Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Азамат: кумсалыкты дарылоого болбойт


Иллюстрация
Иллюстрация

Сексуалдык ориентациясы башкача уул-кызга кыргыз коомундагы ата-эне, жакындарынын мамилеси кандай? ЛГБТ – статусун алып жүргөн Азаматтын (ат өзгөртүлдү) окуясы менен буга жооп издейбиз.

Азаматтын "башкача" экени ал он алты жашка чыкканда белгилүү болгон. Жашыруун телефон сүйлөшүү ата-энесине угулуп калгандан кийин өспүрүм чындыкты айтууга мажбур болгон. Күтүүсүз кабарга нес болгон энеси баласынын жан сырына ишенгиси келген эмес. Атүгүл ага жин кирди деп дин жолуна салууга да аракет кылган.

Үй-бүлө

"Мен бул азаптын баарына эмнеге чыдаганымды билбейм", -деп эскерет Азамат башынан өткөн күндөрүн.

- Мен аларды чыйралткым келди, мында эч жамандык жоктугун айттым. Сексуалдык ориентация мага көз каранды эместигин түшүндүргүм келди, жан кумардын артынан куубаганымды билдирдим, - дейт Азамат.

Өзүнүн ата-энесин Азамат ачык, либералдуу адамдар катары сүрөттөйт. Атасы музыкант, апасы филолог. Жигит үй-бүлөнү дайыма чыгармачыл адамдар курчап турганын эскерет. Ата-эне достору менен көп саякаттап, концерт жана көргөзмөгө барышчу. Бала тарбиялоо ыкмасы да заманбап болгон. Уулунун кайсы гана суроосу болбосун ачык жооп берүүгө аракет кылышкан. Ошол себептүү Азамат сексуалдык ориентациясы үчүн кодуларын күткөн эмес.

- Атам менен апамдын мага байланыштуу үмүтүнө, кыялына чекит коюлду. Алар менин үйлөнүп, неберелүү кылбасымды түшүнүштү. Бул тууралуу алгач билгенде "балабыз жаман чөйрөгө кабылган же бирөө зордуктап койгон" деген ойлор келсе керек. Мен абдан тартиптүү, тилалчаак болчумун. Окуум жакшы болчу, музыканы сүйчүмүн. “Алтын баладан” баары идеалдуу келечек күткөн. Анан эле мен башкача болуп чыга келдим, - дейт Азамат.

Үй

Ошол күндөн тарта Азаматтын жашоосу татаалдашкан. Тынымсыз жеме угуу, уруш-талаш көнүмүшкө айланган. Ызы-чуу күчөгөндө өспүрүм үйдөн качкан да күндөр болуптур.

- Апам менин айыман атам экөөнүн мамилеси муздаганын айта берчү. Азыр ошону бекер кылган деп ойлой берем. Мен апам кейиген сайын өзүмдү күнөөлүү сезип турчумун.

Алгач ата-эне уулунун сексуалдык ориентациясын катаалдык жана көзөмөл менен жеңүүгө аракет кылган. Азаматтын кыбыр эткен кыймылы аңдууда болгон. Мунун айынан өспүрүм жалтактап, корко баштаган.

Айрыкча телефон чалуулар ата-эне үчүн баш ооруга айланган. Баланы “башкачалар” менен байланыштырат деген негизде бул буюмду колдонууга тыюу салынган. Азамат буга жооп иретинде тымызын акча топтоп, башка телефон сатып алган. Анысын жашырынып, түндө эл уктаганда заряддачу.

- Мен тыңчыдай эле жашачумун. Апам кылт эткендин баарын жаздым кетирбей байкап турчу. Кабагы бүркөлгөн сайын алдыда оор сүйлөшүү күтүп турганын билчүмүн. Экөөбүздүн сөзүбүз адегенде мени ызалантуу менен башталып, апамдын ыйы менен аяктачу.

Кандай гана болбосун Азамат чыр-чатактан качууга аракет кылган. Бирок үйдөгү кыйноо токтогон эмес. Төлгөчү, бүбү-бакшыдан тарта психологго чейин сүйрөгөн эне акырында уулун Москвадагы врачтарга дарылатууну айта баштаган. Ал медицина сексуалдык ориентацияны өзгөртөт деп ишенген.

Үч жылдан кийин Азаматтын атасы уулун өзгөртүүгө болбосун түшүнгөн. “Бул сенин жашооң. Эң башкысы апаңды кейитпе. Жоругуңду эл билбесин. Үйлөн, балдарың болсун” деп кеңеш берген. Бул сүйлөшүүдөн кийин Азамат үстүндөгү жүктү алгандай жеңилдеген.

Дин

Атасынан айырмаланып Азаматтын энеси өз пикирин өзгөрткөн эмес. Ушу күнгө чейин бул “жаман адат” менен күрөшүүгө аракет кылып келет. Ал уулунун сексуалдык ориентациясын "бузукулук" деп эсептейт. Соңку кезде динге берилип беш маал намаз окуйт, жоолукту башынан түшүрбөй салынууга өткөн.

- Апам мага “балыктар, канаттуулар, айбандар дагы мындай кылбайт. Сен бизди шерменде кылып бүттүң. Кырк тууганың сенин күнөөңдү көтөрөт. Сен үчүн акыр заманда алар дагы жооп берет” деп айта берет. Анын окуган намазынын баары менин күнөөмдү жууганга багышталса керек, - дейт Азамат.

Азаматтын кумса экенин анын чоң энеси дагы билет. Ата-энеден айырмаланып улгайган аял муну “убактылуу адашуу” деп ойлойт.

Чоң эне нече жыл мурдараак Меккеге ажыга барган. "Бир касиети жугаар" деген ниетте Азаматты да ала кетет.

- Меккеде мага зыяратчылар жалпы адамзат үчүн эмес, жеке өзү үчүн сыйынып жаткандай сезилди. Ошон үчүн мен жакшы жигитке жолугууну сурандым. Эч кимди таарынткым келбейт, бирок ошол кезде жеке жашоомдо көйгөй бар болчу.

Арабиядан келген Азаматты туугандары кубануу менен тосуп алышкан. “Ажы” деген статус уулун кадыресе адамга айлантат деген үмүт берген.

- Алар менден намаз окуй баштайт деп күтүшкөн. Башында аларды капа кылгым келбей кыйтырланып жүрдүм. Акыр-аягында алар менин жөн эле отурганымды байкап калышты.

Азыр

Акыркы жарым жыл Азамат үчүн тынч өткөн. Үйдөн кетүү жөнүндо ой аны дайыма коштосо да, азыр гана окуп, туруктуу иш тапкандан кийин ушул кадамга барды.

Анткен менен жигиттин жакындары аны "куткарып алуу" аракетин токтото элек. Үйлөнтүүгө да аракет кылып көрүшкөн. Чоң эне Азаматка “Сен качан үйлөнөсүң?” деп суроо бергенден тажабайт. Жакында эле тектүү жердин себи жакшы кызына тааныштырууга аракет кылган экен. Ал эми жигиттин энеси Азамат үйлөнбөсө да, өз ориентациясынан баш тартсын деген позициясын бербей келет.

- Эгер мен кызды сүйөм десем сүйө алам. Бирок ата-энемдин айтканындай болуп, жалгыз жашай албайм. Жаштыгымдын көбүн бирөөлөргө, ата-энеме көз каранды болуп өткөрүүгө туура келди. Албетте, алар мени мурдагыдай эле жакшы көрөт. Мага жамандык каалабасын түшүнөм.

Азамат – архитектор. Ал өз кесибинде иштеп эле тим болбой, жаратмандык да кылгысы келет. Өзүнүн долбоорлору менен курчап турган чөйрөнү жакшыртууну самайт. Дүйнө кезип, планетанын ар бир бурчунда жашоо ниети бар.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG