Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Рахмондун балдарынын бөтөлкөдөгү аттары


Дүйшөмбү мэри Рустам Эмомали.
Дүйшөмбү мэри Рустам Эмомали.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (28-август, 4-сентябрь).

Coca-Cola компаниясы Тажикстанда белгилүү ысымдарды бөтөлкөлөргө жаздырып, сатыкка чыгарууда. Бирок ат тандоодо өлкө лидери Эмомали Рахмондун балдарынын жана саясатчылардын ысымдарына артыкчылык берилип жатканын Eurasianet басылмасы баяндайт.

"Маселен, Рустам деген бөтөлкөдөгү ысым Дүйшөмбү мэри Рустам Эмомали, Озода болсо президенттик администрациянын жетекчиси Озоджа Рахмондон алынгандай. Ошондой эле президенттин үч кызы Рухшона, Фарзона, Фируза жана уулу Сомондун аттары да Coca-Colaнын Fanta, Sprite, Piko сыяктуу суусундуктарынын бөтөлкөлөрүнө жазылды. Coca-Cola Тажикстанда 2015-жылдан бери өндүрүшүн баштап, ишканага 70 миллион доллардай инвестиция жасаган. Эми мындай маркетинг менен ошол бизнесине кепилдик түзүп жаткандай. Анткени буга чейин Beeline, Tcell, Megafon сыяктуу ири мобилдик операторлорго бийлик салыктан качты деген жалаа жаап, миллиондогон доллардык айып пул төлөткөн. Франциянын Тажикстандагы элчиси Ясмин Гуэдар да өлкөдөгү инвесторлорго багытталган катаал шарттар, коррупция менен салыктар алардын иштөөсүнө тоскоол болуп жатканын айтып, ага Total, Auchan фирмалары тушуккан кыйынчылыктарды далил келтирген. Ошондой эле элчи Тажикстанга барчу чет элдик инвесторлорго каражатын жоготуп аларын эскертерин да кошумчалаган. Кандай гана бизнес болбосун, Тажикстанда анын кызыл лентасын Эмомали Рахмон кесиши керек деген жазылбаган эреже бар. Жогору жакта колдоо болсо, чет элдиктерге тоскоол жасалбайт", - деп жазат Eurasianet.

Буга чейин да ар бир өлкөдө таанымал аттар бөтөлкөгө жазылып келген. Украина.
Буга чейин да ар бир өлкөдө таанымал аттар бөтөлкөгө жазылып келген. Украина.

Террорчунун жакындары да жазалынышы керек

Кокус досу же үй бүлөдөгү жакыны, ошондой эле кандайдыр бир террордук чабуул пландалып жатканын билген киши күч органдарына өз маалында билдирбей койсо, террорчу менен кошо сот жообуна тартылышы керек деген билдирүүнү британ өкмөтүнүн терроризм боюнча улук эксперти Макс Хилл жасады. Макс Хиллдин бул билдирүүсү узаган жумада британ басма сөзүндө көп талкууланган темалардын тизмесинде турду. Independent гезитинде билдирүүнүн маанисине кеңири талдоо жасалды. Буга чейин Британияда бирөө ишке ашырган теракт үчүн анын жакындары сот жообуна тартылган учурлар сейрек кездешкен. Жакында эле Манчестердеги бомбалоону ишке ашырган адамдын бир тууганы Салман Абеди Ливияда сот жообуна тартылууда. Жихадчы Жэк Литтстин ата-энеси болсо Сириядагы уулуна акча салганы үчүн терроризмди каржылады деген айып менен соттолушкан. Барселона, Париж жана Брюсселде "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу тарабынан уюштурулган калабалардын көбүн Ирак, Сирияда согушуп жүргөп жихадчылардын жакын туугандары ишке ашырган. Эксперттер Британияда согушчул топторго кошулбаса да өз үйүндө эле экстремисттик көз карашка сугарылгандар көбөйүп жатканын айтышууда. Макалада айтылгандай, буга чейин террордук акт даярдалып жатканын билип токтотууга аракет жасабагандар беш жылга чейин эркинен ажыраткан берене боюнча соттолушкан. Макс Хилл мындай өкүм жумшактык кылаарын, маселени кайра карап чыгуу керектигин кошумчалаган.

Рохинжа мусулмандары Бангладешке качууда

Time журналы Рохинжада болуп жаткан кагылышуулар тууралуу көлөмдүү макала жарыялады. Байкоочулар Мьянмадагы калабадан 400дөй киши набыт болгонун кабарлашты. Бирок Мьянма бийлиги өлгөндөрдүн санын 110 деп билдирүүдө. Рохинжадагы айыл-кыштактар бийликтегилер Ислам мамлекетин курууну көздөйт деп айыптаган Аракан Рохинжаны куткаруу армиясы тарабынан чабуулга алынып, аларды басуу үчүн армия, полиция аймакка киргизилип, үйлөр өрттөлүп, адамдар өлтүрүлүп жатканын Time басылмасына Бангладешке качкандар билдиришкен. Мьянманын атуулдугун ала албаган Рохинжадагы миңдеген мусулмандардын укугун коргойбуз деген Аракан армиясы аймактагы 25 полиция түйүнүнө кол салган. БУУнун адам укуктары боюча жогорку комиссары Зейд Раан аль Хуссейн калабаны сындап, кагылышты алдын алууга болот эле деди. Эл аралык уюмдар аймактагы мусулмандар менен буддисттердин ортосундагы чыңалууну мыйзам чегинде чечүүнү да сунушташкан. Соңку күндөрү 27 миңдей рохинжалык мусулман коңшулаш Бангладешке качып өткөнү кабарланды. Жүздөгөн жаралуулар ооруканага жаткырылды. Рахиндеги Будда кечилдери да калабадан коркуп, чиркөө жана мектептерде баш калкалоодо. Качкындар арасында ачкачылык жана антисанитария өкүм сүрүп жатканын Кызыл чырым уюму билдирди.

Жапонияда самурайлар менен нинзялар азайды

Жапонияда туристтерди кызыктырган самурай, нинзя жана рикша айдоочулар барган сайын азайып бара жатканын Asian Nikkei Review басылмасы маалымдайт. Өзгөчө өнөрдү талап кылган самурайлык кесипти тандагандардын саны 21-кылымда өтө сейрек болууда. Ушундан улам коомчулук кылыч менен беттешкен жарыштарды уюштуруп, жөнөкөй самурайларды тарбиялоого аракет кылып жатат. Чыныгы самурай өнөрүн билгендер картайып, эң эле жаш дегени 40-50 жаштагы жапондор болууда. Ал эми нинзялар азыркы Жапонияда самурайлардан да суюлуп кетти. Ошондой эле 19-20-кылымдагы рикшалар же кош дөңгөлөк арабаны сүйрөгөн айдоочулар да жоголуп баратат. Жапонияда рикша бизнесин башкарган "Эбисуя" компаниясы расмий каттоодогу рикшалардын саны азыр 300гө араң жетерин маалымдаган. Ал тургай рикша салтын улантууга чет элден мигранттарды тарткан учурлар да болгон. Айрым учурда рикша сүйрөп, нинзя чеберчилигин үйрөнүп жана самурай кылычын кынынан суурган иш-чараларга тажрыйбасыз ыктыярчыларды тарткан учурлар да болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG