Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Оппозициянын үшүн алган Иноятовдун доору бүттү


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-январь - 5-февраль)

Өзбекстанды 23 жылдан бери "былк" эттирбей "айбалтанын" мизинде кармап турган Рустам Иноятовду президент Шавкат Мирзиёев кызматтан алганын батыш басылмалары ар түрдүү талдашты.

Британиянын Economist журналы Советтер Союзу таркагандан бери Улуттук коопсуздук кызматын башкарып келген, маркум Ислам Каримовдун "оң колу" болгон кишини кызматтан алуу менен Шавкат Мирзиёев диктатурага чекит коюп, демократияга карай чоң кадам таштаганын жазат.

"Иноятовдун кызматтан четтетилиши саясий, экономикалык реформаларга жол ачат. Бирок Мирзиёевдин ниетин алдын ала билүү кыйын. Ал Каримовдун учурунда 13 жыл бою өкмөт башчы болуп тургандыктан аны демократ деп атоого да болбойт", - деп жазат англис тилинде чыккан журнал.

Ал эми Швейцариянын Neue Zürcher Zeitung гезити 72 жаштагы Иноятовду кызматтан четтетип, Мирзиёев "кооздук" үчүн гана аны президенттин кеңешчилигине дайындап койгонун баяндайт.

"Чейрек кылымга чукул убакытта Иноятов "полициялык мамлекетти" түзүп, оппозициянын үшүн алган системаны жараткан. Ошондой эле ал башында турган атайын кызмат валюта алмаштырчу көмүскө базардан киреше тапкан чоң империяны көзөмөлдөчү. Иноятовдун кетиши менен эле репрессияны курал кылган элита жоголбойт. Мирзиёев Иноятовду кызматтан алып, өзүнө чексиз бийликти камсыз кылдыбы же чын эле өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүн жаңылаганы жатабы?", - деп жазат гезиттин кабарчысы Маркус Акерет.

"Тамашаны түшүнбөгөн саясатчы кооптондурат"

The Atlantic журналы КМШ өлкөлөрүндө популярдуу болуп жаткан "Сталиндин өлүмү" тасмасынын режиссеру Армандо Иннаучи менен маектешкен. Сталиндин өлүмү тууралуу тасманы тартууга Франциянын Quad компаниясы чыгарган комикс китеби түрткү болгон.

Тарыхый фактыларды азилге айланткан бул китепти окуп чыгары менен режиссер тарыхтагы коркунучтуу окуяны күлкүгө айландырууну чечкен. "Берлускони, Путин, Эрдоган сыяктуу лидерлердин мезгилинде жашап туруп, 1930-жылдагы окуяларды тасмага түшүрүү менен алардын да акыркы күнү азил-чыны аралаш көрүүчүгө сунушталды. Комедиядагы көп окуялар Сталиндин реалдуу жашоосунан алынган", - дейт Иннаучи.

Ал көркөм өнөрдү чектөө менен орус бийлиги элдин искусствонун таасири алдында калуусунан чочулайт деген көз карашын айтып, "тамаша, азилди түшүнбөгөн саясатчы эл үчүн абдан кооптуу экенин тасма аркылуу айткым келген", - деди.

Eurasinet онлайн басылмасы Алматыда "Сталиндин өлүмү" комедиясы 1-февраль күнү коюлганын, көрүүчүлөр аны жылуу кабыл алганын кабарлайт. Орусиянын Маданият министрлиги бул сатиралык комедияны элге көрсөтүүнү расмий тыйгандан кийин Казакстанда да көрсөтүлбөй калышы мүмкүн деген кооптонуу бар эле.

"Көчөт кыздын оронуусу туура эмес"

Дүйнөлүк Жоолук күнүнө карата Батыш медиасы бир катар макалаларды жарыялап, алар окурмандар арасында кызуу талкууланды. The Independent басылмасына Шаппи Хорсанди Англиянын башталгыч мектептеринде көчөт кыздардын оронуп жүрүүсүн сындаган оюн жазып, ага бир катар жүйөлөрдү келтирген.

"Хижаб кийгиси келгендердин баарын колдойм. Алардын укугун коргоо үчүн демонстрацияга да чыккам. Бирок шарият балакатка толо элек кыздардын да оронуусун талап кылбайт. Антсе да айрым энелер кызы өзү эле жоолук салынгысы келгенин айтышат. Кыз энесин карап өсөт, ага окшошкусу келет. Бир күнү жоолук салынса, эртеси эле аны чечип коюушу ыктымал. Баланын аң-сезими өсүп, чечим кабыл алуу жашына келгенче миң жолу өзгөрөт. Эгер биз кыздарга бала кезден оронууга уруксат берсек, анда апасы боёнуп, шиш така кийген кыздар да мектепке энесиндей болуп барышы керек. Албетте мындайга жол берилбейт. Хижаб кийгендерге карата "исламофобиядан" улам эмес, баланын дискриминацияга кабылуусун алдын алуу үчүн башталгыч класстагы кыздардын оронуусу туура эмес деп ойлойм", - деген Хорсанди мусулман кыз достору менен балалыгын каалагандай кийинип, ойноп өткөрүшү керектигин кошумчалайт.

Кытай активисти Нобел сыйлыгына көрсөтүлдү

Wall Street Journal басылмасы Кытай бийлигин ачууланткан гонконгдук жаш активист Жошуа Уонг Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөнүн кабарлайт.

2014-жылдын август айында студент Жошуа Уонг "Кол чатыр" кыймылын уюштурган. Бул кыймыл Бээжин көчөлөрүндө Гонконг менен Кытайдын ички тирешүүсүн токтотууну, Гонконгдогу шайлоого Бээжиндин киришпөөсүн, демократияны талап кылып, чоң жолдорду үч ай бою тосуп турушкан. Демонстрациядан кийин ал тарапташтары Натан Лоу жана Алекс Чоу менен бирге камакка алынган.

Кытай активисттери биринчи жолу бул бийик даражалуу сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан жок. 2010-жылы окумуштуу Лю Сяобо саясий режимди тынчтык жолу менен алмаштырууну талап кылган митингдерди уюштурганы үчүн сыйлык алып, Кытай бийлиги Нобел сыйлыгы комитетине нааразы болгон. Сяобо камакта болгондуктан сыйлык тапшыруу аземинде анын отургучу бош турганын эске салат The Wall Street.

Бул жолу да Бээжин Нобел сыйлыгын тапшырган комитетке нааразы болду. China Daily гезити "Нобелди кайсы бир өлкөнү мазактап берүү туура эмес" деген макала жарыялап, анда "Кол чатыр" кыймылын уюштурган жигитти Нельсон Манделага салыштыруу туура эмес экени белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG