Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Назарбаев диссидент-банкирге тузак тартты


Табигый кендерге бай Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин укуругу Европа Биримдигине чейин жетчү болду.

29-майда Италия полициясынын атайын күчтөрү Рим шаарынын четиндеги вилланы капилет басып, казакстандык качкын миллиардер Мухтар Аблязовдун аялын кармап кетти. Полиция кийинчерээк Аблязовдун алты жашар кызын да вилладан алып кетип, бир күн өтүп-өтпөй апа-бала Казакстанга жөнөтүлдү.

Аблязовдун үй-бүлөсүнүн айтымында, казак өкмөтү Аблязовдун аялы менен кызын барымтага алды жана аларды президенттин элдешкис сынчысы эсептелген качкын миллиардерге алмаштырууну көздөйт.

Италиянын полициясы Мухтар Аблязовдун зайыбы Алма Шалабаеваны жана алты жашар кызы Алуаны чартердик рейс менен Казакстандын консулунун коштоосунда Алматыга жөнөтүүсүн - алардын жалгама паспортчон жүргөнү менен түшүндүрдү. Бирок Аблязовдун адвокаты Риккардо Оливонун сөзүнө караганда, Шалабаева менен кызында казак паспорту болуп, алардын Евробиримдикке кирүүсүнө Латвия виза берген экен. Адвокаттар азыр
Шалабаеваны депортациялоо боюнча соттун чечиминин негиздүүлүгүн иликтешүүдө. Шалабаеванын мекенине шашылыш жөнөтүлүүсү адвокаттарда Рим жана Астана өз ара мунаса түзүп алган деген күдүк ойду жаратты.
Алма Шалабаева кызы Алуа менен
Алма Шалабаева кызы Алуа менен
Диссидент-бизнесмендин улуу кызы Мадина Аблязова бийлик апасын атасына алмаштыруу үчүн барымтага алды, атасы Казакстанга келсе, аны жөн эле тындым кылып коёт деп кооптонот:

- Бийлик анын кайтып келгенин каалабайт. Бийлик анын өзүн каалайт. Мен муну баса айтам. Бийлик аны барымтага албай эле кармаганды каалайт. Балким азыр ал бийликтин колунда. Алар аны жөн эле өлтүрүп салышат. Бийлик аны өлтүргүсү келет. Себеби менин атам президенттин эң чоң каршылашы.

Алма Шалабаева азыр Алматыда үй камагында отурат жана жалгама паспортту пайдаланган деп соттолушу толук мүмкүн.

Жолдуу ишкер Мухтар Аблязов бир кезде президент Назарбаев назарын салып, министр дайындаган жаңы жаш муундун өкүлү. Ал сыңары 33 жашта маалымдоо министри болгон Алтынбек Сарсенбаев жана Павлодар облус губернатору Галимзян Жакиянов мамлекет башчысына жакын чөйрөдөгү жемсөөлүккө чыдабай, реформачыл оппозициялык кыймылга биригишип, “Элбашы” Назарабевдин каарына калышат.

2003-жылы казынага кол салды деп алты жылга кесилген Аблязовго “Элбашы” мээримин төгүп, жоопкерчиликтен бир шарт менен куткарат: экинчи саясатка аралашпас керек. Андай болбоду. Мухтар Аблязов 2011-жылы Британиядан саясый баш паанек алганга чейин оппозициячыл топторду жана медианы миллиондогон акча берип каржылайт.

Санаалашы Жакиянов абакка кесилет. “Ак жол” партиясын баштаган Сарсенбаев 2006-жылы киши колдуу болуп өлөт.
Аблязовдун БТА банкы тартып алынып, өзү 6 млрд. долларды уурдап алды деп күнөөлөнүп, өлкөдөн качканга мажбур болот.

Саясый качкындар, экс-премьер-министр Акежан Кажегелдин жана экс-министр Мухтар Аблязов "K-Plus" телеканалына интервью берүүдө. Лондон, 13-март, 2010
Саясый качкындар, экс-премьер-министр Акежан Кажегелдин жана экс-министр Мухтар Аблязов "K-Plus" телеканалына интервью берүүдө. Лондон, 13-март, 2010
Евгений Жовтис Адам укугу жана мыйзамдуулук боюнча Казакстандын эл аралык бюросун жетектейт. Анын сөзүнө караганда, Мухтар Аблязовдун оозун жаптыруу боюнча өнөктүктүн демилгечиси президент Назарбаев өзү болгон:

- Назарбаев мени сатып кетти деп ойлойт. Себеби Назарбаев өзүн алардын байышына, элге таанылышына, мамлекеттик кызматта же бизнесте мансап жасашына жагдай түзүп бергениме карабай, алар мага каршы чыкты деген ойдо. Назарбаев 2003-жылы Аблязов саясатка аралашпайм деп сөз берген соң, анын кайра ишкерчилик кылуусуна мүмкүндүк берген. Аблязов кайра саясатка аралашканын көргөндө албетте, Назарбаев өзүн эки жолу алдандым деп сезди.

Лондон Мухтар Аблязовго саясый баш паанек бергени менен 2012-жылы бар мүлк-дүйнөсүнүн булагын көрсөтпөдү деп жоопко тартмак болгондо, ал Британиядан житип кеткен. Май айында Лондондун соту БТА банкы Аблязовдун эсебинен анын кардарлар алдындагы карыздарын төлөп берсин деген өкүм чыгарат. (Италия полициясынын 29-майдагы түнкү жортуулу Аблязов Римде жашырынып жүргөн дегенге негиз берди).

Акыркы окуялар Евгений Жовтистин айтышынча, президент Назарбаев өз сынчыларынын оозун жабуу үчүн өтө батыл кадамдарды жасагандан кайтпаганга даяр экенин күбөлөйт:

- Назарбаевдин өлкөдөн сырт жактарда каршылары жана душмандары пайда болду. Алардын ичинен эң туруктуусу Аблязов. Ал бийликти жана Назарбаевдин өзүн козголтуу үчүн көп иштерди уюштурганга аракет кылууда. Анын мындай аракеттери жана сүргүндө жүрүп болсо да чакырык таштаганы Назарбаевди аябай кыжырдантып, кычыгына тийди.

Мухтар Аблязовдун тарапкерлери Италия жана Британия Казакстандагы ири энергетикалык долбоорлордун инвестору болгондуктан, диссидент-банкир менен президент Назарбаевдин чатагына кийлигишпей бейтарап позицияны карманууда дешет. Баса Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр өткөн жылы Назарбаевдин кеңешчиси катары 13 млн. доллар алганы жөнүндөгү кабар чоң нааразылыктарды жараткан.

XS
SM
MD
LG