Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:03

Татарстанда дрон коркунучунан улам жабылган эки аэропорт кайрадан иштей баштады


Татарстан. Казан аэропорту.
Татарстан. Казан аэропорту.

Орусиянын Татарстан республикасында дрон чабуулунан кийин убактылуу жабылган эки ири аэропорт кайрадан кадимки тартипте иштей баштады. Борбор калаа Казандын жана Нижнекамск шаарынын аэропорттору бүгүн 15-майда «коопсуздук чарасынан» улам бир нече саат жабык турду.

Орусиянын Коргоо министрлиги эртең мененки саат 7:30да Татарстанда учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Жергиликтүү бийлик чабуул үчүн Украинаны айыптады. Украин бийлиги комментарий берген жок.

Өткөн айда Татарстанда "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагындагы согуштук дрон чыгаруучу завод дрон соккусуна кабылган. Заводдун жумушчулары жана "Алабуга Политех" коллежинин студенттери жашаган хостел имараты талкаланган. 14 киши жараат алган. Татарстандын президенти Рустам Минниханов ар бир ишкана учкучсуз учактардан өз алдынча коргонушу керек экенин айткан.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG