Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Кайры: Кыргыз күүлөрүн АКШга тааныткым келет


Кайры Кошоева.
Кайры Кошоева.

"Журтташтар" рубрикасынын кезектеги каарманы Кошмо Штаттарда эмгектенген белгилүү музыкант Кайры Кошоева. 17 жыл мурда Кайры океандын ары жагына билимин жогорулатуу үчүн барган. Учурда ал Принстон шаарындагы музыкалык окуу жайда фортепианодон сабак берет.

Атай Огомбаевдин “Маш ботою” Кайры Кошоева сүйүп ойногон композициялардын бири.

Ал бул күүнү өзү эмгектенген Принстон шаарындагы The New School for Music Study музыкалык мектебиндеги студенттерине да ойноп берет.

Кайры музыкалык мектеп менен эле чектелбестен маал-маалы менен чакыруулар боюнча концерттерге да катышарын айтып берди:

- Чет өлкөлүктөрдүн көбү кыргыздын композицияларын уккан соң таң калышканын, суктанганын жашырбайт. "Кыргызстан деген кандай өлкө, кай жакта жайгашкан" деген суроолорду көп беришет. Андан кийин интернеттен издешет. Мен биздин чыгармалар менен сыймыктанам.

Кайры Кошоева Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Алгач кичинекей Кайрыны скрипка бөлүмүнө кабыл алышкан. Бирок Кайрынын эки эжеси ушул эле мектептин фортепиано бөлүмүндө окугандыктан, анын да көңүлү дал ушул аспапка тартып туруп алган.

- Менин эң биринчи колдоочуларым, мага дем берип алдыга түртүп турган адамдарым - бул менин таенем жана улуу эжем Аида болгон. Таенем мени эжелериме салыштырып “аларга караганда жакшы ойноп калды” десе, ого бетер көкөлөп, таенемдин мактоосуна татуу үчүн дагы жакшы ойногум келчү. Ал эми Аида эжем мектептен тышкары ноталарды үйрөнүүгө жардам берип, кеп-кеңештери менен колдоп турду. Анткени кичинекей баланы катаал тартипке көндүрүү кыйын да. Ошону менен бирге албетте менин өсүшүмө мугалимдеримдин кошкон салымы чоң. Алгачкы устатым Белла Михайловна Зубок болгон. Кийин Фаина Ефимовна Хармацтын колуна түштүм. Ал кишиге чексиз ыраазымын. Ал мага мен билбеген дүйнөнүн эшигин ачты. Ал эми маанилүү сынактардын, концерттердин алдында анын жолдошу, белгилүү кыргыз-израил композитору Михаил Григорьевич Бурштин мени даярдачу. Албетте өз ишиңди сүйсөң, ага берилсең убакытка, чарчаганыңа карабай эмгектенесиң. Менин чыгармачылыгыма кошкон ата-энемдин салымы тууралуу айта кетпесем болбойт. Апам акын, ал ыр жазат. Атам болбосо балким мен музыкант болбой калмакмын. Ошол кишинин каалоосу, колдоосу менен мен ушул даражага жеттим десем болот.

Ошентип, Кайры музыкалык мектепти аяктаган соң Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академияга тапшырат. Аталган окуу жайдагы мугалимдерди, өзгөчө баховед Вера Носинаны чоң урмат-сый менен эстейт. Кийин Кайры ушул эле академиянын аспирантурасын аяктаган.

Музыка дүйнөсүнө баш баккандан тарта эле журтташыбыз эл аралык музыкалык сынактарга катыша баштайт. Ар бир сынак анын чыгармачылыгына өзгөчө шык, дем бергенин Кайры белгилеп отурду:

- Мен катышкан биринчи эл аралык сынак эсимде. Фаина Ефимовна экөөбүз Тбилисидеги бүткүл союздук сынакка барганбыз. Мен биринчи жолу ошол жактан ушунча көп сандагы музыканттарды жана алардын аткаруусундагы укмуш композицияларды уктум. Катышуучулардын көбү менин жашымдагылар экен, алардын арасынан көп тааныштарды күттүм. Бул сынак мага өзгөчө дем берди.

Дал ошол сынактардын биринде Кайрыны океандын ары жагынан келген мугалимдер байкап калышып, ага Кошмо Штаттардагы музыкалык окуу жайларга тапшырууну сунушташкан.

Кайры макул болуп, алгач Огайо штатындагы Оберлин музыкалык окуу жайынан билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк алат.

Англис тилин билбей барган Кайрыга ал жакта билим алуу оной болгон эмес.

- Абдан эле оор болду. Мен англисче такыр билбейт элем, музыкалык жөндөмүмө эле карап алышкан. Мурда мен бир гана музыка тууралуу, чыгарманы аткаруу техникасы жөнүндө ойлосом, Кошмо Штаттардан башка маселелер тууралуу да ойлонууга туура келди. Англис тилин өздөштүрүүгө далай жылдарым кетти. Стресс болдум. Ошентсе да эч нерсеге карабай сүйүктүү ишимде ушул күнгө чейин эмгектенип жатканым үчүн тагдырыма ыраазымын.

Жакында эле Кайры Кошоева Кошмо Штаттардагы башка таланттуу журтташтар менен биргеликте Нью-Йоркто концерт берди. Белгилүү музыкант Азамат Сыдыков башында турган “Кыргыз-Америка фонду" уюштурган бул концертке Кайры өзгөчө даярданган.

- Биз америкалык жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын аткардык. Биз үчүн бул күн майрам болду. Нью-Йоркто кыргыз музыкасынын фестивалы өтүп жаткандай элес калтырды. Мен өзүмдүн сүйүктүү композиторум Михаил Бурштинден Атай Огомбаевдин “Эсимде” чыгармасын фортепиано үчүн иштеп берүүсүн сурандым. Ал киши мага чыгарманын транскрипциясын жазып берди. Ошентип бул концертте мен алгачкы жолу “Эсимдени” аткардым.

17 жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган Кайры Кошоева мекениндеги окуяларга көз салып турат. Ал четте болсо да кыргыз музыкасынын өнүгүшүн, кыргыз күүлөрүнүн дүйнөгө таанылышын каалайт. Өзү да бул ишке салым кошууга аракеттенип жүргөнүн айтып берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG