Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Москва муфтийи мигранттардан кооптонууда


Орусияда өзбекстандык мигранттарга бир катар жеңилдиктер берилет, ал эми тажикстандык мигранттардын арасында радикалдашуу коркунучу пайда болду.

EurAsia Daily басылмасы "Тажикстан кумсаларды каттоого алды" деп жазат. Атайын тизмеге 370ке жакын кумса кирген. Бул жарандардын кумса экени министрлик жүргүзгөн "Ыйман" жана "Тазалык" аттуу атайын операциялардын алкагында аныкталган.

Бийлик өкүлдөрү аларда ВИЧ илдетин жуктуруп алуу коркунучу жогору болгондуктан ыкчам каттоого алынганын маалымдашкан. Тажикстан гомосексуалдык мамиле түзүүгө каршы кылмыш жазасын 1998-жылы жокко чыгарган. Бирок коомчулукта сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү дале кодуланып, коркутуп-үркүтүүгө кабылары белгиленет.

"Регнум" агенттиги Орусиядагы тажикстандык мигранттардын радикалдашуу коркунучу пайда болгонун жазат. Макалада Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстандын чек арасында «Хорасан» деп аталган жаңы экстремисттик топ түзүлгөнү жана анын жүздөгөн жолдоочулары тууралуу баяндалат.

Москванын муфтийи Альбир Крганов бул террордук топ Орусиядагы тажикстандыктар менен байланыш түзүп, аларды өз катарына тартуу коркунучу пайда болгонун айткан. Жыл башында Душанбе террористтерге ымалаш деп шектелген, учурда Орусияда жашаган жүзгө чукул тажикстандыктын тизмесин Москвага бергени кошумчаланат. Буга чейин Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Орусиядагы террордук топтун өзөгүн КМШдан келген эмгек мигранттары түзүп жатканын айткан болчу.

"Лента.Ру" түркмөн армиясынын жоокерлери ачка отурганын жазды. Марый облусунда кызмат өтөгөн аскерлер үч айдан бери буудай буламыгы менен тамактанып жатканы баяндалат. Аскерлердин тамагынан балык, картошка, капуста толугу менен алынган, ал эми жумуртка күн алыс берилет. Айрым аскер бөлүктөрүндө жеке ашканалар иштей баштаган. Макалада ар бир түркмөн аскерине айына 10 доллар акча бөлүнөрү, бирок бул каражат мамлекеттик гезиттер үчүн кармалып калары айтылат.

Түркмөн армиясындагы абал жөнүндө алгач жергиликтүү журналисттер жазып чыгышкан. Басылма жакында эле президент Гурбангулы Бердымухаммедов калкка берилчү бардык социалдык жеңилдиктерди кыскартканын эскертет.

"Росбалт" басылмасы өзбекстандык мигранттарга Орусияда бир катар жеңилдиктер берилет деп жазат. Өзбек жарандарын Орусияда өкмөт аркылуу ишке орноштуруу жөнүндө эки тараптуу келишим Мамлекеттик Думада каралып жатканы баяндалат.

Өзбек өкмөтү мигранттарды Орусияда мыйзамдуу жүрүүгө даярдап, жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин түзүп, мигранттардын Орусияга келүүсүн камсыз кылмакчы. Ошондой эле мигранттарды медициналык текшерүүдөн өткөрүп, буга чейин сот жообуна тартылбаганын тактап бермекчи. Ал эми орусиялык жумуш берүүчүлөр орус-өзбек өкмөттөрүнө жумушчулары жөнүндө маалымат берип турмакчы.

Келишим боюнча Орусияда иштеген өзбекстандыктарга социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо маселелери каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG