300 миң сом табасыңар деп, ар бир жазылган адамдан 34 миң сомдон чогултуп алып, куржалак калтырган "Саттылык" аттуу схема менен шугулдангандар азыр да кыргыз айылдарында элди алдап жатканы баяндалат.

Пирамидага азгырылып кирген айылдыктар, мал-жанын сатып, алды чакан банктардан насыя да алып жиберген. Эки айда эле акчага марыйсыңар деген "Саттылыкка" күйүп, карызга белчесинен баткандардын алды эми Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз болушту. Караколдо жана кыштактарда семинар өткөн каржы пирамидасынын үстүнөн Ысык-Көл облусу боюнча эле 300дөй арыз түшкөн. Бирок алар баары бир жазасыз калып, ишмердигин улантышууда деп баяндайт Eurasinet.

19 жыл абакта отурган журналист эркиндикке чыкты

Independent гезити абакта эң узак отурган өзбекстандык журналист боштондукка чыкканын кабарлады.

Ташкенттик журналист Юсуф Ризумурадовго саясий башаламандык уюштурду деген айып коюлуп, ал 1999-жылы камалган. Ал 20 жыл абакта отуруу жазасын алган.

Human Rights Watch уюмунун активисттери Ризумурадовду абакта эң көп отурган дүйнөдөгү биринчи журналист деп аташты. Ал Өзбекстандагы оппозициялык "Эрк" гезитинде иштеген.

Басылманын редактору Мухаммед Бекжанов да камакка алынган. Макалада алар камакта жатканда кыйноого кабылганы айтылат. Мухаммед Бекжанов "милиция башыбызга желим баштык кийгизип, таяк менен аябай катуу сабачу", - деп эскерген. Бекжанов түрмөдөн былтыр чыккан. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден тарта камактагы медиа өкүлдөрү боштондукка чыга баштады. Эл аралык адам укугун коргогон уюмдар Мирзиёев жаңы доорду баштаганы менен миңдеген саясий туткундар дале болсо түрмөдө жатканын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG