Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Болливуд Ысык-Көлдө клип тартты


Кыргызстанда тартылган клип.
Кыргызстанда тартылган клип.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (6-12-ноябрь).

Индия кино өнөрканасы - Болливуддун пакистандык эстрада жылдызы Рахат Фатих Алихан "Банжарей" ("Көчмөндөр") аттуу клибин Ысык-Көлдө тартты. Бул тууралуу Индиянын International Business Times гезити кабарлады. "Болливуд жылдызы Нэту Чандра башкы ролду ойногон клип Кыргызстандын кооз аймактарында тартылды. 2005-жылы жылдызы жанган Нэту Чандра Кыргызстанда мурдагыдан таптакыр башка образда чыкты", - деп баяндайт басылма. Клип Youtube каналына коюлганына бир жума боло элек, азырынча аны көргөндөрдүн саны бир миллиондон ашты. Ал сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде, ага жакын тоо кыркаларында тартылган. Индус актерлору буга чейин да Кыргызстандан бир нече клип тартышкан. "Банжарей" клибинде кыл кыяк, комуз, ооз комуз черткен кыргызстандык өнөрпоздорду да көрсө болот.

Рамзан Кадыров Рохинжа көйгөйүн токтото алабы?

The Diplomat аналитикалык журналы Мьянмадагы рохинжа мусулман азчылыгынын көйгөйүн чечүүдө Чеченстандын мааниси чоң экенин жазды.

Сентябрь айында чечен лидери Рамзан Кадыров абалды "Мьянмадагы мусулмандарга карата жасалган Холокост" деп атап, Грозныйда рохинжа мусулмандарын колдогон массалык демонстрацияга он миңдеген киши катышкан.

"Кадыров орус бийлигине Мьянма армиясын курал-жарак менен камсыздоону токтотуп, рохинжа мусулмандарынын көйгөйүн чечпесе, Чеченстандын Москвага карата саясатын кайра карап чыгаарын эскерткен. Кремлдин Грозный менен мамилеси бузулса, ал жалпы Орусиядагы мусулмандардын нааразылыгын жаратышы мүмкүн, Москва андай болушун каалабайт" деген пикирде макаланын автору Самуэл Рамани. Мьянма өкмөтүн аскердик жактан колдоп келе жаткан орус бийлиги анын лидери Аунг Сан Су Чжиге адам укуктарын бузган армиянын куралдуу басымын токтотуу талабын койгонго күчү жетерин белгилейт Оксфорд университетинин окумуштуусу Самуэл Рамани.

Билим албаган АКШ жараны кыйналууда

Business Insider басылмасы Америкада жогорку окуу жайды бүтүрбөгөн жарандар азыркы тапта жумуш табууда абдан кыйналып жатканын кабарлайт. Мындан бир нече жыл мурда орто билимдүү эле америкалык жумуш орду менен камсыз боло алчу. Азыркы тапта кандайдыр бир таланты, билими болмоюнча иш таба албагандардын саны кескин көбөйдү. Колледж, университетти бүтүп, ишке орношкондордун социалдык макамы жогору экени аныкталды. Буга ааламдашуу жана бир топ иштердин автоматташуусу себеп болуп жатканы айтылат. Эгерде 1970-80-жылдары АКШ атуулдарынын иштейм деп чечкендери өзүн кайсы бар тармактын төмөнкү звеносунун катардагы кызматкери катары көрө алса, азыр жок дегенде орто билими болмоюнча андай ишке орношо албагандар арбып жатат. Төмөнкү жана ортоңку катмардагы кесип ээлеринин ортосундагы айырма кескин жогорулады. Бул кырдаалды өзгөртүү кыйынга турууда. Айрыкча АКШда аялдардын билим алуусу өзгөчө мааниге ээ. Анткени билимдүү аялдардын жумушка орношуусу кыйла оңой. Билимсиз АКШ жарандарынын ишсиз калуусуна завод, фабрикаларда иштин көбү автоматташтырылып, адамдын кара күчүн талап кылган жумуштардын да кескин азайганы себеп экенин жазат Business Insider.

Римде фонтанга ыргытылган тыйындар талашка түштү

Римдин чок ортосундагы Треви фонтанына туристтер ыргыткан тыйындардын жалпы суммасы жылына 1 миллион еврого жетет. 13,6 миллиард карызы бар Италия баш калаасы мурда кайрымдуулукка кетип жүргөн бул акчаны өз бюджетине алууну чечкенин The Telegraph гезити жазды. Мындан ары фонтанга ыргытылган тыйындар Рим мэриясынын бюджетине түшмөкчү.

Буга чейин 300 жыл мурда салынган фонтандын көлмөсүнө ыргытылган акча католик кайрымдуулук чиркөөсүнө кетчү. Ар бир турист бул фонтанга кеминде үч евро ыргытат. Себеби Тревиге тыйын ыргыткан киши кайра Римге кайтып келет деген ишеним бар. Барокко доорунун бараандуу архитекторлору Никола Салви менен Жузеппе Панинин бул эмгеги 1762-жылы бүткөн. Бир нече кылымдан бери бул жер дүйнө саякатчыларын өзүнө тарткан архитектуралык мурастардын негизгиси болуп келет. Анын суусуна түшүүгө тыюу салынган. Быйыл июль айында 64 жаштагы британиялык Делила Жей Треви фонтанына чайынганы үчүн 450 евро айыппул төлөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG