Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Бай казактар сөз эркиндигин каржылайт


"К-плюс" тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Бакытжан Кетебаев "Азаттык" радиосунун Прагадагы башкеңсесинде. 7-октябрь 2009-ж.
"К-плюс" тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Бакытжан Кетебаев "Азаттык" радиосунун Прагадагы башкеңсесинде. 7-октябрь 2009-ж.

Борбор Азиядагы популярдуу “К-плюс” сателиттик телеканаланын жетекчиси Бакытжан Кетебаев аймакта бийликтин көзүн карабаган көзкарандысыз телеканалдын жаралышы мүмкүн эмес деп санайт

Анткени, бийлик бардык букараларды эмес, мамлекет башында турган жалгыз инсанды коргойт. Бирок бай адамдар өлкөдө мыйзам үстөмдүгү орномоюн, алардын жана карапайым адамдардын укугу корголбосун билишет. Ошон үчүн, эркин басма сөздү каржылашат, дейт Кетебаев “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда.
Чоң шаарларды сателиттик табаксыз элестетүү мүмкүн болбой калды.


"Жумурткадан кыр издеген" бийлик

“К-плюс” Евразия мейкиндигине экс-советтик Борбор Азиядагы окуяларды күнү-түнү чагылдырган бейөкмөттүк телеканал. Анын берүүлөрүн сателлит табагы жок адамдар көрө алышпайт. Бакытжан
Адам укугун коргоочу Евгений Жовтис адилет эмес кесилде деген демонстранттар "Бүгүн- Жовтис, эртең-сен" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп баратышат. Алматы. 23-сентябрь 2009-ж.
Кетебаевдин түшүндүрүшүнчө, эфирлик телевидениеге уруксат алуу өтө машакаттуу жараян:

-Көзкарандысыз сателиттик эмес сыналгы Борбор Азия өлкөлөрүндө болушу мүмкүн эмес. Ал үчүн уруксат, лицензия керек. Компания түзгөн кезде да жергиликтүү бийликтин укуругуна илинесиң.

Бакытжан мырза бийлик кысымын 2002-жылы өкмөтчүл медиахолдингге аргасыз сатылган “Таң” телерадиоканалын жетектеп жүргөндө баштан өткөргөн. “Таң” түркүн текшерүүлөрден мөңкүрөп калбаган соң, телеканалдын жабдууларын бийликтин желдеттери мылтыктан аткылап жатып иштен чыгарышкан.

-Бул окуядан кийин Казакстандын маалымдоо министрлиги биздин берүүлөрүбүзгө уруксат бербей койду,-деп улайт сөздү Кетебаев.- Канал башка адамдарга сатылып, алар бир нече күндөн кийин уруксат алышты. Ошон үчүн азырынча Борбор Азияда сателиттик эмес эркин сыналгы болушу мүмкүн эмес. Бир эле жол-сателиттик телевидение.

“Таңдын” жаңы кожоюндары көзкарандысыз маалымат берүүнү токтотуп, телканалдан көбүн эсе оюн-зоок программаларын берет.

Казак бийликтери "Таңды" мылтыктан атып коркутканда...

2007-жылдан тарта өз берүүлөрүн көгүлтүр экранга чыгара баштаган “К-плюсту” “Таң” телеканалы сыяктуу мылтыктан аткылап токтотууга болбойт, себеби, туруктуу студиясы жок. Материалдарды өнөктөштөрүнөн алат. Болочокто, көрармандар чөнтөк телефонун
Күкүрттүн кутусундай уюлдук телефонду пайдаланып, сүрөт, видеотарткандан башка да кат-кабар жөнөтсө, гезит-журналды, китептерди Интернетке кирип окуса, музыка укса жана башка толгон токой иштерди жасаса болот.
пайдаланып, кызыктуу көргөн кабар-репортаждарын “К-плюска” бере алышат:

-Бул программа Борбор Азия аймагындагы ар бир адамга уюлдук телефону менен интернет-кафени пайдаланып, биздин долбоорго катышууга мүмкүндүк берет. Бизде азыр чөнтөк телефондон жөнөтүлгөн видеону экрандан көрсөткөндөй жабдуубуз бар.

Кетебаевдин айтышынча, телеканал бейтарап кабарларды берсе да, президент Назарбаевдин качкын күйөө баласы Рахат Алиев менен интервьюну көрсөткөндөн кийин кысымга кабылган:

-...биздин компанияга негизги кысым Рахат Алиевге сөз бергенибизден кийин башталды. Ал азыр Казакстандын биринчи душманы. Аны президентибиз Назарбаев мырзанын жеке душманы десе болот. Ошон үчүн кысымды Казакстандын аракети жана казак тараптын Бишкекке жасаган өтүнүчү менен байланыштырам. Менимче, Кыргызстан менен Тажикстандын бизге кысым жасоосуна жүйө жок эле.

Баса, Өзбекстан менен Түркмөнстандан “К-плюс” менен кызматташчу жууратташ студиялар менен кабарчылар чыкпагандыктан, бул эки өлкөдөн видеоматериалдар азырынча көрсөтүлбөйт.

Рахат Алиевдин тагдыры казак байларын эркин медианы каржылатты

Бакытжан мырза телеканал акчаны кайдан алганын айтпайт. Бирок Казакстанда күнкорсуз маалымат булагын каржылачу бай адамдар көп дейт:

-Казакстан бай өлкө жана бизде бай адамдар көп. Азыр акча жана бийлиги болгону менен, акчаларын өлкөдө укуктук тартип болгон учурда гана сактай алышаарын байлар түшүнүшөт. Укуктук тартипти көзкарандысыз маалымат каражаттары менен сот камсыздайт.

Рахат Алиев жана Нурсултан Назарбаев Президенттик сарайдын көздөн далдаа бурчунда баарлашууда. Рахат Алиевдин "Кесеп ата" деген китебиндеги фотосүрөт.
Кетебаевдин оюнча толук көзкарандысыз маалымат булактары жана соттор жок. Анткен менен, журналисттер жана жарандар бир адамдын көзүн карап калбашы керек деп санайт Бакытжан мырза:

-Буга айкын мисал Рахат Алиевдин тагдыры. Бир нече жыл мурда Алиев президенттин күйөө баласы, килейген медиахолдингдин эгеси болчу. Казакстанда анын сөзү Назарбаевдин сөзүнчө болбосо да, андан бир аз кем бааланчу. Биз Алиев менен күрөшүп, башка адамдарды Алиевден коргочубуз. Бир сөз менен Алиев 40 жылга кесилди. Үй-бүлөсү, мүлкү, телеканалдары жана радиосунан ажырап, Австрияда отурат.

Бакытжан мырзанын сөзүнчө, адамдардын укугун тегиз коргогон бейтарап сот жана маалымат каражаттары жок болгондуктан жеке адамды тейлеген бийлик алдында коргоосуз экенин терең аңдаган байлар “К-плюстан” акчасын аяшпайт:

-Ошон үчүн көптөгөн бай казактар Казакстанда, балким башка да Борбор Азия өлкөлөрүндө курулган система не кембагалдарды, не байларды коргобогонун түшүнүшөт. Бул система мамлекеттеги бир адамды гана коргоону ойлойт. Мунун кооптуу экенин байлар түшүнгөн үчүн (бизден) акчаны аяшпайт. Менимче, президенттин администрациясы Борбор Азиядагы сөз эркиндигине кимдер жардам берип жатканын билсе, аябай таң калмак, -дейт Борбор Азиядагы мурдакы советтик өлкөлөрдөгү жаңылыктарды Евразия мейкиндигине 24 саат бою үзбөй көрсөткөн "К-плюс" телеканалынын башчысы Бакытжан Кетебаев "Азаттык" радиосуна берген интервьюда.

XS
SM
MD
LG