Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Сауд Арабияда падыша Абдалланы акыркы сапарга узатышты


Падыша Абдалланын сөөгүн жерге берүү учуру. Эр-Рияд, 23-январь, 2015-жыл.
Падыша Абдалланын сөөгүн жерге берүү учуру. Эр-Рияд, 23-январь, 2015-жыл.

23 –январь түнү 91 жаш курагында дүйнөдөн өткөн падыша Абдалланын сөөгү жума күнү кечке жуук Эр-Риядда жерге берилди.

Дүйнө лидерлери Сауд Арабияга көңүл айтуу жолдошуп, маркум падыша Абдалла мусулман жана Батыш дүйнөсү ортосунда маанилүү ортомчу болгонун белгилешти.

Анын ордуна падышалык тактыны ээлеген 79 жаштагы иниси Салман ибн Абдель Азиз Аль Сауд өлкөнүн буга чейинки багытын сактоону убада кылды. Өз уулу, ханзаада Мухаммедди коргоо министринин кызматына дайындады.

Ал эми тактынын мураскери деп Мукрин ибн Абдель Азиз Аль Сауд жарыяланды.

69 жаштагы Мукрин ибн Абдель Азиз Аль Сауд, маалыматтарга караганда, Сауд Аравиянын негиздөөчүсү жана биринчи падышасы Абдель Азиз аль Сауддун 45 баласынын эң кичүүсү.

Мукрин 2012-жылы падыша Абдалланын кеңешчиси жана атайын чабарманы, 2013-жылы премьер-министрдин орун басары болгон.

АКШ менен тыгыз алака-катышты кармайт, Саудиянын аймактагы башкы атаандашы – Иранга карата катаал жана кас туруму менен белгилүү. (UE)

XS
SM
MD
LG