Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Казакстан: Президентке асылган китеп жана алкаган курултай


Рахат Алиевдин жаңы чыккан китебинин мукабасы.
Рахат Алиевдин жаңы чыккан китебинин мукабасы.

Казакстанда өткөн аптада “Нур Отан” партиясы он жылдык мааракесин белгилеп, анда мамлекет башчысынын дарегине алкоо сөздөр арбын айтылды. Президенттин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев казак президентинин абийирин төгүүнү көздөгөн китебин Европада чыгарды. Ал “Атаман кайын ата” (Крестный тесть) деп аталат.

Байкоочулар казак президентин алкаган курултай менен анын айланасындагылардын абийирин төгүүнү максат кылган китептин чыгышынын бир учурга туш келиши жөн гана кокустук экенин белгилешти. “Нур Отан” партиясы өзүнүн 10 жылдык мааракесине арналган кезексиз 12-курултайын өткөн жума күнү, 16-майда өткөрдү. Ал эми Рахат Алиевдин билдиргенине караганда, китептин немис, орус тилиндеги нускалары 10-майдан тарта Австрия, Германия, Швейцариянын дүкөндөрүндө сатыла баштады.

Астанадагы курултайды утурлай бул ирээт башкааланын аэропортун президент Нурсултан Назарбаевдин аты менен атоо демилгеси көтөрүлдү. Мурда президенттин ысымын Астана шаарына берүү сунушталганда, Назарбаев өзү каршы чыккан эле. Эми кийинки сунуш кабыл алынабы-алынбайбы муну убакыт көргөзмөкчү.

Курултайдын жүрүшүндө болсо Рахат Алиевдин дарегине кескин сын айтылды. Парламент депутаты Кенжагали Сагадиев президент Назарбаевди улуттун жаратуучу катары мүнөздөө менен атүгүл өз атасын да аябастан, үйүндө камап, мекенине кетирбей койгон Рахат Алиев сындуу адамдарда башкалардын ишине баа бергидей “моралдык укук” жок экенин белгиледи.

“Атаман кайын атанын” таасири канчалык?

Рахат Алиевдин “Атаман кайын ата” (Крестный тесть) деп аталган, мукабасында Назарбаевдин тапанча кармап турган сүрөтү басылган китеби 540 беттен турат.

Мурдарак ал өз китебинде мурдагы кайын атасынын жана анын айланасындагылардын былыктарын ачууну убада кылган эле. Китептеги маалыматтар ЕККУ уюмунда төрагалык кыларына жарым жылдан бир аз ашуун убакыт калган, Казакстандын беделине канчалык шек келтире алат.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев биз менен маегинде буларга токтолду:

- Менимче кандай болгон күндө да өлкөнүн беделине олуттуу сокку урулат. Анткени бул китепте мамлекет башчысы, Рахат Алиевдин пикири боюнча тигил же бул ишке аралашкан саясий элита катуу дисскредитацияланат. Бирок бул жерде Рахат Алиевдин өзү да көп убакыт бою жогорку кызматтарды ээлегенин, албетте аппакай жана үлпүлдөк эмес экенин эске алганда, ага карата да ишеним анчалык жогору эмес экенин белгилеп кетүү керек. Бирок ал баалуу маалыматтардын ээси экенин эске алганда, бул китепке олуттуу көңүл бурулат. Казакстандын өзүндө да көптөр китептин орус тилиндегисин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Себеби көптөр Казакстанда чүмбөттөлүп коюлган маселелерге жооп тапкысы келип жатат. Мисалы оппозициячыл саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмү боюнча. Албетте бул жерде китепке тыюу салынары айныксыз. Менимче, көптөр аны Интернет аркылуу алууга аракеттенет. Басылган нускалардын бир бөлүгү да пайда болсо керек, бирок албетте совет доорундагыдай легалдуу эмес түрдө.

Саясат таануучу Досым Сатпаев биз менен болгон маегинде кошумчалагандай, өз китебин жарыялоо менен Рахат Алиев мурдагы кайнатасы менен аны кайра жараштыруусу ыктымал болгон “көпүрөлөрдүн баарын өрттөдү”. Китептин чыгышы алардын ортосунда соодалашуу жана диалог болбойт дегенди туюндурат.

Китепте Казакстан менен Кыргызстандын жер алмашуусу тууралуу да учкай айтылат

Китебинин 194-барагында Алиев “Жайытты алгыла, санаторий бергиле” деген аталыш алдында минтип жазат:

“2008-жылдын жазында биздин өлкө бир тууган Кыргызстан менен эки тарапка пайдалуу алмашуу жүргүздү. Ага Жамбыл облусунан 1000 гектардан ашуун сугат, айдоо жер кетти. Бул үчүн кыргыздар Казакстандын президентине Ысык-Көлгө эс алууга келгендердин баарына белгилүү Бостери кыштагына жакын жерден жер беришти. 1100 гектар келген казак жери үчүн биз 620 гектар кыргыз жерин алдык, анын үстүнө жарымынан көбүн дароо эле атаман кайын атанын жеке компаниясына жаздырышты. Келишимди даярдоо жана ишке ашыруу менен Утемуратов жана Досмухамедов алектенишкен.

Азыр Назарбаевдин жеке менчиктеги аймагында көрөсөндүү алты вилла курушту. Ысык-Көлдөгү жыйырма сегиз метрлик жалгыз жеке менчик яхта Назарбаевге анын бизнес боюнча өнөктөшү, Швейцарияда жашаган ингуш Ахмед Местоев тарабынан белекке берилген”.
Казак президентинин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев

Рахат Алиев ошондой эле өз китебинде президент Нурсултан Назарбаевдин үч үй-бүлөсү бар деп ырастайт. Алиевдин жазганына караганда, Назарбаевдин үчүнчү жубайы 2005-жылы апрелде уул төрөп берген жана ал бийликти болочокто өз уулуна өткөрүп берүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG