Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Сауд Арабиянын болочок падышасы аныкталды


Ханзаада Мухаммад бин Салман
Ханзаада Мухаммад бин Салман

Сауд Арабиянын падышасы Салман өз уулу Мухаммад бин Салманды башкы ханзаада же биринчи мураскер кылып дайындады. Падышанын бир тууганынын баласы Мухаммад бин Наиф болсо башкы мураскерликтен четтетилди. Сауд Арабиянын болочоктогу падышасы ким?

Сауд падышасы Салман бир тууганынын баласы Мухаммад бин Наифтин ордуна өз уулу, 31 жаштагы Мухаммад бин Салманды башкы мураскер кылып дайындаганын алгачкылардан болуп мамлекеттик SPA агенттиги жарыялады. Ага ылайык, ханзада Салман дароо эле премьер-министрдин орун басарлыгына келди. Ошондой эле буга чейин аркалап келген коргоо министри кызматын да сактап калды.

Дубайдагы “Ал-Арабия” телеканалынын маалыматына караганда, тактынын жаңы мураскерин 34 адамдан турган атайын кеңештин 31 мүчөсү колдогон. 57 жаштагы ханзада Наиф болсо ички коопсуздук мекемесинин жетекчилигинен да бошотулганы маалым болду.

Араб дүйнөсүндөгү эң таасирдүү жана тыкыр көзөмөлдөгөн өлкөнүн тургундары падышалык үй-бүлөнүн чечимин бир ооздон колдой турганын айтышууда:

- Саудиялыктар катары бул өзгөрүүлөргө кубанып турабыз. Жаңы жана жаш муун өкмөттүн башына келгенине кубандык. Жаңы доордогу Сауд Арабия калкынын 70 пайызын 35 жашка чейинкилер түзөт, - деди баш калаа Рияддын тургуну Саад ал-Кантани.

Мухаммад бин Салман жана Мухаммад бин Наиф (оңдо)
Мухаммад бин Салман жана Мухаммад бин Наиф (оңдо)

Жаңы мураскер ханзада Мухаммад бин Салман - азыркы падыша Салман бин Абдел Азиздин үчүнчү аялынан 1985-жылы төрөлгөн. Ал Рияддагы негизги университетте юриспруденцияны окуп бүтүп, бир катар мамлекеттик мекемелерде иштеген. 2009-жылы атасынын - ошол учурдагы мураскер ханзаданын кеңешчиси, 2013-жылы Ханзадалар сотунун төрагасы болуп дайындалган.

Ошентсе да аны 2015-жылы атасы падыша болгонго чейин өлкөнүн сыртында тааныгандар жокко эсе эле. Себеби Сауд Арабия падышалыгын түптөгөн Абдел Азиздин ондогон уулдары болгондуктан королдук үй-бүлөдө жүздөгөн ханзада жана каникелер бар.

Учурдагы падыша Салман агасы Абдалла көз жумгандан кийин 79 жашында бийликке келип, уулу Мухаммадды дароо эле Наифтен кийинки экинчи мураскер жана коргоо министри кылып дайындаган. Бул дайындоодон кийин жаш ханзада өлкөнүн ички жана тышкы саясатына активдүү киришип, Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчуларына каршы араб коалициясынын чабуулдарын баштаган.

Падыша Салман АКШ президенти Дональд Трампты Рияддын аба майданында тосуп алууда, 20-май 2017-жыл.
Падыша Салман АКШ президенти Дональд Трампты Рияддын аба майданында тосуп алууда, 20-май 2017-жыл.

Бейруттагы америкалык университеттин профессору Рами Хури ханзаданын негизги мураскерге айланары күтүлгөн кабар болгонун айтты:

- Мухаммед бин Салмандын мураскер ханзаада болушу чоң күтүүсүз окуя эмес. Себеби ал эки жыл бою экинчи саптагы мураскер болчу. Аны бул кызматка даярдашты. Бул күтүлгөн өзгөрүү. Ал өлкө ичиндеги, Йемендеги же башка аймактардагы мурдагы саясатын улантабы же өзгөртөбү? Бул негизги суроо. Соңку дайындоо өлкөнүн ичиндеги кырдаалга кандай таасирин тийгизерин билбейбиз. Падыша болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган улгайган ханзадалар буга капа болобу же болбойбу, бул да белгисиз.

Профессер Рами Хури Сауд Арабия баштаган араб өлкөлөрүнүн Катар менен чатагы, АКШ президенти Дональд Трамптын Сауд королдугуна өзгөчө колдоо көрсөткөнү жана соңку кадрдык өзгөрүү бири-бири менен тыгыз байланышта деп кошумчалады.

Айткандай эле ханзада Мухаммад бин Салман акыркы айларда падышанын өкүлү катары Бээжин, Москва, Вашингтонго чейин барып келген. АКШнын жаңы администрациясы менен мыкты мамиле түзүүгө жетишкен.

Ханзаада Салман 30-майда орус президенти Владимир Путин менен Кремлде жолуккан.
Ханзаада Салман 30-майда орус президенти Владимир Путин менен Кремлде жолуккан.

Эксперттер учурдагы падышанын саламаттыгы жакшы эмес экенин эске алганда жаш ханзада жакынкы жылдары Сауд Арабиянын башына келерин, натыйжада өлкөдө узак жылдарга туруктуулук камсыз кылынарын айтышат.

Бирок Лондондогу дүйнөлүк рынокко жана мунай бааларына байкоо салган аналитик Жаспер Лоулер жаш ханзааданын Иран менен мамилеси региондогу чыңалууну күчөтүшү мүмкүн дейт:

- Ханзаада Салман өтө катаал тышкы саясат жүргүзөт. Иран менен касташып келет. Ошондой эле Сауд Арабиянын экономикасын мунайдан диверсификациялоо саясатын көзөмөлдөйт. Иран менен чыңалган мамиле ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөрдүн мунай өндүрүшүн кыскартуу келишимине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Сауд Арабия дүйнөдөгү мунай экспортоочу өлкөлөрдүн башкы сабында турат. Планетадагы миллиондогон мусулмандар жыл сайын зыяратка келген Мекке жана Медина шаарлары да бул өлкөдө жайгашкан. Андыктан падышалыктагы ар бир өзгөрүү регионго гана эмес, дүйнөлүк маселелерге да таасирин тийгизери ажеп эмес.

Сауд Арабияда ханзадалар адатта 70-80 жаштарында падыша болушат. Эми жаш ханзаада эртерээк падыша болуп калышы мүмкүн. Ал адам укуктарынын абалы, алардын ичинде аялдардын укуктары чектелгени үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган Сауд Арабияга кандай өзгөрүү алып келет деген суроо азырынча жоопсуз турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG