Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Төрт араб мамлекети Катар менен алаканы үздү


Катардын баш калаасы Доха шаары.
Катардын баш калаасы Доха шаары.

Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет Перс булуңундагы дагы бир араб мамлекети - Катар менен бардык дипломатиялык алакаларын үзүп, аба жана деңиз байланыштарын токтотконун жарыялашты. Төрт мамлекет Катарды экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык колдоо көрсөтүп, аймактагы туруксуздукка жол берип жатат деп айыпташты.

Сауд Арабиянын мамлекеттик "Ал-Эхбария" телеканалынын алып баруучусу 5-июнда түз ободо буларды жарыялады:

"Сауд Арабиянын өкмөтү терроризм жана экстремизм коркунучтарынан коргонуу үчүн эл аралык укуктун алкагында суверендүү укуктарынан пайдаланып, Катар менен дипломатиялык жана консулдук алакаларын үзүп, аба жана деңиз байланыштарын токтотууну чечти".

Сауд Арабия Катар менен кургактагы да чек арасын жабарын кошумчалады. Эр-рияд Катарды бир катар террордук жана сектанттык топторду, анын ичинде "Мусулман агайындары", "Ислам мамлекети" жана "Ал-Каиданы" колдойт деп айыптоодо. Саудия ошондой эле Йеменде уланып жаткан согуштагы араб мамлекеттеринин коалициясынан Катардын аскерлери чыгарыларын да жарыялады.

Көп өтпөй Египет, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары да Катар менен бардык байланыштарын үзүп, дипломаттарын бул мамлекеттен чыгарып кетерин билдиришти.

Перс булуңундагы мамлекеттер Катарды Иранга жана "Мусулман агайындар" сыяктуу радикал кыймылдарга өтө жакын ымала санайт деп эсептешет.

Төрт араб мамлекети Доха менен аба жана деңиз байланыштарын үзүп, катарлыктарга бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө эки апта беришти.

Египеттин Тышкы иштер министрлиги Катарды террордук топторду колдоосун токтотуу аракеттери ийгиликсиз аяктаганын билдирди.

"Бириккен Араб Эмираттары Катарды террорчулукту, экстремизм жана сектанттык уюмдарды колдойт, каржылайт", - деп айыптаганын WAM агенттиги жазды. Агенттик кошумчалагандай, Абу-Даби Катардын дипломаттарынын чыгып кетүүсү үчүн 48 саат берди.

Бириккен Араб Эмираттарынын Etihad, Fly Dubai жана Air Arabia авиакомпаниялары, ошондой эле Саудиянын Saudi Airlines компаниясы 6-июндан тарта Катарга бардык каттамдарын токтото турарын жарыялады. Ал эми Катардын Qatar Airway авиакомпаниясы да 5-июндан тарта Сауд Арабияга учпай калганын билдирди.

Бахрейндин маалымат агенттиги өлкө Катар менен дипломатиялык байланыштарын Бахрейндин ички иштерине кийлигишип, анын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч жаратып жаткандыгы үчүн үзгөнүн маалымдады.

Катардын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу өкүнүчүн билдирип, бул чечимдер жүйөсүз экенин жана эч кандай далили жок билдирүүлөргө негизделгенин билдирди.

Доха тарап кошумчалагандай, пикир келишпестиктер Катардын маалымат агенттигинде хакерлер тарабынан жарыяланган жалган маалыматтардан улам чыккан.

Сөз болуп жаткан макалада Катардын Эмири шейх Тамим бин Хамад аль-Таниге шилтеме жасалып, "Иран ислам державасы экенин", ал эми "Катар менен Израилдин алакасы жакшы" экени айтылган.

- Катардын маалымат агенттигинин интернеттеги сайтына хакерлер чабуул коюшкан. Алар Эмирдин атынан жалган маалымат таратышкан. Бул сөздөрдүн Эмирге эч тиешеси жок. Биз бул боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштадык. Кылмышкерди таап, жазасын беребиз, - деген 26-майда жасаган билдирүүсүндө Катардын тышкы иштер министри Мухаммед Бин Абдулрахман ал-Тани.

Катардын тышкы иштер министри Мохаммед Бин Абдулрахман ал Тани.
Катардын тышкы иштер министри Мохаммед Бин Абдулрахман ал Тани.

Катардын "Ал-Жазира" телеканалы министрликке шилтеме жасап, бул чечимдер өлкө жарандарынын жашоосуна кедергисин тийгизбестигин белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 5-июнда бардык тараптарды чогуу отуруп, пикир келишпестиктерди кароого үндөдү.

- Биз албетте тараптар чогулуп, пикир келишпестиктерди чечип алуусун колдойбуз. Эгер жардам керек болсо көрсөтөбүз жана биз үчүн Перс булуңу кызматташтык кеңешинин бирдикте калышы маанилүү. Бардык тараптар Эр-Риядда өткөн саммитте “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүүгө дилгир экенин билдиришкен.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Тиллерсон бул дипломатиялык кризис Ирак жана Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы аскерий кампанияга таасирин тийгизбейт деген ишеничте экенин кошумчалады.

Катарда Кошмо Штаттардын эң ири ал-Удэйд авиабазасы жайгашкан. Ал жакта АКШ аскерий күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын 10 миңдей аскери бар.

Тегерандагы жогорку даражадагы аткаминерлердин бири Катар менен дипломатиялык алакаларды үзүү Жакынкы Чыгыштагы кризиске чекит койбостугун белгиледи.

- Дипломатиялык алакаларды үзүү жана чек араларды жабуу - кризисти чечүүнү жолу эмес. Мен мурда айткандай, агрессия жана аннексия оң жыйынтык бербей, туруксуздукка алып келет, -деп жазды өзүнүн Твиттердеги баракчасына Ирандын президентинин администрация жетекчисинин орун басары Хасан Абуталеби.

Буга чейин 2014-жылы Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн "Мусулман агайындары" тобуна колдоо көрсөтөт деген жүйө менен өз элчилерин Катардан чакыртып алышкан.

Газга бай Перс булуңунда жайгашкан Катарда 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөрү күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG