Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Австрияда Рахат Алиевге айып тагылды


Рахат Алиев
Рахат Алиев

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиев адам өлтүргөн деп Австрияда айыпталды.

Батыш маалымат булактарынын кабарлашынча, Рахат Алиев 2007-жылы “Нурбанктын” жетекчи-менеджерлери Жолдас Темиралиев менен Айбар Хасеновдун өлүмү боюнча айыпталууда.

Рахат Алиев өзү мындай айыптоону "ойдон чыгарылган жана саясий өч алууну көздөйт" деп башынан эле четке каккан. Ал кайын атасынын каарына кабылган кезде Казакстандын Венадагы элчиси болгондуктан, ошол бойдон мекенине кайтпай Австрияда саясий качкын ирети жашап жүргөн.

Рахат Алиев менен Нурсултан Назарбаев
Рахат Алиев менен Нурсултан Назарбаев

Рахат Алиев Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дариганын мурдагы күйөөсү. 2007-жылы май айында Алиевге каршы Казакстанда кылмыш иши ачылгандан көп өтпөй Дарига Назарбаева күйөөсү менен ажырашканы маалымдалган. Дарига Назарбаева азыр казак парламентинин төмөнкү палатасы - Мажилистин төрагасынын орун басары жана “Нур Отан” партиясынын парламенттик фракциясын жетектейт.

Кийинки 2008-жылы Алматы шаардык соту генерал-майор Рахат Алиевди кылмыштуу топту түзгөн, адамдарды уурдаган жана бийликти басып алууга кам көргөн деп таап, сыртынан 20 жылга абакка кескен. Сот ошондой эле мурда өлкөдөгү кирешелүү салык кызматында төрага орун басары, анан төрага, Улуттук коопсуздук комитетинде жана Тышкы иштер министрлигинде биринчи орун басар кызматтарында иштеген Назарбаевдин мурдагы сүймөнчүктүү күйөө баласын бардык наамдары менен дипломаттык даражасынан ажыраткан.

Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылып, бирок Вена сот калыс өтпөйт деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес. Анткен менен 2011-жылы Рахат Алиевге каршы өз алдынча тергөө баштаган. Ошентсе да экс-күйөө бала 2014-жылы июнда Австрия бийликтерине өз эрки менен келип, ошондон бери камакта кармалууда. Австрия полициясы тергөөнүн жүрүшүндө дагы башка саясий эмигранттар - Казакстан улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Алнур Мусаевди жана Алиевдин экс-жардамчысы Вадим Кошлякты камакка алат.

Рейтерс агенттигинин билдиришинче, Р. Алиев күрөөгө койо берилиши ыктымал. Эгер сот аны күнөөкөр деп тапса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кээ бир булактардын (Associated Press, Reuters) маалымдашынча, журт башы Назарбаевдин экс-күйөө баласы Ата мекенинде калган өмүрүн абакта өткөрүшү мүмкүн же 40 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Рахат Алиев 2009-жылы англис тилинде мурдагы кайын атасы Нурсултан Назарбаевди 1930-жылдардагы Америкада белгилүү үй-бүлөлүк мафиячыл топтордун башчысына салыштырып жана анын “былыктарын” ашкерелеген көлөмдүү китеп (The Godfather-in-law) жарыялаган. Китепти ал орус тилинде да чыгарган.

XS
SM
MD
LG