Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Казакстан: оппозициячыл ММКга чабуул


Казак прокурорлору соттон "Республика" медиа тобу астында иштеген маалымат каражаттарын түгөл жабууну суранышууда. Төмөндө "Республика" гезитинин интернет сайтындагы көрүнүш. 31-март, 2011-жыл.
Казак прокурорлору соттон "Республика" медиа тобу астында иштеген маалымат каражаттарын түгөл жабууну суранышууда. Төмөндө "Республика" гезитинин интернет сайтындагы көрүнүш. 31-март, 2011-жыл.

Казакстанда сот оппозициячыл маанайдагы “Республика үнү” гезитин жабуу маселесин караганы жатат.

Казак прокурорлору сотко жалпысынан отуздай маалымат каражатын, эки саясий бирикмени жабуу боюнча арыз жолдошкон. Байкоочулар казак бийликтеринин оппозициячыл маалымат каражаттарына каршы азыркы укуктук чабуулун адаттан тыш деп мүнөздөшүүдө.

Казак прокурорлору катталбаган “Алга” саясий партиясын жана “Халык майданы” саясий кыймылын, гезит, интернет сайттарды, телеканалды кошкондо 30дай маалымат каражаттын жабуу боюнча арыздарын алар экстремизмди жайылткан жана өкмөттү кулатууну көздөгөн деп негиздешти.

Басма сөз эркиндигин коргоо боюнча “Адил сөз” эл аралык корунун президенти Тамара Калеева казак бийликтеринин бул кадамын жакында бир жылдыгы белгилене турган Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштырат:

- Биринчи себеби, албетте Жаңы-Өзөндөгү окуялар. Биздин бийлик мунайчылардын эмгек укуктарын коргоо боюнча абдан ири жана узакка созулган акцияларынан абдан чочуп калышкан. Азыр бардык чөйрөдө, бардык деңгээлде мындайга эми жол бербөө боюнча чаралар көрүлүп жатат. Бул жерде, албетте аша чапкандык, дүрбөлөң болуп жатат.

Батыш Казакстандагы мунайчылардын өз эмгек укуктарын коргоо боюнча узакка созулган иш таштоосу былтыр декабрда кагылыш жана он алты адамдын өлүмү менен аяктаган эле. Бул окуяга 16-декабрда туура бир жыл толот.

Соңку бир жылдан бери Жаңы-Өзөндөгү кагылышка тикелей катышы бар деп саналгандардан сырткары казак прокуратурасы жабууну көздөгөн “Алга” партиясы менен “Халык майданы” кыймылынын лидери Владимир Козлов жети жарым жылга кесилди. Ал “социалдык кастыкты” козуткан деп айыпталган.

Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов
Прокуратура соттон жабууну суранган жогорудагы эки саясий кыймылдын жана “Республика” медиа тобу астында иштеген сегиз гезит, 23 интернет сайтты, берүүлөрүн сателлит аркылуу таратуучу “К+” телеканалынын, казак бийликтеринин ишениминде, мурдагы медиа жана банк магнаты Мухтар Аблязовго тиешеси бар.

Бийликтер банк башкарган кезинде 5 миллиард долларды өзүнө ыйгарып алган деп айыптаган Мухтар Аблязов президент Назарбаевдин башкы сынчысы катары таанымал.

Быйыл Британиянын соту өз мүлктөрү тууралуу маалыматты толук ачыктабаганы үчүн 22 айга түрмөгө кескен Аблязов азыр кайда жүргөнү белгисиз. Ал мекенинен 2009-жылы февралда Британияга качып чыккан.

Биротоло жабылуу коркунучу алдында турган “Республика үнү” гезитинин адвокаты Сергей Уткин басылманын Аблязовго таандык экендигин четке кагат:

- Гезит абдан эле көз карандысыз, бийликке жакпаган материалдарды жарыялайт. Анын ичинде Жаңы-Өзөн боюнча да. Ушундан улам эле жаап жатышат. Газета юридикалык жактан Аблязовго да, Козловго да таандык эмес. Бирок бийлик аларга тиешеси бар деп санайт. Аблязов жана Козлов - бүгүнкү бийликтер үчүн душман.

Адвокат Уткин кошумчалагандай, “Республика үнү” гезитинин ишмердиги соттук териштирүү учурунда токтотулуп, анын Facebook, Twitter and LiveJournal өңдүү социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына тосмо коюлган.

Аталган басылмадан тышкары “Взгляд” гезитинин, “Алга” партиясынын иши да соттун соңку чечимине чейин токтотулган.

Сөз эркиндигин коргоочулар прокуратура доо койгон гезиттердин жашап кетишине үмүт аздыгын айтып жатышат.

“Адил сөз” корунун президенти Тамара Калеева:

- Бул басылмалар жабылчудай. Биздин бийлик оппозициянын тамырын кыркынуу көздөөдө. Демократиялык коом үчүн оппозициячыл басылмалар, оппозициянын өзү керектигин азыр Казакстанда толугу менен унутуп коюшту.

Казакстандагы бул кырдаал Батыш өлкөлөрүнүн, укук коргоо топторунун көңүл борборунда тургандай.

“Хьюман Райтс Уочт” саясатчы Владимир Козловдун соттолушун “ой-пикир билдирүү эркиндигине, саясий плюрализмге урулган сокку” деп бааласа, АКШ Казакстан өз сот системасын “оппозиция үнүн өчүрүү” үчүн колдонуп жатканын белгилеген.

Европарламент Еврошаркетти Казакстандан адам укуктары боюнча кырдаалды жакшыртууну, укуктук мамлекеттин принциптерин өнүктүрүүнү талап кылууга чакырган резолюция кабыл алган.

Ал эми Норвегиянын Хельсинки комитети ММКны кысмактоону “туура эмес багытты” көздөй кадам деп атап, соттордун аларга тыюу салышы “Казакстандын эл аралык аренадагы беделине” олуттуу сокку урарын эскерткен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG