Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Эркекти ала качкандар, Хоргоско үмүт арткандар...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Батыш басма сөзүнө баяндама (1-7-январь).

"Таш түшкөн жеринде оор" деп...

"Newsweek" журналы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Newsweek" журналы. Иллюстрациялык сүрөт.

Индияда 29 жаштагы Винор Кумар аттуу жигитти ала качып барып, тапанча менен коркутуп, өзү каалабаган кызга күчтөп нике кыйдырткан окуяны "Newsweek" басылмасы маалымдайт. Окуя видеого да тартылган.

Кумар кийин полицияга өзүн ала качкандарга каршы арыз жазган. Учурда кылмыш иши козголуп, аны зордоп никеге тургузгандар кармалууда. Жигитти досунун үлпөт тоюнда ала качышкан.

Индиянын Бихар, Уттар Прадеш аттуу провинцияларында эркекти ала качуу салты мурдатан эле бар экени айтылат. Көбүнчө кызына сеп бере албаган жакыр үй-бүлөлөр жигиттерди ала качышат. 2016-жылы 3 миңден ашуун эркек ала качуунун курмандыгы болгон.

Голливуд жылдыздары Өзбекстандын туризмин өнүктүрөт

Өзбекстандагы музейлердин бири.
Өзбекстандагы музейлердин бири.

"Чаар топучан Арнолд Шварценеггер, чепкенчен Роналду Өзбекстанга чет элден келчү туристтердин агымын арбытабы?" деген суроого "Eurasianet" басылмасы жооп издеген.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитет маданият, саясат, спорт боюнча дүйнөгө таанымал жылдыздарды Өзбекстандын "туризм элчиси" болуп берүүгө чакыруу планын жарыялады. Элчинин башкы милдети - өлкөнү бардык жагынан жарнамалашы керек, Борбор Азияны көбүрөөк байырлаганы да дурус.

"Буга кошумча Өзбекстандын туризм элчиси жылына эки ирет өлкөдө бекер мейман болуп, өлкөнү таанытуучу бардык жарнамаларга чыгат. Максатыбыз - чет элдик туристтерди өзбек жергесине тартып алып келүү", - деп билдирет комитет.

Ушундан улам жергиликтүү Интернет булактары онлайн сурамжылоо жүргүзүп, элден кимди "элчи" катары көрөрүн иликтешкен. Өзбекстандыктардын көбү Мадонна, Арнолд Шварценеггер, Жастин Бибер, Анжелина Жоли, Бред Пит, футболчулар Криштиану Роналду, Лионель Мессини аташкан. Атактуулардын катарында орусиялык алып баруучулар Иван Ургант менен Дмитрий Нагиев да бар. Азырынча булардын кимиси Өзбекстан менен иштешери белгисиз.

2016-жылдын соңунда бийликке келген Шавкат Мирзиёев экономиканы өнүктүрүүнүн өзөктүк негизине туризмди койгон. Ушундан улам өлкөгө туристтерди тартыш үчүн түрдүү жолдор каралып жатат. Расмий маалыматтарда 2017-жылы өзбек жергесине 1,8 миллион адам зыяратка барганы айтылып, туристтер мурдагы жылдарга салыштырмалуу 17 пайызга арбыган.

2018-жылы дүйнөлүк саясаттагы 10 коркунуч

"Time" журналы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Time" журналы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Time" журналы жыл жыйынтыгын чыгарган санына эл аралык саясатта 2018-жылы болушу мүмкүн делген 10 коркунучту тизмектеди.

"Eurasia Group" аттуу изилдөөчү топ 2018-жыл саясий окуяларга бай болорун божомолдойт. Изилдөөчүлөр чү дегенде эле Кытайдын кубаттануусун башкы коркунуч катары карап, глобалдык соодага чеңгелин матырган бул өлкө эми жогорку технологиялык компаниялардагы жеке кызыкчылыгын да коруй баштай тургандыгын белгилешкен. Алардын пикиринде, Бээжиндин инвестициялык саясаты "кайсы бир өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна кийлигишпөө" деген принцип менен ишке ашса да Кытайдын тымызын үстөмдүгүн глобалдык соода тармагы жон териси менен сезет.

Экинчи коркунуч катары согуш деми соккон Түндүк Корея, Сирия, АКШ-Орусиянын тиреши жана Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун калдыктарын тазалоо менен катар кибер мейкиндиктеги атаандаштык жана кагылышуулар тууралуу кеп болот.

Үчүнчүсү - дүйнөдөгү эң кубаттуу эки экономика болгон Кытай менен АКШнын жасалма аң-сезим жана суперкомпьютерлер аркылуу атаандашуусунан келип чыккан коркунуч. Авторлор Африка өлкөлөрү, Бразилия, ал тургай Европа бул опурталдуу эки күчтүн тирешинде туура чечим кабыл ала билиши керек экенин эскертишет. Анткени, алардын пикиринде, "Кайсы өлкөнүн стандарттары коопсуздукка шек келтирбейт?" деген суроо биринчи планга чыгат.

Иликтөөчүлөрдүн баамында, жаңырган жылда Мексикадагы президенттик шайлоодон кийин башаламандыктар болушу толук ыктымал.

Бешинчи коркунуч - АКШ менен Ирандын тирешүүсү дешет алар. Алтынчысы - дүйнөдө популизм өнүгүп, мамлекеттик, бейөкмөт институттар калктын ишенимин жоготууда. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр коркунучтардын катарына Чыгыш Азиядагы чыр-чатактарды, Индонезия менен Малайзиядагы диний популизмди, рохинжалардын мүшкүлүн кошуп, Индияда өкмөт башчы Нарендра Модинин улутчулдук саясаты мусулмандар менен индустардын касталык кагылышуусуна жол ачышы ыктымал экенин белгилешкен.

Алсыраган Жибек жолу, Борбор Азиядагы жемкорлук чыры

Казак-кытай чек арасындагы "Хоргос" соода борбору. 2016-жыл.
Казак-кытай чек арасындагы "Хоргос" соода борбору. 2016-жыл.

"The Diplomat" аналитикалык журналынын талдоочусу Кэтрин Пуцц 2018-жыл жаңырары менен дүйнөлүк басма сөз Борбор Азияга багышталган кеңири макалаларды чыгарганын жазат. New York Times гезитинин кабарчысы Эндрю Хиггинс казак-кытай чек арасында глобалдык сооданын темир жол борборуна айланып бараткан Хоргостогу азыркы абалды баяндаган. Ал жерге казак бийликтери Нуркент аттуу жапжаңы шаар куруп, кытайлык товарларды өткөрүүнүн эл аралык темир жол хабын тейлей турган он миңден ашуун киши жаңы калаада жашып атыптыр. Шаар мэринин айтымында, келечекте бул шаар кеңейип жүз миңден ашуун киши жашап калат.

2017-жылы Хоргос аркылуу 100 миң контейнер жүк өтсө, 2020-жылга чейин жүктүн көлөмүн 500 миң контейнерге көбөйтүү дымагын азырынча тынч турган Хоргостон байкай албаганын жазган журналист. The New Yorker журналы да Хоргос темасына кайрылып, басылманын сүрөтчүсү Дэвид Монтелеон сүрөттөр аркылуу жаңы соода түйүнүнүн азыркы акыбалын чагылдырган.

Ошондой эле Уюшкан кылмыштуулук жана жемкорлуктун бетин ачуу журналисттер борбору тажикстандык аткаминер Амонулло Хукумов менен аялы Амина Мусаеванын Чехияда 10,6 миллион долларга сатып алган эки үйүн, Москвадагы миллион доллардык батирин аныктады. "Тажик темир жолдорунун" мурдагы жетекчиси Хукумов, жубайы жана балдары менен Чехияда там-ташы бар экенин танып жатат. Долбоордун отчетунда: "Хукумов темир жолду башкарып турганда Ооганстандан Орусияга маңзат ташыганын Бириккен улуттар уюмунун Баңгизат жана уюшкан кылмышка каршы комитети аныктаган", - деп айтылат макалада. Бул отчет Панама документтериндей Борбор Азияда жемкорлуктун бетин ачкан дагы бир чуулгандуу окуяга айланышы мүмкүн деген көз карашта Кэтрин Пуцц.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG