Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

The Economist: Жээнбеков чын эле демократпы?


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (15-22-январь)

Лондондо чыккан абройлуу The Economist басылмасы "Кыргызстандагы репрессия Борбор Азиядагы жалгыз демократияны чиритүүдө" аттуу макала жарыялады.

"Чакан жана тынчы жок Кыргызстан автократтар башкарган региондо өзүн "демократиянын учкуну" атаганды жакшы көрөт. 6 миллиондой калкы бар өлкөнүн жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков ноябрда ант берип кызматка киришип жатканда "Кыргызстан бүткүл дүйнөгө демократиялык мамлекет экенин айныксыз далилдеди" деп сыймыктана айткан эле. Ошол эле маалда Жээнбеков аны бийликке алып келген шайлоодогу добуштарды сатып алуу калыстыкка көлөкө түшүргөнүн да моюнга алган", деп белгилейт аналитикалык журнал.

Макала ошондой эле "шайлоо аяктаар замат андагы азыркы президенттин башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов Кыргызстандан чыгып кетип, чет өлкөдөн билдирүү жасап, саясаттан кетип, депутаттык мандатынан баш тартканын жарыялады. Ал жаңылык эч кимди деле таң калтырган жок. Анткени Жээнбеков талапкерлер үчүн уюшулган теледебат маалында Бабановду "бизнесиң тууралуу суроо көп, коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайбыз" деп коркутканын белгилейт.

"Кыргызстандагы саналуу чет элдик журналисттердин бири, "Франс Пресс" агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынып, Бишкектеги үй-бүлөсү менен бириге албай Алматыда жашап жатат. Кыргыз бийликтери буга чейин чет элдик укук коргоочулар Мира Ритман, Виталий Пономаревду да Бишкекке киргизбей коюшкан.

Ант берүү аземи учурунда президент Жээнбеков Кыргызстан чөлкөмдөгү жалгыз парламенттик системаны куруп жатканын белгилеп, демократия - эркиндик менен жоопкерчиликке негизделе турганына басым жасаган. Азырынча кыргыз президенти сыймыктанган демократияны коргоо жоопкерчилигин мойнуна алганга даяр экенин көргөзгөнгө ашыккан жок", - деп жыйынтыктайт Кыргызстанга арналган макаласын лондондук The Economist басылмасы.

АКШдагы мусулмандардын жаңы сыноосу

АКШнын Орaнж округундагы Ислам институтунун имамы Мустафа Умаржан New York Times гезитине Дональд Трамптын президенттиги учурундагы мусулмандардын акыбалына сереп салган баянын жарыялады.

"Мусулмандарды жектеп, мечиттерди жабам деген президент Дональд Трамптын кызматка киришүү аземи ыйык жума күнүнө дал келди. Бул күндү биз кооптонуу менен күттүк. Мындан аркы тагдырыбыз кандай болот? Өлкөдөн чыгарып салса кайда барабыз деген суроолорго имам катары мен: "Куран бизди сабырдуу болууга чакырат. Кандай гана кыйынчылык болбосун андан пайдалуу сабак алышыбыз керек. Жамандыкка даяр турган мусулман жакшылыктан үмүт үзбөөгө тийиш", - деп жубатып жаттым. Ошол күнү намазга жыгылган эки миңдей кишини сабырдуулукка чакырдым. Биздин ишеничибиз акталып, жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болдук. Алар мечитти, биздин жамаатты колдогон каттарды жазышты. Трамп жараткан "исламофобияны" азыр коомдон байкасак болот. Бир нече ирет чүмкөнүп жүргөн аялдар менден көчөдө кемсинтүүгө кабылбаш үчүн хижабды чечип салалыбы деп сурашты. Дональд Трамптын бир жылы америкалык мусулмандар үчүн оңой болгон жок. Бизге карата жек көрүүнү сезгенибиз менен бардык жерде катардагы америкалыктардын колдоосун көрүп жаттык", - деген имам Умаржан.

Кытайда көп балалуу болууга ашыккандар аз

Financial Times гезити Бээжин бир гана балалуу болууга уруксат берген мыйзамын жоюп, калкка чектөөнү азайтканына карабай, 2017-жылы төрөт саны кыскарганын жазат. 2016-жылы өлкөдө 17 миллион 860 миңдей ымыркай төрөлсө, 2017-жылы 17 миллион 230 миң бала жарык дүйнөгө келген. 2015-жылы бирден балалуу болуу мыйзамы жоюлганда 1,3 миллион бала мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп төрөлгөн. Бирок бир жылдан кийин бул көрсөткүч ылдыйлап жатат.

Гарвард университетинин социолог-профессору Мартин Уайт: "Алыскы айылдарда жакыр жашаган элдин көбү экинчи балага билим берүүнүн акчасынан чочулап жатышат. Кытайдын калкы картайып жатат", - деген.

Эксперттер акыркы мезгилде кытайлардын билимге маани берүүсү төрөт санын кыскартып жатканын айтышат. Оксфорд университетинин демографы Стюарт Бастен: "Кытайда үйлөнүп, балалуу болуу аябай чоң жоопкерчилик. Никеге туруу жашы улам илгерилеген сайын тукумсуздук да көбөйүүдө", - деген.

Чоңдордун бизнеси - балдардын көз жашы

Италиядагы 18 жаштагы Николь аттуу кыз моделдердин веб сайтына кыздык белгисин сатыкка койгон жарнамасынан кийин АКШнын Daily Beast басылмасы сексуалдык кулчулукка кабылып жаткан өспүрүмдөрдүн абалына сереп салды.

"Мыкты билим алуу үчүн акчага муктажмын. Ата-энеме үй сатып берип, келечегимди камсыздагым келет. Бул үчүн кыздык белгимди сатам", - деген жарнаманы Николь "Elite Models VIP" веб сайтына жайгаштырган.

Эл аралык Адилеттик миссиясы сексуалдык кулчулукка кабылган өспүрүмдөргө жардам берип келет. Бул уюм 12 жаштан 16 жашка чейинки кыздар сексуалдык кулчулук базарында өтө жогору бааланарын аныктаган.

Колумбияда кылмыш топтору 10 жаштагы кыздарды АКШ, Мексика, Жапониядан келген туристтерге "кошумча кызмат" катары кымбат баада сатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG