Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Рахат Алиевдин өлүмүнүн сыры ачылууда

Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев, Сара Назарбаева
Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев, Сара Назарбаева

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев Австрия абагында киши колдуу болгону аныкталганы кабарланды. Буга чейин Алиев абакта өзүн асып алган деген корутунду чыккан болчу. Адвокаттардын аракети менен жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы Рахат Алиевдин жаңжалдуу өлүмүндө жаңы жагдай жаратууда.

Президент Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын күйөөсү болгон Рахат Алиевдин сөөгү 2015-жылы февраль айында Австрия абагындагы камерада табылган. Анда Алиев өзүн-өзү асып алган деген бүтүм чыгарылган.

Бирок германиялык судмедэксперт Бернд Бринкман "сөөктү ачып көрүүдөгү маалыматтар, ал өзүн-өзү асып өлдү деген бүтүм туура эмес болгонун аныктады" деп 12-декабрда жарыялады.

Алиевдин кийинки аялы жана жесири жалдаган адвокаттар менен Венада маалымат жыйынын өткөргөн Бринкман, алар тергөө ишин кайра жандантууга аракеттенип жатышканын билдирди.

Бринкмандын айтуусунда, Алиев “буркинг” деген ыкма менен өлтүрүлгөн. Андай ыкма менен өлтүрүүдө адамдын көкүрөгүн басып, демин чыгарбай коюшат. Бирок денеде күч колдонуп өлтүрүлгөнү боюнча эч кандай из калбайт.

Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси Рахат Алиев 2007-жылы “Нурбанктын” жетекчилерин өлтүрдү деп айыпталган. Бирок Алиев айыптоону саясий чагым деп атап, кайнатасы Нурсултан Назарбаевди сынга ала баштагандан кийин ага айып коюлганын билдирген. Австрия бийлиги Рахат Алиевди Казакстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып, 2011-жылы өздөрү иликтөө жүргүзө баштаган. Австрия прокуратурасы 2014-жылы ага айып койгон.

"Азаттыктын" архиви: Рахат Алиевдин өмүр жолу

Рахат Алиевдин өмүр жолу

2000-жылдардын башында Рахат Алиев Казакстандагы бирден бир көрүнүктүү саясатчылардын бири болчу. 39 жашында Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. 2002-жылы күтүүсүздөн эле Австриянын Казакстандагы элчиси болуп, Венага кеткен. 
1/12 2000-жылдардын башында Рахат Алиев Казакстандагы бирден бир көрүнүктүү саясатчылардын бири болчу. 39 жашында Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. 2002-жылы күтүүсүздөн эле Австриянын Казакстандагы элчиси болуп, Венага кеткен. 
Рахат Алиев менен Дарига Назарбаева 1983-жылы баш кошушкан, ал кезде Нурсултан Назарбаев Казак ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин төрагасы болгон. 
2/12 Рахат Алиев менен Дарига Назарбаева 1983-жылы баш кошушкан, ал кезде Нурсултан Назарбаев Казак ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин төрагасы болгон. 
2000-жылдардын ортосунда Венеда элчи катары Казакстандын ЕККУда төрагалык кылуусун катуу сүрөгөн. 2010-жылы Казакстан бул макамга жеткен. 
3/12 2000-жылдардын ортосунда Венеда элчи катары Казакстандын ЕККУда төрагалык кылуусун катуу сүрөгөн. 2010-жылы Казакстан бул макамга жеткен. 
2005-жылы Австриядан кайтканда Рахат Алиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындалган. Бул кызматта бир жарым жылдай иштеген. 2007-жылы "Рахатгейт" чуусу чыкканда, Венага кайра элчи болуп кеткен.
4/12 2005-жылы Австриядан кайтканда Рахат Алиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындалган. Бул кызматта бир жарым жылдай иштеген. 2007-жылы "Рахатгейт" чуусу чыкканда, Венага кайра элчи болуп кеткен.
2007-жылы жазында Казакстанда Алиевге каршы кылмыш иш ачылган. Ага “Нурбанктын” жетекчи-менеджерлери Жолдас Темиралиев менен Айбар Хасеновдун өлүмү боюнча айып тагылган. Ушул эле жылы май айында эл аралык издөөгө берилген. Алиев болсо муну саясий негизде деп айтып келген
5/12 2007-жылы жазында Казакстанда Алиевге каршы кылмыш иш ачылган. Ага “Нурбанктын” жетекчи-менеджерлери Жолдас Темиралиев менен Айбар Хасеновдун өлүмү боюнча айып тагылган. Ушул эле жылы май айында эл аралык издөөгө берилген. Алиев болсо муну саясий негизде деп айтып келген
Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевди 2007-жылы сот ажыраштырган. Алардын үч баласы бар: Нурали Алиев, Айсултан Назарбаев жана Венера Назарбаева.
6/12 Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевди 2007-жылы сот ажыраштырган. Алардын үч баласы бар: Нурали Алиев, Айсултан Назарбаев жана Венера Назарбаева.
"Рахатгейт" чуусу чыккандан киийн Дарига Назарбаева чоң саясаттан четтеген. 2012-жылы "Нур Отан" партиясынын тизмеси менен парламентке келип, социалдык-маданий өнүктүрүү комитетин жетектеген. Журналисттерге берген маегинде мурдагы күйөөсү менен байланышпай калганын айткан. 
7/12 "Рахатгейт" чуусу чыккандан киийн Дарига Назарбаева чоң саясаттан четтеген. 2012-жылы "Нур Отан" партиясынын тизмеси менен парламентке келип, социалдык-маданий өнүктүрүү комитетин жетектеген. Журналисттерге берген маегинде мурдагы күйөөсү менен байланышпай калганын айткан. 
Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева (Алиевдердин үй-бүлөлүк архивинен)<br />
&nbsp;
8/12 Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева (Алиевдердин үй-бүлөлүк архивинен)
 
Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылып, бирок Вена сот калыс өтпөйт деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес.&nbsp;
9/12 Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылып, бирок Вена сот калыс өтпөйт деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес. 
Рахат Алиев 2009-жылы мурдагы кайнатасы Нурсултан Назарбаевди 1930-жылдардагы Америкада белгилүү үй-бүлөлүк мафиячыл топтордун башчысына салыштырып жана анын жашыруун иштерин ашкерелеген &ldquo;Атаман кайын ата&rdquo; деп аталган көлөмдүү китепти орус жана немис тилдеринде чыгарган. Китепке Казакстанда тыюу салынган.
10/12 Рахат Алиев 2009-жылы мурдагы кайнатасы Нурсултан Назарбаевди 1930-жылдардагы Америкада белгилүү үй-бүлөлүк мафиячыл топтордун башчысына салыштырып жана анын жашыруун иштерин ашкерелеген “Атаман кайын ата” деп аталган көлөмдүү китепти орус жана немис тилдеринде чыгарган. Китепке Казакстанда тыюу салынган.
Рахат Алиев 2014-жылы Венада камалган. Австриянын прокуратурасы 2011-жылы ага каршы 2007-жылкы эки банкирдин өлүмү боюнча тергөө ишин баштаган.
11/12 Рахат Алиев 2014-жылы Венада камалган. Австриянын прокуратурасы 2011-жылы ага каршы 2007-жылкы эки банкирдин өлүмү боюнча тергөө ишин баштаган.
Рахат Алиев жарык дүйнө менен кош айтышардан бир аз мурда анын Фейсбуктагы баракчасында мындан бир ай мурун көз жумган атасына жазган каты жарыяланган. Атасы маркум Мухтар Алиев ушул жылдын январь айында 82 жаш курагында Алматыда дүйнө салган.
12/12 Рахат Алиев жарык дүйнө менен кош айтышардан бир аз мурда анын Фейсбуктагы баракчасында мындан бир ай мурун көз жумган атасына жазган каты жарыяланган. Атасы маркум Мухтар Алиев ушул жылдын январь айында 82 жаш курагында Алматыда дүйнө салган.
Артка
Алдыга

Рахат Алиев менен кошо банкирлердин өлүмү боюнча айыпталып, соттолгон Казакстан УККнын кызматкерлери Алнур Мусаев жана Вадим Кошлякты Вена соту өткөн жылы актап, абактан бошоткон.

Австрия бийлиги Рахат Алиевдин өзүн-өзү өлтүрүүсү эч кандай версия менен четке кагылбайт деп, ага байланыштуу ишти жапкан. Бирок, ошол кезде эле Алиевдин өлүмүндө башка бирөөнүн таасири болушу мүмкүндүгүн четке кагылбасын билдирген көз карандысыз патолого-анатомиялык экспертизанын бүтүмдөрү чыгарылган. Эми алар Бренк Бринкман тарабынан да ырасталууда.

Казакстандык саясат таануучу Амиржан Косанов Рахат Алиевдин өлүмүндөгү жаңы жагдайлар өлкөдөгү саясий жараяндарга таасирин тийгизет деп, буларга токтолду:

- Кандай болгондо да президенттин улуу күйөө баласы, Улуттук коопсуздук кызматынын башчыларынын бири болуп, кезинде оппозицияга, бизнеске таасир эткен ал киши тууралуу Казакстанда сөз токтогон жок. Азыр чыгып жаткан батыш маалымат каражаттарында жарыяланган эле эмес, калк ичинде да ар түрдүү сөздөр бар.

Кайсы бир мамлекетте отуруп алып, Казакстанга, анын жетекчилигине каршы аракеттер жасалат дегенге ишенбейм. Экинчиден, андай жасай тургандай Казакстан эл аралык аренада өзгөчө бир үлкөн, беделдүү мамлекет эмес.
Амиржан Косанов

Косановдун пикиринде, Рахат Алиевдин өлүмүндөгү жаңы жагдай Казакстандагы кландар аралык күрөштө колдонулушу ыктымал.

Рахат Алиевдин киши колдуу болгондугу тууралуу маалыматка чейин Франция банкир Мухтар Аблязовду Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тарткан чечим чыгарган. Мухтар Аблязов Казакстанда да көз боёмочулук боюнча айыпталып, аны экстрадициялоо аракети жасалып келген. Расмий Астанага жагымсыз бул эки маалыматтын удаа чыгышында Казакстанга каршы аракеттер болушу мүмкүнбү деген суроого казакстандык саясат таануучу Амиржан Косанов мындай жооп берди:

- Анткени батышты ошондой бир чечим кабыл ала турган борбор деп саноо кыйын. Батыш мамлекеттерде расмий бийлик бар, саясий бийлик бар. Алардын өзү түрдүү тармактардан турат. Президенти, парламенти, премьер-министри, көз карандысыз сот системасы бар. Ошондуктан кайсы бир мамлекетте отуруп алып, Казакстанга, анын жетекчилигине каршы аракеттер жасалат дегенге ишенбейм. Экинчиден, андай жасай тургандай Казакстан эл аралык аренада өзгөчө бир үлкөн, беделдүү мамлекет эмес.

Рахат Алиев Казакстанда соттолуп, 20 жылга кесилген. Мухтар Аблязовду да Казакстанда соттоо жараяны күтүп турат.

Эксперттер Рахат Алиев өлтүрүлгөнүн айтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:19 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG