Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

HRW: Чеченстанда кумсалар кыйноого кабылган


Чеченстандагы кумсаларга каршы куугунтукту токтотууга чакырган Париждеги акция, 20-апрель 2017-жыл.
Чеченстандагы кумсаларга каршы куугунтукту токтотууга чакырган Париждеги акция, 20-апрель 2017-жыл.

"Хьюман Райтс Уотч" Чеченстандын тартип коргоо органдары кумсаларды куугунтуктап, кыйноого алганы ырасталганын билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча, чечен бийлигинин буйругу менен ишке ашкан кумсаларга каршы өнөктүк 2017-жылдын февралынан апрелине чейин уланган.

"Хьюман Райтс Уотчтун" 26-майда жарыяланган 29 беттен турган баяндамасында Чеченстандагы кумсаларга каршы өнөктүктө чечен парламентинин спикери Магомед Даудов негизги ролду ойногонун белгиледи.

Уюм маектешкен жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү кыйноо маалында полиция кызматкерлеринин оозунан Даудовдун ысымын көбүрөөк угушкан.

Үч жабырлануучу олуттуу укук бузуулар орун алган баш калаа Грозныйдагы жана Аргун шаарындагы бейрасмий камак жайларына парламент спикери өзү келгенине күбө болушкан.

Чеченстандагы окуяларды иликтөө талабы менен Москвада акция чыккандар
Чеченстандагы окуяларды иликтөө талабы менен Москвада акция чыккандар

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Москвадагы изилдөөчүсү Юлия Горбунованын айтымында, сексуалдык азчылыктарды куугунтуктоо февраль айынын акырында дал ушул Аргун шаарында башталган.

"Жабырлануучуларды мыйзамсыз камак жайларына алып барышкан. Ал жакта аларды сабашкан, электр тогу менен кыйнашкан. Кыйноо аркылуу башка кумсалар тууралуу маалымат берүүгө мажбурлашкан. Натыйжада кармалган кумсалардын саны көбөйүп, болжол менен жүзгө жеткен. Алардын айрымдары дайынсыз жоголгон. Калгандары бир азга камакта кармалгандан кийин туугандарына жөнөтүлгөн. Алардын үй-бүлөлөрүн гомосексуал тууганы үчүн уяткарышкан. Чечен бийлиги үй-бүлө мүчөлөрүн намыс үчүн мындай тууганынын көзүн тазалоого шыктандырган".

Уюм билдиргендей, чечен бийлиги кармалгандардын телефондордун текшерип, алар аркылуу да башка кумсаларды аныкташкан. "Алгач төртөөбүз камакта турганбыз, анын бир нече күндүн ичинде 20 киши болдук",-деп билдирген жабырлануучулардын бири. "Хьюман Райтс Уотчтун" маалыматы боюнча, камак жайларында айрым кумсалар көз жумган жана дале эркиндикке чыга албай жаткандары бар. Чечен бийлиги жана парламент спикери уюмдун соңку баяндамасына жооп кайтара элек.

Орус президенти Владимир Путин жана чечен лидери Рамзан Кадыров
Орус президенти Владимир Путин жана чечен лидери Рамзан Кадыров

Кумсалар куугунтукталып жатканы тууралуу алгач Орусиянын "Новая газета" басылмасы апрель айында кабарлап чыккан. Гезиттин маалыматында кумса деп кармалгандар арасында дин кызматкерлери жана эки теле алып баруучу да бар деп айтылган.

Бул кабардан көп өтпөй жабырлануучулар башка маалымат каражаттарына өз окуяларын айтып бере башташкан. "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Москвадагы изилдөөчүсү Юлия Горбунова чечен бийлиги бул маалыматтарды чыгаргандарга да басым көрсөткөнүн айтат:

"Чеченстандын жетекчилиги федералдык иликтөөлөргө даярдыгын билдирген. Бирок өлкөдө кумсалар бар экенин кескин түрдө четке кагып келет. Алар бул маселени көтөргөнү үчүн журналисттерди жана укук коргоочуларды бир нече ирет коркутушкан".

Соңку он жылдан ашык убакыттан бери Рамзан Кадыровдун башкаруусундагы Чеченстандан келген мындай кабарлар Евробиримдиктин жана АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн сынына кабылып, окуяны иликтөө чакырыктарына жол ачкан. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Чеченстандагы кумсаларга тилектештик иретинде нааразылык акциялары өткөн.

Чеченстандагы куугунтуктан улам Москвага качкан чечен кумсалары, 18-апрель 2017-жыл.
Чеченстандагы куугунтуктан улам Москвага качкан чечен кумсалары, 18-апрель 2017-жыл.

Эл аралык басым күчөгөндүктөн орус президенти Владимир Путин бул маселени күч органдары менен талкуулай турганын айдын башында билдирген.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бир ай мурда мындай кабарларды саясий максатта колдонбоого чакырган:

"Биз бул дооматтарды ырастаган акыркы маалыматты көрө элекпиз. Буга карабастан, кайра белгилеп коёюн, биз үчүн ар бир укук бузуу тынчсыздануу жаратат. Бул дооматтар саясий максатта колдонулбастан, факт менен бекемделиши керек. Европа өлкөлөрүндө орус факторун ички саясий максаттар үчүн колдонуу мода болуп калды".

Эми "Хьюман Райтс Уотч" уюму кумсалар куугунтукталып, киши колдуу болгонун жабырлануучулардын өздөрү ырастаганын билдирип, Кремлди тыкыр иликтөөдөн кийин күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырууда.

Ошол эле учурда дүйнө өлкөлөрүн Москвага басым көргөзүп, иликтөөнүн жүрүшүнө байкоо салууга жана жабырлануучуларга баш калка берүүгө үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG