Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Рахат Алиев Австрияда камалды


Рахат Алиев.
Рахат Алиев.

Казак президентинин мурдагы күйөө баласы, мекенинде узак жылдарга соттолгон Рахат Алиев Австрияда камакка алынды.

Алиевдин адвокаты ал полицияга өз эрки менен түшүп бергенин айтууда. Алиевди Австриядан өткөрүп алууга соңку бир нече жылдан бери аракеттенип жүргөн казак прокуратурасы окуяны азырынча комментарийлей элек.

Рахат Алиевдин австриялык адвокаты Манфред Анитердин Батыш гезиттери менен маалымат агенттиктерине айтканына караганда, Алиев 5-июндун түнү Венанын аэропортунан камалган. Адвокаттын ырастоосунда, Алиев австриялык бийликтерге өз эрки менен багынып берди жана бул өлкөнүн укук коргоо органдары менен кызматташууга ниеттүү.

Адвокат Манфред Анитер кошумчалагандай, австриялык бийликтердин Алиевди камоо чечими "адам уурдоо жана өлтүрүү" деген айыптардын негизинде быйыл май айында чыккан. Бул өлкөнүн полициясы казак президентинин мурдагы күйөө баласы айыпталган кылмыш иштери боюнча өз иликтөөсүн 2011-жылы баштаган.

Алиевди Австриядан өткөрүп алууну көздөп келген Казакстандын Башкы прокуратурасы ага буга чейин башпаанек берген өлкөдө камакка алынышын комментарийлей элек.

Казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Алиевдин камалышына байланыштуу азырынча суроо жараткан жагдайлар көп:

Амиржан Косанов.
Амиржан Косанов.
- Мен үчүн Алиев полицияга өзү келди деген маалымат кызык болуп жатат. Мындан улам менде бул Алиевдин кезектеги шахматтык жүрүшү, кадамы эмеспи, казак бийлигине мен мына Австрияда камалдым, эми сүйлөй баштайм деген белгиси эмеспи деген суроолор чыгууда. Алиев акыркы бир нече жылдын ичинде өзүн Казакстандагы демократия үчүн ири күрөшкер катары көргөзүүгө аракеттенип жүрдү. Ал камалышын эми өзүн коргоо үчүн пайдаланбайбы деген суроолор бар. Биз албетте Алиевди демократ, оппозиционер катары кабылдай албайбыз. Анткени, казак коомунда ага суроолор абдан көп.

Рахат Алиев мекенинде бир катар кылмыш иштеринин негизинде сырттан соттолуп, жалпысынан ага 40 жылдык түрмө жазасы чектелген. Казак соту оболу аны “Нурбанктын” 2007-жылы уурдалган эки башкаруучусунун өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапкан. Банкирлердин сөөгү 2011 - жылы гана табылган.

Алиев мындан сырткары "кылмыштуу топ түзүп, башкарган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген, мамлекетке чыккынчылык кылган" деп да айыпталган.

Ал эми былтыр жыл соңунда казак бийликтери Рахат Алиевдин 2006-жылы киши колдуу болгон оппозициячыл саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө катышы бардыгын алгач ирет айтып чыгышкан.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Сарсенбаевди өлтүрүүгө буюрутманы Рахат Алиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин анын менен кошо чет өлкөдө бекинип жүргөн мурдагы төрагасы Алнур Мусаев бериши мүмкүн экенин каңкуулаган жаңы жагдайлар ачылып жатканын билдирген эле.

Сарсенбаевдин өлүмү боюнча ишти кайра караган сот быйыл февралда Рахат Алиев менен Алнур Мусаевдин буга тиешеси бар-жогун териштирүү жөнүндө токтом чыгарган.

Алиев болсо Батышта 2009 - жылы жарыяланган китебинде Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмү үчүн жоопкерчиликти мурдагы кайнатасына жүктөгөн.

Алиевди Астанага өткөрүп берүүдөн Австрия буга чейин эки ирет баш тарткан болчу. Мында расмий Вена анын иши Казакстанда адилет териштирилүүсүнө кепилдик жок деген жүйөөнү карманган.

Рахат Алиев мурдагы жубайы Дарига Назарбаева менен.
Рахат Алиев мурдагы жубайы Дарига Назарбаева менен.
Бирок, казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косановдун пикиринде, Алиевдин мекенине экстрадициялануусуна Ак ордо (президенттин резиденциясы) деле анча кызыкдар эмес:

- Нурсултан Назарбаевге мурдагы күйөө баласынын Казакстанга экстрадиция болгону керек эмес. Анткени, анын билген нерсеси көп. Казакстанга келип, ачык сотто агынан жарылып, сүйлөөсү, өз чындыгын айтуусу бийликке керек эмес.


Алиев кезинде Казакстанда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрага орун басарынын кызматын ээлеген. 2007-жылы кайнатасы менен чатакташкан кезде Австрияда элчи болчу жана ошондон кийин Батышта калып калган.

Казак бийликтери ага таккан айыптардын баарынын саясий жүйөөсү бардыгын айтып келген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG