Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Өзбекстанда өзбек тилин билбегендерди чектөө сунушталды


Алишер Кадыров.
Алишер Кадыров.

Өзбекстанда мамлекеттик тилди билбеген жарандарга мамлекеттик кызматта иштөөгө, мамлекет көрсөткөн тейлөө кызматынан пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда. Мындай пикирин Олий Мажлистин (өзбек парламенти) Мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») партиясынын лидери Алишер Кадыров Telegram-каналына жазды.

Ал Орусияда иштөөнү каалагандар орус тилин билүүгө милдеттүү экенин, бирок Өзбекстанда жашаган орустар өзбек тилин билүүгө, эмнегедир, милдеттүү эмес экенин белгиледи.

Кадыров мындай пикирин Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володиндин «Орусияга иштегени орус тилин билген жана өлкөнүн каада-салтын урматтаган адамдар келиши маанилүү» деген билдирүүсүнө жооп катары билдирди.

Өзбекстанда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү жана өзбекстандык жарандар өзбек тилин билиши зарыл экенин белгилеген Кадыров:

«Башка улуттагы мекендештерге өз эне тилин жана баалуулуктарын бала бакчада жана башталгыч мектепте үйрөнүүсүнө шарт түзүү менен катар өзбек тили милдеттүү тил катары мыйзамдуу түрдө аныкталышы керек», - деп айтты.

Кадыровдун быйыл январь айында Өзбекстанда орус тилинде окутулуучу сабактардын убактысын кыскартуу тууралуу сунушу коомчулукта талкуу жараткан. Ал орус тили өлкө калкынын 3 пайызга жетпеген гана бөлүгүн түзгөн орус улутундагылардын билим алуусунда жана ТВда «пропорционалдуу эмес кеңири» колдонулуп жатканын белгилеп, «Мындай дисбалансты оңдоо зарыл», – деп Facebook баракчасына 24-январда жазган.

Бул комментарий Алишер Кадыровдун орусиялык улутчул жазуучу Захар Прилепиндин Өзбекстанды Орусияга кошуп алуу тууралуу сунушуна жана тарыхчы Михаил Смолиндин быйыл 22-январда НТВ телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып

СССРге чейин өзбек, казак, азери деген улуттар болбогонун, өзбектер «бир нече элдин биригишинен улам пайда болушканын» айтканына жооп катары жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG