Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:19

Карымшаков: Катарга болгон катаал мамилеге кабатырбыз


Катарда беш жылдан бери эмгектенген Азамат Карымшаков.

Перс булуңундагы Катар менен төрт араб мамлекети дипломатиялык алакаларын үзүп, аба жана деңиз байланыштарын токтотту. Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет Катарды экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык колдоо көрсөтүүдө деп айыптоодо. Мындай өзгөрүү бул өлкөнүн карапайым тургундарына кандай таасирин тийгизет? Аймактык изоляция боюнча Катарда жашаган кыргызстандыктардын пикири кандай?

Ушул жана башка суроолор менен Катарда беш жылдан бери жашап жаткан кыргызстандык Азамат Карымшаковго кайрылдык.

"Азаттык": Азамат, бир күн мурда төрт мамлекет, алардын ичинде Сауд Арабия Катар менен бардык дипломатиялык алакасын үзүп, абадагы, жердеги жана деңиз байланыштарын токтотконун жарыялады. Мындай чечимди Катардагы жайкын тургундар кандай кабыл алды? Ушу тапта өлкө ичинде кырдаал кандай?

Азамат Карымшаков: Кечээтен бери бул суроо абдан курч коюлуп жатат. Биздин социалдык тармактагы “Дохадагы кыргыздар” деген группабыз бар, ошол жакта таң аткандан бери ушул маселе кызуу талкуу жаратты. Негизи бул теманы терең талдоо кыйын болууда. Анткени төрт мамлекеттин билдирүүсү бир күн мурда эле жарыяланды. Ошол себептүү көп нерсе бизге түшүнүксүз. Жай тургундардын санааркап жатканы байкалат. Катарга азык-түлүктүн сексен пайызы Сауд Арабия аркылуу келет экен, тактап айтканда кургактагы жол бир гана коңшу Саудия аркылуу өтөт. Ал жолдун жабылганы ырасталды. Ошого байланыштуу бүгүн дүкөндөрдө азык-түлүк алуу үчүн адамдар узун кезекке турууга мажбур болушту. Ал эми бул жактагы кыргызстандыктарга окуя кандай таасири этери белгисиз. Кыргызстандыктар үчүн Fly Dubai сыяктуу компаниялардын каттамдары токтоп калганы чоң көйгөй. Анткени бул жактагы мекендештердин бардыгы ушул компания менен Дубай аркылуу Кыргызстанга барып келет. Билеттер эки эсе кымбаттады. Биз эми Түркия аркылуу башка компаниялар менен учуу керек болот.

"Азаттык": Негизи Катарда канча кыргызстандык жашайт. Алар эмне менен алектенет, эмне иш кылат?

Азамат Карымшаков: Катарга 2016-жылы Кыргызстандын элчилиги ачылып, бул жактагы жарандардын саны 370тин айланасында экени маалым болду. Элчилик ачыланга чейин журтташтардын так санын деле билчү эмеспиз. Катар кыргызстандыктар үчүн мурда көп деле тааныш эмес болчу. Биздин журтташтар негизинен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай, Абу-Даби шаарларына барып көп иштечү. Азыр эми Катарга келгендердин саны да өсүп баратат. Бул жакта эмгектенген кыргыздардын 80-90 пайызы Бишкектеги жумушка орноштуруу борборлору аркылуу келгендер. Мен да атайын келишим менен келип, жумушка орноштум. Азыр "Катар Телеком" компаниясында, байланыш жаатында эмгектенем. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Катарда мыйзамсыз иштеп жүргөндөр дээрлик жок. Бул өлкөдө мыйзамдар аябай катуу жана алар тыкыр көзөмөлдөнөт. Андан тышкары туристтик виза менен келгендер да бар, бирок алар атайын агенттиктер аркылуу саякат менен чектелгендиктен бул жакта кала албайт. Катардагы кыргыздардын көпчүлүгү эки-үч жыл мурда бир гана тейлөө чөйрөсүндө эмгектенчү. Жакында Катарда дүйнөдөгү эң чоң аэропорттордун бири салынды. Ошол жакка дагы Кыргызстандагы жумушка орноштуруу агенттиктери аркылуу келип, менин эсебимде 50-60тай кыз-жигит иштеп жатышат. Андан тышкары "Катар фонду" бар, ошол жакта көп мекендештерибиз иштейт. Инженер болуп чоң курулуш компанияларында, беш жылдыздуу мейманканаларда администратор болуп иштеген кыргыздар бар. "Катар кыргыз клаб" уюмун ачканбыз, белгилүү даталарда, майрамдарда чогулуп турабыз.

Катардагы кыргыздар.
Катардагы кыргыздар.

"Азаттык": Катар чакан болгону менен, бай өлкө экенин билебиз. Ал жактагы жашоо кандай? Башка мамлекеттерден келген мигранттарга кандай мамиле кылышат?

Азамат Карымшаков: Катар эми киши башына түшкөн киреше боюнча дүйнөдөгү эң бай мамлекет болуп саналат. Ошону менен катар чакан өлкө. Жалпы аянты 11 миң чарчы чакырымды түзөт. Жаратылыш газын өтө ири көлөмдө экспорттойт. Катар Сахара чөлүнүн бир тутуму болгондуктан, абдан ысык. Бул жакка баары эле иштөө үчүн келгендиктен, убакыт иш менен үйдүн ортосунда өтөт. Ошону менен бирге эле Катар абдан коопсуз өлкө. Маселен, автоунааны көчөдө ачык таштап кете берсең болот. Түн ичинде сейилдөөчү жайларга, деңиз жээгине эч кооптонбой эле бара бересиң. Азыр ыйык Орозо айы эмеспи. Катар ислам мамлекети, бул жакта шарият мыйзамдары менен жашайт. Орозо айында мамлекеттик кызматкерлер беш саат гана иштейт. Ал эми жеке компаниялардын жумушчулары алты саат эмгектенет. Компаниялар өз каражаттарына ооз ачаар жана сухур деп коебуз ооз бекитүү уюштуруп турушат. Андан тышкары бул жакта өзгөчө салттары бар. Маселен, ооз ачаар алдында азан айтылып, андан соң замбирек менен үч жолу ок чыгарылат. Андан тышкары кечинде ар бир мечитте ооз ачаар уюштурулат. Бардыгы бекер, көчөдө болуп калсаң жакынкы мечиттердин бирине кирип ооз ачып алсаң болот. Ошондой эле бул жактагы мекендештер да бири-бирибизди чакырып турабыз. Быйыл ифтарды элчиликте өткөрүү ниетибиз бар. Жергиликтүү калк абдан кичи пейил. Булар колунда бар калк болгондуктан ишке көп кызыга беришпейт. Ар биринин фирмалары, кол алдында иштеген жумушчулары бар. Бул жакта негизинен жумушта англис тилинде сүйлөшөбүз. Ал эми жергиликтүүлөр менен эркин сүйлөшүү үчүн арабча дагы үйрөнүп алганбыз. Катарда орус тилин билүүнүн кажети деле жок. Анткени бул жакта орус тилдүү туристтер аз. Бул тенденция Дубайда популярдуу. Ал жакта мейманканаларда, ресторандарда атайын орус тилдүүлөрдү тейлеш үчүн орус тилин билген кызматкерлерди алууга басым жасашат.

"Азаттык": Жергиликтүү калк дээрлик иштебей турганын айтып өттүңүз. Демек, бардыгын мигранттар кылса керек. Кайсы өлкөдөн келген мигранттар басымдуу?

Азамат Карымшаков: Катарда Индиядан келгендер абдан көп. Алардын саны 500 миңдин тегерегинде деп айтылат. Кийинки орунда Бангладештен келгендер турат. 300-400 миңдин айланасында болсо керек. Мындан кийин непалдыктар. Андан кийин филиппиндер жана пакистандыктар турат. Алардын көбү курулуштарда иштешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG