Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Грузия: Талаштуу мыйзам күчүнө кирсе ЕБга мүчөлүк жараян убактылуу токтотулары кабарланды


Грузия. Тбилиси.
Грузия. Тбилиси.

Европа Биримдиги эгер Грузия «чет элдик агент» мыйзамын кабыл ала турган болсо анын бул уюмга мүчөлүккө арызын кароо убактылуу токтотулуп коюлушу ыктымал экенин бүгүн 15-майда Financial Times басылмасы сүйлөшүүлөр тууралуу кабардар булактардын бирине таянып жазды.

«Биз абдан так түшүндүрүп бердик. Бул өтө олуттуу маселе», — деди Грузия менен Евробиримдиктин мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн катышуучусу.

Грузия Европа Биримдигине талапкер деген расмий макамга 2023-жылы ээ болгон.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

НАТО бул мыйзамды Грузияны "европалык жана евроатлантикалык интеграциядан алыстатып жаткан", "туура эмес багытты көздөй кадам" деп атады.

Президент Саломе Зурабишвили тынч митингдерди колдоп, бул мыйзамга вето коёрун айтып келет. Мамлекет башчынын чечим кабыл алышына мыйзамда 10 күндүк мөөнөт каралган.

Бирок "Грузин кыялынын" жана парламенттеги ага өнөктөш фракциялардын депутаттары президенттин ветосун жеңип өтүүгө добушу жетиштүү экенин билдиришкен.

Кечээ мыйзам парламентте 84 "макул" жана 30 "каршы" добуш менен кабыл алынгандан кийин полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, бир нече аптадан бери митинг уюштуруп келе жаткан демонстранттарды топтолуп турган жеринен сүрүп чыгарган, кеминде 13 киши кармалган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG