Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Израилдин ачуусу, Палестинанын үмүтү


БУУнун Коопсуздук кеңешинин отуруму. 19-декабрь, 2016-жылы тартылган сүрөт.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин отуруму. 19-декабрь, 2016-жылы тартылган сүрөт.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин соңку резолюциясын Израил ачуулануу менен кабыл алып, атүгүл аткарбай турганын эскертсе, Палестина анын болочоктогу мамлекеттүүлүгүнө дагы бир колдоо көргөзүлдү деп үмүт артууда. Коопсуздук кеңештин Израилдин конуш куруу аракеттерин айыптаган жана мындайды токтотууну талап кылган резолюциясына бул ирет АКШ добуш берген жок жана вето да салбады.

БУУнун 15 мүчөлүү Коопсуздук кеңеши 23-декабрда 14 добуш менен кабыл алган резолюцияда Израилдин палестиндер өз аймагы катары санаган жерлерде конуштарды курууну улантып жатышы эл аралык мыйзамдарды “одоно бузгандык” катары бааланды.

Резолюцияга бул ирет добуш бербөө, ошондой эле Коопсуздук кеңештин туруктуу мүчөсү катары вето салбоо менен расмий Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы эң башкы өнөктөшүн зекигендей адаттан тыш кадам жасады.

Мурда АКШ жөөт-палестин чатагына байланышкан резолюцияларга дээрлик такай вето салып келген эле. Эми кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президент Барак Обаманын администрациясы резолюция кабыл алынышына жол берүү менен иш жүзүндө Израилдин аракеттерин сындагандай болду.

Мындан улам Израил өкмөтү жана АКШнын өзүндө Конгресстеги республикачылар Обама администрациясынын кадамын ачуулануу менен кабыл алышты:

Премьер-министр Нетаняху өкмөт жыйынында. 25-декабрь, 2016-жыл.
Премьер-министр Нетаняху өкмөт жыйынында. 25-декабрь, 2016-жыл.

- Ондогон жылдардан бери америкалык администрациялар жана Израилдин өкмөттөрү конуштар маселеси боюнча орток пикирде болчу. Бирок, биз Коопсуздук кеңеши бул маселени чече турган жер эместигин макулдашканбыз. Мен Кошмо Штаттардагы биздин досторубуз - республикачылар, демократтардын айткандарына шыктанып турам. Алар Улуттар уюмунун азыркы резолюциясы канчалык талкалоочу жана акылга сыбай турганын билип турушат. Алар Батыш дубал (Иерусалим шаарынын байыркы бөлүгүндөгү) оккупацияланган аймак эместигин да түшүнүп турушат. Мен келерки айда кызматка киришкенден кийин жаңы администрациядагы достор менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн, - деди Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху 25-декабрда өкмөт жыйынында сүйлөп.

Нетаняхунун Барак Обама администрациясы менен буга чейинки мамилесин жылуу деп айтыш кыйын. Ал эми шайланган президент Дональд Трамп Израилге жана анын азыркы оңчул өкмөтүнө карата анчалык сынчыл болбой турганын ачыктаган.

Трамп Твиттердеги барагында БУУнун резолюциясы тынчтык макулдашууга жетүүнү "кыйла кыйындатарын", бирок анын администрациясы муну кандай жол менен болсо да ишке ашырарын белгиледи.

Конгресстеги республикачылардын лидерлери, анын ичинде Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Раян Обама администрациясынын БУУдагы кадамын тегиз айыпташты. Раян резолюцияга вето салынбашын АКШны “уят кылуу" жана “тынчтыкка сокку уруу" катары баалады.

Израил өкмөтү өз тарабынан Коопсуздук кеңеш резолюциясынын шарттарын аткарбай турганын айтууда. Премьер-министр Нетаняху Улуттар уюмунун агенттиктери менен карым-катнашын жана аларды каржылоосун кайра карап чыгууну тапшырды.

Чыгыш Иерусалимде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен палестиндердин кагылышуулары болуп турат. 25-июль, 2016-жылы тартылган сүрөт.
Чыгыш Иерусалимде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен палестиндердин кагылышуулары болуп турат. 25-июль, 2016-жылы тартылган сүрөт.

Атүгүл “Ассошейтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, Иерусалим шаарынын муниципалитети калаанын чыгыш бөлүгүндө жаңы миңдеген батирлерди курууга ушул аптада уруксат бергени турат.

Ал эми Чыгыш Иерусалимди болочок мамлекетинин борбору катары караган палестин тарап БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аларга “жеңиш жана үмүт” тартуулаган документ катары сыпаттоодо.

- Бул - үмүт жана тынчтык күнү. Бул - тынчтыкка жана эки мамлекет чечимине ишенгендердин жеңиши. Биз Израил элине эл аралык коомчулуктан алар конуш куруу ишмердигин жана оккупацияны токтотуусу керек деген белги ачык берилди деп үмүттөнөбүз. Оккупация жана конуштар тынчтыкты да, коопсуздукту да камсыздабайт. Мунун жалгыз жолу - сүйлөшүү аркылуу 1967-жылкы чек аралардагы эки мамлекет чечимине жетүү. Чыгыш Йерусалим борбору болгон Палестин мамлекети 1967-жылкы чек араларда Израил мамлекети менен канатташ коопсуздукта жана тынчтыкта жашашы керек,-деди Палестин автономиясынын башкы сүйлөшүүчүсү Саеб Эрекат резолюция кабыл алынган күнү.

Сүйлөшүү демекчи жөөт премьер-министри Бинямин Нетаняху тынчтык сүйлөшүүлөрүн эч шартсыз өткөрүүгө чакырып жүрсө, палестин президенти Махмуд Аббас Израил ириде талаш аймактарда конуш курууларын токтотуусу керек деп, мындан баш тартып келген.

Эми Махмуд Аббастын ушул шейшембиде айткандарына караганда, ал БУУнун резолюциясы келерки айда Париждеги эл аралык аралык конференция “оккупация аякташынын механизмдерин жана графигин” аныкташына салым кошот деп үмүттөнүүдө.

Франция конференцияны 15-январда АКШ президенти Барак Обаманын кызмат мөөнөтү аяктардан беш күн алдыда өткөрөт деп күтүлүп жатат.

Буга чейин 2012-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Палестин автономиясынын макамын көтөрүп, “мүчө эмес, байкоочу мүчө өлкө” катары тааныган. Ал резолюцияны 138 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да колдогон. Тогуз мамлекет: АКШ, Канада, Израил, Чехия, Панама, Маршалл аралдары, Микронезия, Науру жана Палау каршы чыгып, 41 өлкө калыс калган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG