Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Борбор Азиянын эрке мураскерлери


Түркмөнстан президентинин уулу “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” чоң атасы Маликгулы Бердымухамедов атындагы медал менен сыйланды.

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун 85 жаштагы атасы, ички иштер органдарынын ардагери Маликгулы Бердымухамедовдун урматына мамлекеттик сыйлык ушул жылдын август айында негизделген.

27-октябрда өлкөнүн эгемендик күнүнө карата күч органдарынын кызматкерлерине сыйлыктар ыйгарылып, алардын ичинде президенттин уулу Сердар Бердымухамедов да чоң атасынын атындагы медал менен бирге подполковник даражасын алган.

Сердар учурда парламенттин депутаты. Акыркы убакта анын өлкө ишмерлери менен жолугушуулары мамлекеттик медиада кеңири чагылдырылып, саясий активдүүлүгү байкалып жатканы белгиленип келет. Айрым бейрасмий маалыматтар боюнча аны атасынын мураскери кылууга таптап жатышат.

Түркмөн президентинин жалгыз уулу Сердар Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясын аяктаган. Кийин мамлекеттик ресурстарды башкаруу агенттигинде жана Ахал облусундагы прокуратурада иштеп, Тышкы иштер министрлигинде Маалымат департаментин да башкарган. Азыр парламенттеги укуктук маселелер комитетин жетектейт.

Эрке уул, наздуу кызды сыйлаган салт

Президенттин балдары мамлекеттик сыйлык алып, кызмат даражасы боюнча көтөрүлүшү Борбор Азияда кеңири жолугат.

Эмомали Рахмон Озоза Рахмонго медал тапшырууда
Эмомали Рахмон Озоза Рахмонго медал тапшырууда

Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон 2015-жылы кызы Озода Рахмонго «Шараф» орденин берген. Бул орден тажик өкмөтүнүн сыйлыктарынын ичинде маанилүүлүгү боюнча төртүнчү орунда.

Анда Озода Рахмон тышкы иштер министринин орун басары болгон, азыр президенттик администрацияны башкарып келет. Рахмондордун үй-бүлөсү Тажикстанда жогорку кызматтарды ээлеп турушат жана ири бизнестерди башкарат.

Президенттин улуу баласы Рустам Эмомали Дүйшөмбүнүн мэри, кызы Рухшона Тышкы иштер министрлигинде иштейт, ал эми кенжеси Зарина «Ориёнбанк» мекемесинин башчысынын орун басары. Озода Рахмондун күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Улуттук банктын башчысынын орун басары.

Ал эми Казакстандын президентинин кыздары Дарига Назарбаева менен Динара Кулибаева «Парасат» ордендеринин ээлери. Ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев 2001-жылы «Курмет» орденин, 2014-жылы 1-даражадагы «Барыс» орденин алган. Ошондой эле анын «Астананын 10 жылдыгына» жана «Казакстандын Конституциясынын 10 жылдыгына» карата медалдары бар.

Нурсултан назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева
Нурсултан назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева

Азыр казак парламентинин депутаты болуп турган Назарбаевдин улуу кызы Дарига «Парасат» орденин 2004-жылы алган. Анын дагы «Курмет» жана 1-даражадагы «Барыс» ордендери бар. Андан тышкары «Казакстандын 10 жылдык эгемендүүлүгүнө карата», «Теңгенин 20 жылдыгына карата», «Казакстандын Конституциясынын 10 жылдыгына карата» карата, «Казакстан элинин Ассамблеясынын 20 жылдыгына карата» медалдары менен сыйланган.

Дариганын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиев дагы өз убагында бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. 2001-жылы «Казакстандын 10 жылдык эгемендүүлүгүнө карата» жана «Казак парламентинин 10 жылдыгына карата» медалдарга ээ болуп, 2-даражадагы «Даңк» орденин алган. Бирок 2008-жылы Алиев бир катар кылмыштарга айыпталып, өлкөдөн качканда президенттин буйругу менен бардык мамлекеттик сыйлыктардан айрылып калган.

Айрым эксперттер Борбор Азияда президенттин балдарына мамлекеттик сыйлык ыйгаруу кеңири жайылганы менен ар бир өлкөдө өзүнчө өзгөчөлүк болорун белгилешет. Саясатчы Агимбай Гали мындай өзгөчөлүк элдин эзелки салт-санаасынан чыгарын айтты:

- Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөдө мурун деспотия (тоталитардык режим) болгон. Ошондуктан ал жакта башчылардын балдарын жөн эле сыйлап койгон учурлар болушу мүмкүн. Бул өлкөлөрдө деспотиянын салттары сакталган. Ал эми Казакстанда мындай салттар болгон эмес. Казактар ханды шайлап, же аны четтетип коюшчу. Мындайча айтканда баары бир орунда турбай, айланып турчу.

Ал эми серепчи Расул Жумалы башчылардын балдарына мамлекеттик сыйлык ыйгаруу кадимки «жеке адамга сыйынуунун элементи» дейт.

- Бул боюнча Түркмөнстан «пионер» болгон. Өткөн кылымдын 90-жылдары эле Сталиндин убагындагыдай жеке адамга сыйынуу күч алган. Анда Сапармурат Ниязов президент болчу. Кийинки президент Гурбангулы Бердымухамедов муну улантты. Эсимде 90-жылдары Ниязов айдын аттарын туугандарынын ысымы менен атап, өзүнө эстеликтерди тургузган. Анда Казакстанда буга күлүшчү. Эми айрым элементтер Казакстанда дагы пайда болуп жатканын көрүп турабыз. Мындай жаңылыктар Казакстанды демократиялык өлкө катары көрүүнү каалгандарды кубандырбайт.

Саясат таануучу Расул Жумалы мындай окуяларга өлкө башчылары жана анын айланасындагы адамдар гана эмес, унчукпай коюп, коомдо жеке адамга сыйынуу культунун жаралышына түрткү болуп жаткан коомчулук дагы жооптуу деген ойдо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG