Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

Өзбек бийлиги сотсуз ажырашууга тыюу салат


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбек бийлиги үй-бүлөнү бекемдейт. Казакстан Каспий деңизи аркылуу жүк ташууну күчөтөт. Түркмөнстанда полиция адамдарга негизсиз айыппул салган учурлар катталууда. Орус маалымат каражаттарындагы макалаларга сереп.

"Росбалт" басылмасы өзбек бийлиги жубайларга сотсуз ажырашууга тыюу салууну көздөп жатканын жазды. Учурда Өзбекстандын нике жана үй-бүлө тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Азыр ортодо балдары жок өзбекстандыктар сотсуз эле ЗАГС аркылуу ажырашып кете алышат. Ал эми мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү күчүнө кирсе, соттун чечими менен гана ажырашууга мүмкүн болот. Ошондой эле ажырашууга бел байлаган адамга түгөйүнө акчалай кенемте төлөп берүү милдети жүктөлөт.

Мындан тышкары, сотто жубайлардын элдешүүсүнө бериле турган үч айлык мөөнөт алты айга чейин узартылат. Макалада жазылгандай, эми үйлөнгүсү келген өзбекстандыктар үй-бүлөлүк турмуш боюнча даярдык курсунан өтүшү керек.

Казакстан Каспийдеги кемелерин көбөйтөт

"EurAsia Daily" басылмасы Казакстан Каспий деңизи аркылуу жүк ташууну үч эсеге көбөйтөөрүн баяндайт.

Каспий деңизи. Иллюстрациялык сүрөт.
Каспий деңизи. Иллюстрациялык сүрөт.

​Азыр Актау жана Курык порттору аркылуу жүк Ирандын түндүк булуңуна жана Бакуга, ошондой эле Волга-Дон каналы менен Түркия менен Грекияга жөнөтүлөт.

Астана деңиз аркылуу негизинен мунай экспорттойт. Инвестиция жана өнүгүү министри Женис Касымбек азыркы кезде казак туусунун алдында 12 соода кемеси иштерин, келерки эки-үч жылда алардын санын 20га жеткирүү пландалып жатканын айткан.

Макалада Каспий деңизиндеги жалпы жүк ташуунун 30 пайызы Казакстанга таандык экени жазылган. Советтер Союзу таркагандан кийин Каспийди Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан талаша баштаган. Быйыл жазында Астанадагы жолугушууда деңизди бөлүштүрүү маселеси чечилиши мүмкүн.

Рахмон уулун такка отургузабы?

"Регнум" маалымат агенттиги президенттин уулуна Тажикстанды башкарууга шарт түзүлгөнүн жазат.

Рустам Рахмон.
Рустам Рахмон.

Макалада тажик парламенти президенттикке талапкер болууга жаш курагы жагынан чектөөнү 35 жаштан 30 жашка чейин түшүргөнү баяндалат.

Баш мыйзамга өзгөртүү былтыр майда референдумда кабыл алынган. Эркин серепчилер бул Эмомали Рахмондун уулу Рустам Рахмон үчүн жасалганын белгилеп жатышат. Эки жылдан кийин Тажикстанда өтчү президенттик шайлоо маалында Рустам Эмомали 33 жашка толот. Ал азыр Дүйшөмбү шаарынын мэри. Ошондой эле жаңы мыйзам боюнча президенттикке расмий катталган талапкерди камакка алууга уруксат берилген. Андан тышкары, чет өлкөлүк булактарга президенттик шайлоону каржылоого толук тыюу салынган.

Түркмөнстан: тойго барсаң айып төлө

"Фергана" агенттиги "Түркмөнстанда эми тойлордун конокторуна айып пул салына баштады" деп жазат.

Түркмөнстандагы автоунаалар. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстандагы автоунаалар. Архивдик сүрөт.

​Макалада бир катар облустарда мас абалында тойдон чыккандарга полиция кызматкерлери "коомдук тартипти бузду" деген негизде 50 манат (14 доллар) айып пул салган учурлар катталып жатканы баяндалат.

Айрым булактар полицияга өкмөттүк казынаны толтуруу тууралуу көрсөтмө берилгенин маалымдашкан.

Жыл башында полиция Ашхабадда массалык түрдө аял айдоочуларды токтотуп, айдоочулук күбөлүктөрүн алып, айып пул салган. Ошондой эле кечки саат 10дон кийин көчөдө адамдардын өздүгүн текшерүү күчөп, ар кандай себептер менен айып салынган учурлар болгон. Макалада казынадагы таңсыктыктан улам түркмөн өкмөтү элдин социалдык жеңилдиктерин азайтып, өкмөттүк кызматкерлердин катарын суюлтуп жатканы белгиленет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG