Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Казакстанда нааразылык толкуну токтой элек


Ички иштер министрлигинин аскерлери Жаңы-Өзөндөгү тополоңдо өрттөнгөн имараттын жанында черүүдө жүрүшөт. 19-декабрь 2011
Ички иштер министрлигинин аскерлери Жаңы-Өзөндөгү тополоңдо өрттөнгөн имараттын жанында черүүдө жүрүшөт. 19-декабрь 2011

Мангыстау облусунун борбору Актауда бүгүн да Жаңы-Өзөндөгү кандуу калабага нааразы болгон адамдар митингге чыкты.

Шаршемби күнү да Актауда нааразылык акциясы улантылды. Бирок ортолуктагы Ынтымак аянтын полициянын атайын күчтөрү ээлеп, "демонстранттар аянтка чыккан көчөлөргө сүрүлүп салды", - деп билдирди “Азаттыктын” атайын кабарчысы Сания Тойкен телефондон.

Түз линк


Жаңы-Өзөндө 16-декабрда болгон тополоңдо 14 киши курман болуп, 80ден ашык киши жараат алган.
Мунай-газ жана тоо-кен өнөр жайынынын кирешелерин адилеттүү бөлүштүрүү Казакстанда чечилбеген маселе бойдон калууда.

Башкы прокурорлуктун маалымдашынча, 40тан ашуун имарат-мекеме таланып-өрттөлгөн. Облустун Шетпе шаарчасында полиция менен болгон мушташта бир адам өлүп, 12 киши жарадар болгон. Кагылышууларда полициянын огунан мындан да көп адамдын каны төгүлгөнү айтылууда. Серепчилер Мангыстау облусунда болгон кандуу калаба Казакстандагы кырдаалга тасир этпей койбойт деп боолгошот.


Казак полициясы Актау шаарынын борбордук аянтында. 20-декабрь 2011
Казак полициясы Актау шаарынын борбордук аянтында. 20-декабрь 2011
Премьер-министр Карим Масимов 20-декбарда Астанада өткөн кеңешмеде Казакстандын батышындагы мунай-газ ишканаларынын жумушчулары май айынан бери талап кылып жаткан проблемалар бир күн арасында чечилсин деп буйруду. Бирок ошол эле күнү 1-вице-премьер Өмүрзак Шукеев башындагы комиссия менен жаңыөзөндүк демонстранттар ортосундагы сүйлөшүү жыйынтыксыз бүттү.

Жумуштан айдалган жаңыөзөндүктөрдүн өкүлү Эркин Озгандын “Азаттыкка” айтышынча, алар өздөрүн мурдакы жумушуна орнотуудан башка да бийликтен окуяны калыс чагылдырууну, 16-декабрдагы кагылышта окко учкандар менен жарадар болгон ар бир адамдын ысмын атоону талап кылышууда.

“Азаттыктын” казак кызматына жөнөтүлгөн видеотасма нааразы болуп аянтка чыккан адамдарды полиция артынан сая түшүп ок атканын тастыктайт.


Жаңы-Өзөндө кантип атышкан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00
Мангыстаулук мунайчылар маяналарын көбөйтүүнү, кирешелерди калыс бөлүштүрүүнү жана жумуш шартын жакшыртууну талап кылып, иш таштоого чыккандан кийин топ-тобу менен жумуштан айдалган. Бийлик алардын талабын негизсиз деп санайт.

“Жакында өкмөт Жаңы-Өзөндү өнүнктүрүү боюнча узак мөөнөттүк план кабыл алган. Буга чейин да көп каражат бөлүнгөн жана бул иш таштоо үчүн укуктук негиз жана экономикалык жагдай жок болчу. Ошондуктан, бул феноменге эч кандай орун жок деп эсептейм”,-дейт өкмөттүк “Самрук-Казына” корунун аткаруучу директору Эрлан Байжанов.

Ал эми алматылык серепчи Төлөгөн Аскаров кирешелерди калыс бөлүштүрүү жалпы өлкөгө мүнөздүү көйгөй деп, Батыш Казакстан башынан эле Назарбаевдин бийлигине нааразы экенин баса белгиледи.
Президент Наазарбаевдин Жанаөзөндөгү тополоңдо тытылган баннери. 19-декабрь 2011
Президент Наазарбаевдин Жанаөзөндөгү тополоңдо тытылган баннери. 19-декабрь 2011

- Өлкө төбөлсүздүк алгандан кийинки алгачкы жылдарды эстесек: Батыш Казакстандык шайлоочулардын маанилүү бир тобу башкаруучу режимге, президент Назарбаевге, бийликтеги партияга каршы дорбуш берген,-деди Аскаров.- Мунай-газ жана тоо-кен өнөр жайынынын кирешелерин адилеттүү бөлүштүрүү Казакстанда чечилбеген маселе бойдон калууда. Ошон үчүн берегидей кырдаал жалгыз Мангустау облусу менен чектелбейт. Жакында сыягы ушуга окшогон окуяларга башка да мунай-газдуу региондордон көрөбүз.

Талдоочулар Казак бийлиги өлкөдө стабилдүүлүк өкүм сүрүүдө деген пропагандисттик ураанга жамынып, аймактардагы жөнгө салууну күткөн маселелерди жаап-жашырып жүрөт дешет.

Бу сындуу концепциядан дүйнө эбак баш тартканын белгилеген лондондук эксперт Бавна Даве айым Мангыстаудагы окуялар келерки жылы Казакстанда болчу парламенттик шайлоого сөзсүз таасир этет деп жоромол кылат:

- Албетте, бул окуялар өлкөдөгү жалпы жагдайга таасир этпей койбойт. Тараз, Ак-Төбөдө болгон калабалуу окуялар Казакстанда стабилдүүлүк терең тамырлаган деген ашкере пропагандисттик концепцияны жокко чыгарат. Акыркы окуялар Казакстанда чечилчү проблемалар көп экенин да күбөлөйт. Казакстандагы кырдаал парламенттик шайлоодон соң кандай өнүгөрүн азыр боолгоп айтуу оор.

Мангыстау облусунда шаршемби күнү телекоммуникациялык байланыш иштей баштаганы маалымдалды. Байланыш министрлиги Интернет жана уюлдук байланыш, ошондой эле электр кубаты менен камсыздоо өткөн аптадагы тополоң кезинде келтирилген зыяндан улам иштен чыкканын түшүндүрдү. Деген менен Жаңы-Өзөндө Казакстандын төбөлсүздүгү күнү болгон кандуу калаба учурунда Интернет жана уюлдук байланышты бийликтер үзүп койгон эле.

Бул күндө шаардын көпчүлүк тургундары үйлөрүнөн чыкпаганга аракет кылат. Айгүл Жалгазбаева деген бухгалтер аялдын айтымында:

Түз линк

- Биз үйдөн чыга албай отурабыз. Эркектерди атайын автобустар жумушка алып кетүүдө. Аялдар бала-чакабыз менен үйдө калуудабыз. Мектептер жабык. Ооруканага баруу үчүн атайын уруксат алуу керек.

Президент Наразбаевдин жарлыгы боюнча Жаңы-Өзөндө чукул кырдаал абалы 5-январда аяктайт.

Тасмада: Жаңы-Өзөн курмандыктарын эскерүү. Орол, 20-декабрь.


Жаңы-Өзөн курмандыктарын эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

XS
SM
MD
LG