Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:02

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-сентябрь).

Newsweek басылмасы Сауд Арабиясында аялдардын акылы эркектердин акылынын төрттөн бирине барабар деп айтканы үчүн Шейх Саад ал-Хижри кызматынан четтетилгенин кабарлады. Асир провинциясында иштеген динаятчыга "адамзат баалуулуктарына шек келтирди" деген кине коюлду. Имам Ал-Хижри коомчулукка: "Жол коопсуздугу кызматы аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүгө тийишпи? Албетте бербесин. Анткени эркектерге салыштырмалуу аялдардын мээси эки эсе аз иштейт. Базарга чыкканда дагы жарым мээсинен ажырап калышкан. Ошентип акыл-эсинин төрттөн бир бөлүгү гана калган. Транспорт кызматынан аялдарга машине айдоо укугун бербөөнү талап кылабыз", - деген кайрылуу жасаган. Сауд Арабия кыз-келиндердин унаа башкаруусуна, көчөгө өз алдынча чыгуусуна тыюу салган өлкө. Быйыл май айында ханзаада Файсал бин Абдуллах мунайга бай өлкөдө аялдар деле машине айдаганына каршы эместигин жар салгандан кийин айымдарга машине айдоого уруксат берилишин, көчөдө өз алдынча жүрүү укугун талап кылган петицияга 15 миңдей аял кол койгон. Тактынын мураскери Мухаммед Салман 2030-жылга чейин өлкөнү модернизациялоо долбоорун демилгеледи, ага ылайык аялдарга дагы бир топ жеңилдиктер жаралышы мүмкүн деп жазат Newsweek.

Германия качкындарды кантип бооруна тартууда?

Германиядан баш паанек издеген Сирия, Ооганстан жана Ирактын атуулдарын Европа жашоо шартына көндүрүү үчүн бийликтин аткарган иштерине Economist журналы талдоо жасаган. Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн Германияга баргандардын саны 2015-жылы 900 миң болсо, былтыр 200 миң, быйыл 80 миң болгон. Алгач качкындар алар үчүн атайын курулган лагерден орун алат. Үч айдан кийин аларды хостелге жайгаштырышып, жергиликтүү шартка ыңгайлаштыруу үчүн атайын билим берүү процесси башталат. Психологдор аялдарды, наристелерди жана майыптарды атайын терапиядан өткөрөт. Балдар Германия чегине киргенден кийин үч апталык убакыт аралыгында мектепке алынып, алгач аларга адам укугун сыйлоо, аялдардын тең укуктуулугун окутуп, алгачкы ариптер үйрөтүлөт. Ал эми чоңдорго 600 саттык ыкчам тил курстары окутулуп, идиректүүсү үч айдан кийин расмий башпаанек алса, Германиядан оңой эле жумуш таап, үй-бүлөсүн бага баштайт. Бирок расмий башпаанек алуу мезгилдин иши. Качкындардын балдары жаңы жашоого тез эле үйрөнүп, бир айдын ичинде немисче суудай сүйлөп, германиялыктардын балдары менен чогуу окуп калышат. Эки жылдын ичинде 1,2 миллиондон ашуун качкынды кабыл алган Германия аларды бооруна тартууда да чоң ийгиликти жаратканын баяндайт Economist.

Араван араксыз районго айланууда

Eurasianet онлайн журналы Кыргызстандагы арак соодасына байланыштуу кырдаалды Араван районунун мисалында талдаган. "1990-2000-жылдары арак Араван базарында суудай агып турчу. Арак, шарап, сыра бардык жерде сатылчу, той-топурдун бири да ичимдиксиз өтчү эмес. Бирок алкоголго болгон район тургундарынын мамилеси 2009-жылы өспүрүмдөр мас карыяны тепкилеп өлтүрүп алгандан кийин өзгөрдү. Кылмыш иштин чоо-жайы азыркыга чейин табышмак. Айрымдар абышка мас абалында балдарга тийишкен деп айтып жүрүшөт. Ошол окуядан кийин ыктыярчылар үймө-үй кыдырышып, мечиттеги намаз учурунда да жергиликтүү элди арактан баш тартууга үндөштү. Алгач өзбек маалелери арак сатууну, ичүүнү токтототушту. Ал эми спирт ичимдиктерин саткандардын дүкөндөрү талкаланган окуялардан кийин көптөр күркөлөрүндө кирешеси аз болсо да жашылча-жемиш сатууга өтүштү. Кысымга карабай арак саткан Фаиза аттуу аял эки жылдын ичинде дүкөнү эки ирет өрттөлгөнүн эскерет. Фаизага окшоп алкоголдук ичимдикти саткандар биротоло жок болгон жок, ичкиси келгендер таап сатып алышат. Ичимдиктин тыйылышына мечитке тынбай каттагандар сүйүнүүдө. Алар эл арасындагы ызы-чуу, зомбулук азайып калганын айтышат. Ал арада Араванда радикалдуу диний идеологиянын күчөп баратканынан кабатыр болгондор да бар", - деп жазат Euasianet басылмасынын аналитиги Алишер Хамидов.

Азия карылардын мекенине айланат

2030-жылга чейин Азиядагы элдин 60 пайызы картайып, экономикалык кыйынчылыктар келип чыгарын Asia Nikkei Review басылмасы жазат. Deloitte изилдөө уюмунун маалыматына караганда, азыркы тапта Азиядагы 65 жаштан улуулар 150 миллиондон ашты. Демографиялык кыйынчылык экономиканы чөгөлөткөнү менен ишкерликтин айрым секторлорунун өнүгүүсүн шарттайт. Маселен, саламаттыкты сактоо тармагы бул жагдайдан көп пайда табат. Улуттар уюмунун маалыматына караганда, бул проблема Кытайды да кыйгап өтпөйт. 15 жаштан 64 жашка чейинки жумушчу күчү бул өлкөдө да азайып, алдыдагы он жылда экономикасы 4,2 пайызга төмөндөйт. Кытайдагы бул кырдаал Азиянын жалпы акыбалын чагылдырат дешет иликтөөчүлөр. Ал арада Индия аймактагы жумушучу күчтүн булагы болуп берчү мүмкүнчүлүккө ээ. Анткени азыр жумуш иштей ала турган 885 миллион индустар 2050-жылга чейин 1,12 миллиард болуп көбөйөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG