Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Дарига Назарбаева өзүн мураскер катары көрбөйт


Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенат депутаты Дарига Назарбаева.
Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенат депутаты Дарига Назарбаева.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева өзүн президенттин мураскери катары көрбөсүн билдирди. Бул тууралуу ал жума күнү, Сенаттын пленардык жыйынынан кийин журналисттерге айтты.

“Мен өзүмдү Мекениме жан дили жана ак ниети менен кызмат кылган, президентибиздин командасынын мүчөсү катары көрөм. Ошондуктан билесиңерби, бул жоромолдун бардыгы жөн гана кызыл кулактык", -деди Назарбаева.

Бүгүн мамлекеттин башында 1989-жылдан бери турган Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Сенаттагы Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы болуп дайындалды. Үч күн мурда ал вице-премьер-министрликтен парламенттин жогорку палатасы - Сенатка депутат болуп барган.

XS
SM
MD
LG