Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Израил - Палестина: эки мамлекет куруу сунушу


Париждеги конференция. Трибунада Жан-Марк Аро
Париждеги конференция. Трибунада Жан-Марк Аро

Жекшембиде Париждеги жыйында 70тен ашуун мамлекет өкүлдөрү Израил менен Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоого чакырышты. Болочок сүйлөшүүлөргө зыянын тийгизчү бир тараптуу аракеттерден кармануу керектигин айтышты.

Париждеги жыйынга Европа, Араб мамлекеттери жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр болуп 70тен ашуун мамлекет өкүлдөрү келишкен. Жыйын соңунда кабыл алынган коммюникеде Израил менен Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырышты.

Француз тышкы иштер министри Жан-Марк Аро жыйынды ачып жатып эки тарап талашып келген аймакка эки мамлекет куруу тынчтыкка алпарарын белгиледи:

- Эки мамлекет деген чечим алдыга жылуунун жападан жалгыз жолу. Бул эки тараптын тең үмүттөрүнө жана укуктарына жооп берген жалгыз жол.

Министр тараптар сүйлөшүүдөн баш тарта берсе жаңы кагылышуулар боло берерин эскертип өттү. Француз президенти Франсуа Олланд да ал пикирди кубаттап, араздашууну экстремисттер пайдаланып кетүү коркунучу барын кошумчалады.

Бирок Израил премьер-министри Беньямин Нетаньяху маселени эч кимди кийлигиштирбей, өз алдыбызча сүйлөшөбүз деген позицияда. Ошондуктан кеңеш берүү иретинде болгонуна карабай эл аралык коомчулуктун пикирин эске албай жатат. Атургай Парижге да келген жок. 15-январда өз өкмөтүнүн жыйынында сүйлөп жатып бул конференция тууралуу:

- Ал француздар жана палестиналыктар менен күн мурунтан макулдашылган. Максаты бизди Израилдин улуттук кызыкчылыгына каршы келген шартка мажбурлоо. Бул палестиндердин позицияларын бекемдеп, шарт-талапсыз, түз сүйлөшүүдөн качырат - деди.

Палестин лидери Махмуд Аббас болсо Париж конференциясын колдойт жана үмүт артат.

Бул жыйын Дональд Трамп АКШ президенттигине расмий киришерине беш күн калганда өттү. Трамп шайлоо үгүтү учурунда 68 жылдан бери Тель-Авивде турган АКШнын элчилигин Иерусалимге көчүрөрүн айтып, Израил тарапта экенине ишара кылган.

Талдоочулар БУУнун резолюциясы, Париж жыйынындагы эл аралык коомчулуктун чечими Трампка каршы белги экенин белгилешет.

Израил менен Палестинанын буга чейинки акыркы сүйлөшүүсү 2014-жылдын апрелинде, тогуз айлык талкуудан кийин ийгиликсиз аяктаган.

Ушул жерден адегенде эки тараптын чатагына кайрыла кетсек, Израил менен Палестина бир канча жылдан бери аймак талаштын айынан чатакташып келет. Талаштын эң өзөктүүлөрүнүн бири Иерусалим. Палестиндер ал шаардын чыгыш ыптасын болочок мамлекетинин борбору деп санашат. Ал эми Израил бүтүндөй шаарды баш калаасы деп белгилеген.

Ушу күндөрү да кез-кез болуп турган урушка Израилдин талаштуу аймакка жөөт кыштактарын куруусу дагы себеп. Мына ушундан улам бир айча мурда БУУ "Палестина аймагында, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде жөөт кыштактарын курууну тез арада жана толук токтотууну" талап кылган резолюция кабыл алган.

- Оккупация жана конуштар тынчтыкты да, коопсуздукту да камсыздабайт. Мунун жалгыз жолу - сүйлөшүү аркылуу 1967-жылкы чек аралардагы эки мамлекет чечимине жетүү. Чыгыш Йерусалим борбору болгон Палестин мамлекети 1967-жылкы чек араларда Израил мамлекети менен канатташ коопсуздукта жана тынчтыкта жашашы керек, - деп Палестин автономиясынын башкы сүйлөшүүчүсү Саеб Эрекат ал күнү сүйүнгөн болчу.

Мына ушул резолюцияны Улуттар Уюмундагы Коопсуздук кеңешине мүчө 15 мамлекеттин 14ү колдогон. АКШ добуш берүүдөн карманганы менен каршы да болгон эмес. Мурда болсо жөөт-палестин чатагына байланышкан резолюцияларга такай вето коюп келчү.

Ушунун өзү ансыз да Обаманын учурунда солгундап кеткен Израил-АКШ арасын алыстаткан.

XS
SM
MD
LG