Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Британияда чиркөө мусулмандар үчүн шарт түзүп берди


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-декабрь).

The Telegraph гезити Англиянын Манчестер шаарына жакын жайгашкан Олдам аймагындагы ыйык Томас Уернес чиркөөсү мусулмандар да кирип намаз окуганга шарт түзүү үчүн отургучтарды алып салып жатканын кабарлады. Буга аймактагы мусулмандардын саны барган сайын көбөйүп, ар кандай диний жөрөлгөлөрдө чиркөөгө батпай калуусу себеп болгону айтылат.

19-кылымда салынган англис чиркөөсүнө акыркы мезгилде сыйынууга христиан динин туткандар гана эмес, исламга ишенгендер да барып намаз окуй баштаган. Жергиликтүү бийлик христиандар менен мусулмандардын ынтымактуу жашоосу үчүн зарыл шарт түзүлөрүн жар салган.

Рочдейлдин архидиакону Черри Ванн акыркы мезгилде Олдам аймагында ар кайсы диндин өкүлдөрү биргелешип иш алып барышып, ынтымак бекемделип жатканын айткан. Жакында эле бул чиркөөдөгү сыйынуулардын (месса) бирине ислам динин тутунган адамдар катышканы маалым болду.

Чиркөөдөгү 125 кишилик отургуч алып салынат жана сегиз жаңы отургуч коюлат. Бош калган жерге мусулмандар намазга жыгыла алышат.

"Форбс": Кыргызстан ишкерлерге шарт түзө албай жатат

Forbes журналы ишкердикке ыңгайлуу шарттары бар өлкөлөрдүн тизмесин чыгарды. Сап башында Улуу Британия, Жаңы Зеландия, Нидерландия, Швеция жана Канада турат. Тайланд, Сауд Арабиясы, Грузия ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү жагынан ортоңку саптарды ээледи. Бул тизмеде Түркия 56-, Орусия 58-орунга чыгышты.

Бизнес жүргүзүүгө шарты мыктылардын ичинен Казакстан 65-орунда турса, Орусия андан кийинки баскычка түштү. Кыргызстан 153 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээледи. Камбожа, Нигерия, Бангладеш Кыргызстандан алдыңкы саптарда турат. Тажикстан 108-сапка чыгып, ишкерлерге жакшы шарт түзүү жагынан Кыргызстандан ат чабым алдыда. Өзбекстан 99-, Казакстан 65-сапка илинген. Тизменин соңунда Ооганстан орун алган.

Салыктан качкан эркектер баш кошту

The Irish Times гезити Ирландияда Мэтт Мёрфи жана Майкл О Салливан аттуу достор салыктан качып баш кошконун жазды. 85 жана 58 жаштагы эки дос жашы улгайганда никеге туруусуна эгер бирөө каза болуп калса мамлекетке төлөй турган мураскорлук салыгынан качканынан улам барганын билдиришти. Буга кошумча экөө көп жылдан бери санаалаш дос болуп келишкен.

58 жаштагы Салливан мындан он жыл мурда аялы менен ажырашкан, үч баланын атасы. Эки эркектин никесин Дублиндеги каттоо мекемеси эч кандай тоскоолдуксуз каттады.

Экөө үйлөнүү ниетин билдиришкенде жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында көптөгөн сын пикирлер айтылган. Бирок тоскоолдуктарга карабай, эми алар көп жылдык достугун никеге айлантканына кубанып жатканын жазат басылма.

Кытай бийлиги элди элетке тарткысы келет

The Diplomat журналы Кытай бийлиги элетке туристтерди тартыш үчүн "Байпак калаасы", "Бактылуулук шаары", "Момпосуй айылы" деген аттарды коюп, шоколад, байпак чыгарган фабрикаларга экскурсияларды уюштуруп жатканын баядайт.

Си Цзинпиндин 2050-жылга чейин Кытайды мыкты өлкөлөрдүн катарына кошуу дымагынан улам өлкөнүн элет жерине да өзгөчө көңүл бурула баштады.

Шаар-аймактарды өнүктүрүү министрлиги провинцияларда 400 туристтик кыштак куруу долбоорун баштап, Шинжаңда мындай айылдардын саны жүзгө жетмекчи. Гүл өстүргөн айылдар, шоколад чыгарган фабриканын кыштагы жана машине жарыштарын өткөргөн айылдарга 2016-жылы 1,75 миллион турист барып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу коноктордун саны 45 пайызга өскөн. "Таттуу" жана "Кыял" шаарлары элетти көтөрүүдөгү мыкты үлгүлөрдөн болуп беришти.

2015-жылы Кытайдын Цейжанг провинциясы 100 туристтик кыштакты курууга 500 миллиард юань инвестиция салган. Бул кыштактардын ар бирине 5 миллиард юандан берилип, парктар, туристтерди кызыктырган аттракциондор курулат. Бирок айрымдар бийликтин бул аракетин сындап келет.

Шанхайдагы профессор-экономист Лю Минг: "Туристтик кыштактардын башкы көйгөйү - алардын экономикалык түркүгү алсыз. Узак мөөнөттүү долбоор үчүн мыкты өндүрүш ишканаларын куруу керек", - деген пикирде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG