Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

АКШ окумуштуулары кыргыз диаспорасын мактады


АКШдагы кыргыз жаштары. 2013-жылы тартылган сүрөт
АКШдагы кыргыз жаштары. 2013-жылы тартылган сүрөт

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-11-февраль)

"Өзбек мафиясы бокстун кадырын кетирет"

Бокстун 114 жылдык олимпиада тарыхы коркунучта экенин Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдирди.

Британиялык Independent басылмасында Томас Бахтын Токиодогу 2020-жылы өтө турган олимп оюндарынан бокс чыгып калышы мүмкүн экени, буга AIBA деп аталган дүйнөлүк бокс бирикмесинин башына уюшкан кылмыштуулук, маңзат соодасына шектелген өзбек улутундагы Гафур Рахимовдун келгени себеп болот деп айтканы жарыяланган.

Гафур Рахимов
Гафур Рахимов

Рахимов узаган жумада Дүйнөлүк бокс бирикмесинин конгрессинде жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Бирикмеге мүчө болгон 109 улуттук федерациянын бирөө да аны колдоп добуш берген эмес. Бирикменин мурдагы президенти башкаруудагы каржылык кемчиликтерден улам кызматтан кеткенин The Guardian гезити билдирет.

Томас Бах бул спорттук уюмдун азыркы абалы өтө начар экенин, финансылык каталар, кызытма чырына эми Гафур Рахимовдун башчы катары дайындалышы бир топ түйшүк жаратарын айтты.

АКШ Рахимовду уюшкан кылмыштуулук, эл аралык апийим соодасынын ири фигурасы катары "кара тизмеге" киргизгенин кошумчалайт The Guardian.

Ал эми USA Today гезити АКШ Гафур Рахимовду бир нече ай мурда эле "мыйзамдагы уурулардын" катарына кошуп, чет элдеги бардык банк эсептерин жапканын баяндайт.

Казак сотторун британ лорду жетектейт

Англиянын The Times гезити өлкөнүн сот тармагындагы эң атактуу адамдардын бири Лорд Вулф Казакстандын жаңы коммерциялык сотун жетектей турган сегиз британиялык сот кызматкерине башчы болгонун кабарлады.

Сингапур, Гонконг, Абу Даби жана Катарда каржылык системаны тескеген мындай сот иштеп жатат, Борбор Азияда алгачкы ирет Казакстанда түзүлүп, келечекте региондогу каржылык башкы түйүнгө айлана турган "Астана" эл аралык финансы борбору курулду.

Анын ишмердигин эми коммерциялык соттор көзөмөлгө алат. Лорд Вулф: "Казакстан Кытай, Орусия менен чектеш жайгашкан, жаңы Жибек Жолундагы чоң өлкө. Мындай сот системасы Евразияда биринчи ирет жаралууда", - деди.

Соттордун баары британиялыктар, алар өз өлкөсүнүн тажрыйбасынын негизинде иш алып барат. "Сот жана соттук система толугу менен көз карандысыз болот. Өлкө Баш мыйзамы өзгөрсө да соттор эркин бойдон кала берет", - деген Лорд Вулф Катарда коммерциялык сот системасын курууга активдүү катышкан.

Британиялык соттор казакстандык судьяларды окутуп, коммерциялык, контракттык негизде келип чыккан соттук териштирүүлөрдүн үстүндө иштешет. Жылына беш ирет Казакстанга барып, ишке киришердин алдында казак туусунун алдында ант беришет.

Ким Чен Ындын сырдуу жана сулуу бир тууганы

Newsweek журналы Ким Чен Ындын бир тууганы Ким Ё Чжондун таасири барган сайын артып бара жатканын жазды.

Түштүк Кореядагы Кышкы Олимпиаданын ачылышынан кабар берген бардык телеканалдар пхеньяндык делегациянын башчысы, жылдыздуу жаш саясатчы айымды тынбай көргөзүп жатышты.

Ким Ё Чжон
Ким Ё Чжон

2011-жылы атасынан бийликти мурастап калгандан бери Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын гана өлкөдөгү бийлиги күчтүү адам катары таанымал эле. Бирок былтыр октябрдан бери ал карындашы Ким Ё Чжонду маанилүү иш-чараларга жиберип, коомчулукка чыгара баштады.

30 жаштагы Ким Ё үй-бүлөнүн кенжеси, анын энеси Жапонияда төрөлгөн түндүк кореялык балерина болгон. Швейцариядагы менчик мектепте окуган. 2007-жылы Кореянын Эмгекчилдер партиясына мүчө болгон. Буга чейин ал агасынын көлөкөсүндө гана калып, коомдук иш-чаралардан өзүн оолак кармаган.

Ким Чен Ын өз жакындары бийликти тартып аларынан коркуп, 2013-жылы аталаш агасы Янг Сонг Тхекти өлүм жазасына тарткандан кийин, диктатор лидердин бир туугандары андан жаа бою качкан.

Гарвард университетинин корей таануучусу Жон Парк пхеньяндык жаш саясатчы айым Ким Ё Чжондун дипломатиялык ийгиликтүү дебютун анын жаштыгы, сулуулугу, элди өзүнө тарта билгени менен байланыштырат. Ошондой эле бул Ким Чен Ын карындашын Пхёнчхаңдагы олимпида тобунун башына дайындоо менен эң туура чечим чыгарганын айтты.

Ким Ёнун саясаттагы салмагы арткан сайын Түндүк Кореядагы башкаруу жаңыланышы мүмкүн деген үмүт артып баратканын белгилейт Newsweek.

Чакан бирок күчтүү кыргыз диаспорасы

Eurasianet басылмасы АКШдагы кыргыз диаспорасынын ишмердүүлүгү тууралуу макала жарыялады.

АКШдагы кыргыз диаспорасы
АКШдагы кыргыз диаспорасы

Кыргыздардын бирикмесин Кошмо Штаттарындагы өтө чакан, бирок абдан активдүү десек болот. Кыргызстандан келгендердин көбү Чикаго менен Нью-Йоркту байырлап калган.

Чикагодогу кыргыздарды жетектеген Уланбек Азимбаев балдар үчүн кыргыз тил курстары, жаңы келгендерге ишке орношуу жаатында тренингдер өтүп, компьютер сабактары уюштуруларын айткан.

Ал эми пианист Азамат Сыдыков кыргыз коомчулугундагы биримдикти маданий байланыштар аркылуу өнүктүрүүнү көздөйт. Колумбия университетиндеги Харриман институту АКШдагы кыргыз диаспорасы тууралуу атайын тегерек үстөл уюштурган.

Окумуштуулар АКШдагы башка улуттук бирикмелерге салыштырмалуу кыргыздар абдан аз санда болсо да маданий өзгөчөлүгү менен көптөрдүн көңүлүн жылытарын белгилешти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG