Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:59

Дарига Назарбаеванын атасына "каяшасы"


Дарига Назарбаева. 1-март, 2016-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (26-февраль - 5-март).

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликте турган адамдарды "мамлекеттик тилде эркин сүйлөбөйсүңөр" деп зекигенден көп узабай кызы Дарига Назарбаева Казакстанда орус тилинин статусун коргоп чыкты. Бул тууралуу "Eurasianet" аналитикалык басылмасы жазды.

26-февралда өткөн жыйында Нурсултан Назарбаев маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев казакча берилген суроого жооп кайтара албаганы үчүн аны уяткарып, аткаминерлер мамлекеттик тилде эркин сүйлөшү керектигин эскерткен.

1-мартта Казакстан парламентинин Эл аралык мамилелер жана коргонуу комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева өлкөдөгү улут аралык ынтымак үчүн орус тилине маани берүү керектигин айтып: "Эч ким орус тилин тыйган жок. Башкаларды сыйлап, тил маселесинде кызуу кандуулукка алдырбашыбыз керек. Бир да атуул сүйлөгөн тили үчүн кемсинбей, Баш мыйзам уруксат берген тилде бардык мамлекеттик ишмердик толук кандуу ишке ашканы жакшы", - деди.

"Eurasianet" атасы менен кызынын бул кайым айтышы өлкөдөгү мамлекеттик тил көйгөйүн дагы бир жолу ортого салганын, "чала казак" деген түшүнүк учурда курч сындалып, казакча эркин сүйлөй албаган аткаминерлер эл оозунда экенин, ушундан улам Назарбаев тил маселесине кылдат карашы керектигин белгилейт. Казакстанда казак тили мамлекеттик тил макамына ээ, ал эми орус тили улут аралык баарлашуунун тили болуп эсептелет.

Франциядагы уйгурларга көзөмөл күчөдү

Кытай бийлиги чет жактагы уйгур диаспораларын катуу көзөмөлгө алууда. "Foreign Policy" журналы Францияда жашаган уйгурлардын жеке маалыматын, сүрөттөрүн, ал тургай француз жубайлары тууралуу маалыматты Кытай бийлиги суратып жатканын кабарлайт.

Телефон, "WeChat" сыяктуу байланыш булактары аркылуу уйгурлар суракка алынып, алардын Кытайда калган жакындарынан тийиштүү маалыматтар талап кылынууда.

Парижде жашаган, жакында эле Франция жарандыгына өткөн уйгурлардын бири: "Мен эми кытайлык эмесмин, франциялыкмын. Ошентсе да алар Кытайда калган туугандарымды кыйнап жатышат", - деди.

Басылманын кабарчылары бул маселе боюнча эки өлкөнүн элчиликтерине кайрылып, бирок жооп ала алган эмес. Шиңжаңды байырлаган уйгурлар азыр бийликтин өтө катуу көзөмөлүндө. Алардын ДНК маалыматтары чогултулуп, "коопсуз" жана "кооптуу" деген эки топко бөлүнүп, жеке картасы электрондук чип менен жасалып, аларды атайын "кайра окутуу" лагерлерине жиберип "тарбиялоо" иши колго алынган.

Соңку жылдары Кытайдын бир нече шаарында бычак кармаган уйгурлар көчөдөгү элге кол салганы белгилүү. АКШ, Франция, Түркия, Австралия, Египет сыяктуу дүйнөнүн чар тарабында иштеп, окуп жүргөн уйгурларды бийлик Кытайда калган жакындары аркылуу коркутуп, мекенине кайтарууга аракеттенип жатат, деп баяндайт "Foreign Policy".

Үч диниятчы элди ынтымакка чакырууда

"Economist "журналынын соңку санында эң көп окулган макала "Раввий, имам жана пастордун дааваты" деп аталат. Өздөрүн "Амигос" ("Достор") деп атап алгандар 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу кандуу калабадан бери диндер арасындагы толеранттуулукка үндөп келишет.

Жөөттөрдүн дин башчысы раввий Тед Фалкон, имам Жамал Рахман жана христиан пастору Дон Маккензи бири-биринин диний жөрөлгөлөрүн калк арасында аткарып жүрүшөт. Имам пастор менен раввийди намазга жыкса, раввий аларды Шаббат майрамында дуба окутууда. Бул үчөө Американы түрө кыдырып, диндер арасындагы ынтымакты 17 жылдан бери даңазалоодо. Алар Канадага, Жапонияга жана Жакынкы Чыгышка да барышкан.

Алардын тамашалуу, позитивдүү диний чогулуштарына катышкандар көп. Кээде пастор Маккензинин ордуна Дэйв Браун келип калат. "Economist" басылмасы "Ибраим пайгамдардын тукумунан тараган бөлөлөрбүз", - дешип, диниятчылар өз жүрүм-туруму менен курчуган диний кырдаалды жумшартуу жолунда жүрүшкөнүн белгилейт.

Кытайда байлар бийликтен четтетилүүдө

"Financial Times" гезити Кытай парламентинде чириген байлар азая баштаганына сереп салат. "Си Цзинпиндин жемкорлук менен күрөшүү саясаты жемишин берүүдө. Мисалы, 2012-жылдагы Кытай Компартиясынын жыйынына 209 миллиардер катышса, 2017-жылкы курултайга 153 миллиардер келди. Делегаттарды беш жыл сайын Компартиянын жергиликтүү бутактары тандашат.

2002-жылга чейин ишкерлердин бул маанилүү саясий жыйынга катышуусун бийлик колдоп келген. Бирок Си Цзинпиндин байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымды азайтууга багытталган жакырчылыкты жоюу программасына миллиардерлердин жыйынга катышуусу көлөкө түшүрчүдөй.

Быйылкы курултайдын эң бай делегаттары "Tencent" компаниясынын негиздөөчүсү, 47 миллиард долларлык байлыгы бар Пони Ма жана жакында эле атактуу "Daimler" компаниясына өнөктөш болгон Ли Шуфу болот. Алар курултайда маанилүү саясий чечимдер үчүн добуш беришет", - деп жазат "Economist".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG