Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Дональд Трамп сөзүнөн жаңылды


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-15-январь)

Президент Дональд Трамп Сальвадор, Гаити жана Африкадан АКШга жер которгон мигранттарды "сасык тешик өлкөлөрдүн келгиндери" деп атагандан кийин ири басылмалардан катаал сынчыл пикирлер жаады.

Forbes журналы "Дональд Трамп: Американын түрү суук жаңы жараны" деген аталыштагы макала чыгарды. Анда Пью изилдөө борборунун жаңы иликтөөсүнө караганда, АКШ президентине болгон дүйнөлүк ишеним акыркы 15 жылдагы эң төмөнкү даражага түшкөнү айтылат. Буга Трамптын жеке кулк-мүнөзү, коомчулук аны "менмесинген, сабырсыз, опурталдуу" адам катары көрөрү себеп экени белгиленген.

Newsweek журналы "Дональд Трамп жаман сөз колдонуп атаган өлкөлөрдүн калкынан кечирим сурашы керек", - деген темадагы макаласын басты. Трамптын Гаити баштаган өлкөлөрдү "сасык тешик" дегенинен кийин бул өлкөнүн президенти Жованэл Мойз: "Гаити бийлиги мындай маданиятсыз, расалык бөлүп-жарууга чакырган, Гаити коомчулугун кемсинткен аныктаманы кескин сындайт", - деп билдирди.

Washington Post гезити Трамптын сөзү Ак үйдө кызуу талкууланганын, эл аралык коомчулук нааразы боло баштаганда Дональд Трамп "Твиттерге" "Жолугушуу учурунда катуу айтып койдум. Бирок мен катышкан ал жыйында мындан да катуу сөздөр айтылды", - деп жазганын маалымдайт.

Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча басма сөз катчысы Руперт Колвилл Женевада бир нече өлкөнү "сасык тешик" деп атоо аларды расасына карабай кемсинтүүгө жатат деп комментарийледи.

Путиндин өрнөгү

Eurasianet басылмасы Владимир Путиндин март айындагы шайлоо алдында өлкөсүндөгү автократиялык саясий системаны бекемдөөдө илгерки орус императорлорунун монархиялык башкаруусунан өрнөк алып жатканына талдоо салат.

"Тарыхтан дымак издеген Путин Орусиянын революциялык, республикалык доорун аттап өтүп, акыркы империялык учурун да жокко чыгарган. Ал өзүнө тарыхый үлгүнү 1881-1894-жылдары бийликте турган падыша Александр үчүнчүдөн издөөдө. Заманбап Кремл Романов монархтары жашаган учурду даңазалап, дал ошол кездеги Орус империясынын гүлдөгөн доорун азыркы "Путинизмге" салыштырышууда. 1917-жылдагы революциянын 100 жылдыгын орус бийлиги эскербей, ага удаа эле 18-ноябрда Путин Крымга барып, Александр үчүнчүнүн колодон жасалган чоң эстелигин ачты. Ошол салтанатта бул ал императордон үйрөнчү көп сабак бар экенин айтып, Александр III мамлекет тагдыры үчүн жеке жоопкерчиликти сезген, улуттун өнүгүүсүн алдыга коюп, ар кандай ички-тышкы коркунучтардын катыгын бергенин мактады", - деп белгилейт басылма.

Путиндин улутчулдукка таянган саясий философиясы 1999-жылы бийликке келгенде сунуштаган "Жаңы муундун манифести" аттуу программасынан эле билинген. Буга кошумча ал ар дайым Орусия эч качан АКШ же Британиянын "көчүрмөсүнө" айланбастыгын, Батыштын либерализми менен орустун этатизми айкалышкан саясий салттарга таянарын тынбай айтарын кошумчалайт Eurasianet.

Кино экранынан саясатка "секиргендер"

The Diplomat журналы Индияда саясий аренага чыккан эстрада жылдыздарын талдоого алган. Жакында эле "Тамил" аттуу тасмадагы каармандын ролун аткарган, 67 жаштагы Ражиникант саясий партияга кошуларын жар салган. Ал буга кичи мекени, 72 миллион калктуу Тамил Надунун социалдык, саясий абалын оңдоо ниети түрткү болгонун айтат.

Жарым кылым убакыттан бери Тамил саясатына кино дүйнөсү чоң таасирин тийгизип келген. Тамилди башкарган үч министр мурдагы кино актерлор эле. Алар бир нече жыл бою штаттын саясатын жөнгө салып турушкан. Экрандан саясатка өткөн өнөр Индиянын түштүгүндөгү Андра Прадеш, Карнатака штаттарында да көп учурайт. Ушундан улам Болливуд менен саясат дүйнөсү азыр бул өлкөдө тыгыз чырмалышып калган.

Амитабх Бачан, Сунил Дутт, Ражеш Ханн, Дилиип Кумар, Жовинда сыяктуу кино жылдыздары оппозициялык партияга мүчө. Бийликтеги партияда да бир топ кино актерлорду учуратса болот.

Индиядагы саясий дүйнөгө актерлордун аралашуусу 1940-жылдары башталган. Алардын атак-даңкы айрым саясий ишмерлерден ашып түшкөндүктөн, кино жылдыздарды саясий партиялар элдин көңүлүн бурууда курал катары колдонгон. Мындай тенденция жеке эле Индияда эмес, Түркия, Араб өлкөлөрү, Египетте да кездешерин белгилейт The Diplomat.

Трамп депортациялаган аялдардын тагдыры

Трамптын коомчулукту дүрбөткөн сөздөрүнө удаа эле Британиянын The Guardian гезити Сальвадордо АКШдан депортацияланган аялдар бейбаштардын курмандыгына айланып жатканын чагылдырган көлөмдүү баяндама чыгарды.

АКШ бийликтери алдыдагы 18 ай ичинде Сальвадорго 200 миңдей мигрантты кайтаруу ниетин жарыялаган. Дүйнөдөгү кылмыштуулук деңгээли эң жогорку өлкө катары таанымал Сальвадорго кайтып барчулардын көбү аялдар менен кыздар. Америкадан өлкөнүн башкалаасы Сан Сальвадорго депортацияланган алгачкы топтогу аялдарды кылмыштуу топтор кармап алышып, зордуктап, өлтүрүп жатышат. Сальвадор аялдардын өлүмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. 2016-жылы эле 524 аял киши колдуу болгон. Бир жылда кеминде 1200 кыз-келин дайынсыз жоголушат.

Чет жактан баш калка таба албай кайткандар чыккынчы аталып, мамлекеттин эч кандай колдоосуна да ээ болушпайт. Миңдеген чакырым аралыкты жөө басып, АКШдан башпаанек издеп барган өспүрүм кыздар менен аялдар мындай узак жолдо адам соодалагандардын торуна, зордук-зомбулукка кабылышат. Дээрлик бардыгынын психологиясы жабыркап, жыныс органдары түрдүү инфекциядан жабыркап, айрымдары бойкат да болуп калышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG