Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Араб аялдары роботтун укугуна көз артты


Jia Jia кытай робот кызы.
Jia Jia кытай робот кызы.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (23-29-октябрь).

Гонконгдогу Hanson Robotic компаниясы чыгарган София аттуу ургаачы роботко Сауд Арабия бийлиги жарандык бергенин The Independent гезити кабарлайт. София роботу Саудиянын аймагында хижапсыз, эркек коштоочусуз эле көчөгө чыга алат. Роботтун мындай укукка ээ болуусун Арабия коомчулугу туура кабылдаган жок деп айтылат макалада. "Твиттер", "Фейсбук" сыяктуу социалдык желелерде миңдеген арабиялык аялдар өз нааразычылыгын билдиришип, "өлкөдө аялга караганда техниканын укугу жогору" турарын жазышкан. София роботу Эр-Риядда өтүп жаткан жасалма акыл-эске инвестиция салуу саммитинде алгач элге көрсөтүлгөн. Иш-чара учурунда ага Саудия бийлиги жарандык ыйгарган. Сентябрь айында бул өлкөнүн бийлиги аялдарга машине айдоого уруксат берилгенин жарыялаган. Freedom House уюмунун изилдөөсүнө караганда, Саудия адам укугун одоно бузган 10 өлкөнүн сап башында турат. ​

Ташкент эски маалесин бузуп, жаңы шаар курат

The Guardian гезити Шавкат Мирзиеёв жасоону көздөгөн жаңы реформалардын бирине сереп салды. Борбор Азиядагы ири калаа саналган Ташкентти жаңылоо долбооруна ылайык, жүздөгөн жылдардан берки салттуу, эски маалелерди бузуп, ордуна бизнес борборлорду, көп кабаттуу үйлөрдү жана мейманканаларды куруу пландалууда. Ташкенттин чок ортосундагы Олмазор маалесинде ата-бабасынан бери жашап келе жаткан тургундар буга нааразы. Бирок жаңы өзбек бийлигинин Ташкентти модернизациялоо дымагы өтө эле бийик. 2,4 миллион калктуу шаар орус падышачылыгы кезинде жана советтик доордо да Борбор Азиянын саясий, маданий ордосу болуп келген. Ташкент чаң баскан, күн сайын колго шыпырылган, ылайдан курулган коргон тамдуу үйлөрү бар маалелери менен башка шаарлардан айырмаланып турчу. Баш калааны кайра курууда Чорсу базарынын жанындагы эски шаардын аймагын бошотуу да пландалууда. Байыркы медресе, мечиттерге толгон бул район чет элдик туристтерди өзүнө тартып турат. Ал арада маале тургундары заманбап, көп кабаттуу батирлерге көчүрүлсө, өзбек маданиятында тамыр жайган тууганчылык, маале түшүнүктөрү жоголобу деп чочулашат. Азырынча шаарды жаңылоого кытай, түрк инвесторлору кызыкдар экенин билдирген The Guardian.

Ислам дүйнөсү жана эркиндик

1960-1970-жылдардагы Ооганстан жана Араб өлкөлөрүндө диний эркиндикти кийин кийим аркылуу ооздуктоо башталып, азыр таптакыр кулпуланып калганын Foreign Policy журналы жазат. 1970-жылдары Ооганстанда аялдар кадимкидей эле ээн-эркин жүрүп, каалагандай кийинип, эркектер менен бирдей укукта билим алууга умтулушчу. Ошол эле маалда Сауд Арабиясында чыккан айрым басылмалардан деңиз жээгинде чогуу сууга түшүп жүргөн аял-эркекти көрсө болот. Ал учурда прогрессивдүү, секулярдык, капиталисттик, марксизмди жактоочулар жана исламчылар Египет менен Пакистан коомунда ачык-айкын сөз эрөөлүнө чыгышкан. Жакынкы Чыгыштагы диний эркиндик Батыш маданияты менен айкалышып турган.

1927-жылдан 1985-жылга чейин Пакистанда динди мазактады деп 10 гана кылмыш иши ачылса, 1985-жылдан 2011-жылга чейин 4 миңден ашуун адам динге көө жапты деген айыпка жыгылган. Эң эле коркунучтуусу бул айыптоо заманбап Пакистанда өлүм жазасы менен аяктоодо. Азыр Дональд Трамптын бийлиги Ооганстандын заманбап өлкөгө айлануусун АКШ ар тараптан колдошу керек деген позицияда. Азыркы Пакистан, Ооганстан же Египеттин атуулдары ата-энесинин, чоң ата-энесинин эски сүрөттөрүндөгү ачык кийимдер менен кыска юбкаларды көрүп, тандоо эркиндиги, диний либералдуулуктун кайда калганын эстей алышпай убара деп жазат Foreign Policy.

Макрон француз жаштарын кайра жаратат

Азыркы тапта Франциядагы жаштар арасында жумушсуздук тогуз пайызды түзүп, мыкты жаш адистер Гонконг, Лондон сыяктуу ири калаалардан маянасы көп жумушка кетип жатышат. Эммануэл Макрон сыртка агылган француз жаштарын токтото алабы деген суроого Wall Street Journal басылмасы жооп издеген. Франция калкынын 18,5 пайызын 15 жашка чейинкилер түзөт. Демографиялык теңсиздик Макрон үчүн чоң сыноо болмокчу. Ал кары-картаңдары көп өлкөнү жаштар мамлекеттне айландыруу аракетинде. 2030-жылга чейин Европадагы демографиялык тараза Жапонияныкына окшош, башкача айтканда, жалаң улгайгандардын өлкөсү болору күтүлүүдө. Макрондун билим берүү жаатындагы реформасы адамдардын 51 жашка чыккыча тынымсыз иштөөсүн шарттамакчы. Мамлекет аймактардагы мектептердин базасын чыңдоого жылына миллиарддаган евро бөлүп жатат. Буга чейинки француз бийлиги глобалдык программаларга короткон акчаны Макрон өз өлкөсүндөгү жеткинчектердин билими үчүн жумшарын белгилейт Wall Street Journal.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG