Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Мелания Трамптын "тымызын радикализми"


АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен.
АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (22-29-январь)

Казак эркектерине каяша айткан "Уятмен"

Казакстанда аялдардын баскан-турганын, кыял-жоругун аңдыган эркектерди шылдыңдаган "Уятмен" аттуу карикатуралык каарман эки жылдан бери таанымал болуп жатканын Eurasianet басылмасы жазды.

"Уятмен" социалдык медиада кыз-келиндерге асылган ээнбаштарды сындаган видео постторду жайгаштырып келет.

Акыркы учурда Казакстанда аялдардын моралдык бейнеси катуу талкууга түштү.

Социалдык медианын жылдызы, 22 жаштагы Айжан Байзакова түнкү клубда акчалай байге сайып, кыздарды жылаңачтандырган оюн уюштурганы интернетке чыгып кеткенден кийин үч күнгө камалган.

"Уятмен" тууралуу макала
"Уятмен" тууралуу макала

Каарданган эркектер аялзатынын ар-намысын коргоо керектигин айтып, видео кайрылууларды жасаган.

Жаңы жыл алдында алматылык бир нече жигит Байзакованын видеосу тартылган "Заков" клубунун алдына акцияга чыгышкан.

Үч күндөн кийин Байзакова камактан бошотулуп, мурда иштеткен дүкөнүн жапкан.

"Уятмен" карикатурасын жараткан Мурат Дилманов анын каармандары аялдарга агрессиялуу мамилени шылдыңдап, эркиндикти чектөөнү айыптап жатканын айтат.

Казакстанда азырынча "уяткарууга" аялдар гана кабылууда.

Коомдук чектөөгө каршы чыккан дагы алматылык догдур Асел Баяндарова да Фейсбукка купальникчен сүрөтүн жарыялап, казак аялдарын эркин жашоого үндөгөн. Баяндарова социалдык медианын активдүү колдонуучусу катары бардык кыз-келиндерди каалагандай кийинип, өз оюн эркин айтууга чакырып келет.

Мындай көрүнүштөрдү талдаган активисттер коомдогу моралдык жагдай бузулганын, маселен, Казакстанда ымыркайын таштап кеткен аялга караганда турмушка чыкпай балалуу болгон аял көбүрөөк басымга кабыларын айтышат.

Рамзан Кадыров өзүнө таандык соцжеле ачат

New Yorker басылмасы социалдык медианы жеке кадыр-баркын арттыруу үчүн колдонуп келген Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго Фейсбук менен Инстаграмга кирүүгө тыюу салынганын жазды.

Өзүнө душман деп эсептегендерге агрессивдүү, опузалаган постторду жазганы үчүн Инстаграм Кадыровдун жеке баракчасын декабрь айында жапкан.

Рамзан Кадыров Орусиянын федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен селфи кылууда.
Рамзан Кадыров Орусиянын федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен селфи кылууда.

12 жылдан бери Чеченстанды бийлеген Кадыровдун режимине каяша айткандар дайынсыз жоголуп же киши колдуу болууда. Айрыкча акыркы мезгилде кумсаларга жасалган жырткычтык мамиледен улам Кадыровдун бийлиги эл аралык укук коргоочу уюмдардын сынына кабылды.

Вашингтондун санкциясына илинген беш орусиялык саясатчынын арасында Кадыров да бар. Бул тизме чыккандан эки күн өтпөй анын Фейсбук, Инстаграм баракчалары көздөн кайым болду. Макаланын автору Маша Гессен бир нече ирет Фейсбуктан бул боюнча расмий түшүндүрмө талап кылып, бирок жооп алган эмес.

Орусиянын интернетти көзөмөлдөгөн агенттиги Кадыровдун баракчасы эмнеге ачылбай жатканын сураган кат жибергени менен ал да жоопсуз калган.

New Yorker чечен лидери чектөөлөрдү таназарга албасын, Чеченстанда өзүнө гана таандык жаңы социалдык желе ачарын жарыялаганын жазды.

Монгол аялдар топоз сүтүнөн косметика жасашты

Жапониянын Asia Nikkei журналы Монголияда аялдар биригип, топоздун сүтүнөн, кой-эчкинин майынан табигый косметика жасап, Тайвань, Түштүк Корея, Гонконг, Сингапур жана Белгияга сатып жатканын кабарлайт.

"Lhamour" компаниясы 2014-жылы жергиликтүү аялдардан түптөлгөн. Алар топоздун сүтүнөн бальзам, кол кремдерин, самындын түрүн өндүрүшөт. Бул бизнес 2017-жылы 450 миң доллар киреше алып келген.

Куйрук майда протеин, витамин көп болгондуктан, монгол көчмөндөрү илгери аны балдарга упчу ордуна сордурушчу. Азыр бул майдан аталган ишкана косметикалык заттарды чыгарууда. Бирок бул тармакты өнүктүрүү үчүн илимий тажрыйба зарылдыгын, заманбап лабораторияларды куруу учурдун талабы экенин өндүрүш ээлери белгилешүүдө.

"Монголияда табигый таза заттар абдан көп. Жеке эле сүт, эт азыктары эмес, өсүмдүктөр да толук изилденип бүтө элек", - дейт компаниянын өкүлү Даваа Мункдорж.

Мелания Трамптын үнсүз каршылыгы

New York Times гезити Дональд Трамптын АКШ президенттигине шайлануусунун бир жылдыгында анын жубайы Мелания Трамптын күйөөсүнө карата мамилесин "тымызын радикализм" деп сыпаттады.

АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен.
АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен.

Бул макала окурмандар арасында кызуу талкуу жаратты. Макаланын автору Кейт Брауэр: "Балким Мелания мурдагы президенттердин аялдарындай дымактуу, прогрессивдүү эмес. Ошентсе да ал "өлкөнүн биринчи айымы күйөөсүнө жан дили менен берилиши керек" деген көз карашты бузганы калды. Буга анын жеке себептери бар.

Дональд Трамптын басынткан мамилесине көз жуумп, жада калса анын "төрөттөн кийин арыкта деп бир ай эле убакыт бердим" деген коомдук билдирүүсүнө да чыдап келген. Бирок күйөөсү эң жогорку кызматка киришкенден кийин беш ай бою Ак үйгө көчүп барбай койду. Муну менен ал үнсүз каршылыгын көрсөттү. Трамптын аялы АКШ коомунда "биринчи айымдарга" калыптанып калган "күйөөсүн чексиз сүйүп, ага берилүү" сыяктуу салттуу жүрүм-турумду жок кылышы толук ыктымал", - деп жазды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG