Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Иран Катарга беш учак азык-түлүк жөнөттү


Катарды бир жума мурда Перс булуңундагы айрым коңшулары блокадага алышкан.
Катарды бир жума мурда Перс булуңундагы айрым коңшулары блокадага алышкан.

Ирандын улуттук авиакомпаниясы Катарга беш учак менен азык-түлүк жеткиргенин маалымдады. Ал эми расмий Доха дипломатиялык араздашууларга карабай, араб коңшуларынын жарандары өлкөдө кала аларын билдирди.

Катардагы эт азыктарын өндүргөн ишканалардын бири экспортту толугу менен токтотуп, бир гана жергиликтүү базарга иштей баштаганын өлкөдөгү "Эл аралык өнүгүү долбоорлору" бирикмесинин төрагасы Ахмед ал-Халаф билдирди. Анын айтымында азык-түлүк таңкыстыгын алдын алуу үчүн өлкөдөгү ишканалар үч мөөнөт менен иштеп жатышат.

- Биз чет жактан айрым жабдыктарды алдыртып жатабыз. Жакын арада учактар менен келип калыш керек. Биз муну өндүрүштү көбөйтүү максатында жасап жатабыз. Андан башка Азербайжан, Өзбекстан, Украина, Румыния, Болгариядан чийки заттарды алып келе баштайбыз. Ал эми кийинки аптада мен башка мамлекеттер менен да келишим түзүү үчүн учуп кетем.

Катардын баш калаасы Доха.
Катардын баш калаасы Доха.

Ал тапта Ирандын улуттук авиакомпаниясы 11-июнда блокадада калган Катарга беш учак менен азык-түлүк жеткирилгенин маалымдады. Iran Air компаниясынын маалымат катчысы Шарук Нушабади Катарга жер-жемиш жеткирилгенин, ар бир учакта болжол менен 90 тоннадай жүк болгонун тактады. Ал эми "Франс-пресс" агенттиги Ирандын "Тасним" басылмасына таянып, Тегерандан Катарга 350 тонна азык-түлүк жүктөлгөн үч кеме жөнөтүлгөнүн жазды.

Иран ошондой эле Катардын учактары үчүн өзүнүн аба мейкиндигин да ачканын буга чейин кабарлаган. Сауд Аравия башында турган бир нече араб мамлекеттери Катарды аймактагы террорчул топторду каржылап, колдоп жатканын айыптап, бардык байланыштарын үзгөнүн билдирген соң Иран биринчилерден болуп Катарга жардам көрсөтөрүн ишара кылган.

12-июнда Тегеранда өткөн маалымат жыйында Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Касеми араб мамлекеттери аймактагы туруктуулукту камсыздоо үчүн пикир келишпестиктерди чечип алуулары зарылдыгын айтты.

- Бул мамлекеттер пикир келишпестиктерин чогуу отуруп, аймактагы кырдаалды жана баарыбыз туш болуп жаткан көйгөйлөрдү эске алуу менен чечип алышы керек. Алар аймактагы туруктуулук жана тынчтык үчүн аракет кылууга тийиш. Биз сабырдуулукка жана тынч сүйлөшүүлөргө чакырабыз.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

​Катарды колдогондордун арасында Түркия да бар. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жекшембиде жасаган билдирүүсүндө Катарды колдоону уланта берерин дагы бир ирет баса белгиледи:

- Катардагы фонддорду террордук уюмдарга ар кандай колдоо көрсөтүп жатышат деп айыпташууда. Бирок ал жакта андай түшүнүк жок. Ал фонддор менен мен да таанышмын, аларды мен да билем. Ушул күнгө чейин Катар террорчуларга колдоо көрсөткөнүн көргөн эмесмин.

Расмий Доха коңшуларынын айыптоосун четке кагып, эч кандай экстремисттик уюмдарды колдобогонун айтып келет. Катарда ири аскерий базасы жайгашкан Кошмо Штаттардын бул маселе боюнча так пикири тастыктала электей. Президент Дональд Трамп араб мамлекеттеринин Катарга каршы кадамын колдогону менен, Кошмо Штаттардын башка расмийлери, анын ичинде мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон чыңалууну басаңдатууга умтулушууда.

Ал тапта Катардын бийликтери алар учурдагы дипломатиялык араздашууга карабай, Перси булуңу боюнча коңшуларынын жарандары өлкөдө кала беришин кубаттарын билдиришти. Ар кандай маалыматтарга ылайык, Катарда араб мамлекеттеринин 11 миңдей жараны бар.

Өткөн апта башынан тарта Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет Катар менен дипломатиялык байланыштарын үзүп, бул өлкөнү абадан, кургактан, деңизден да блокадалоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG