Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Трамп: Израилге каршы резолюция тынчтык келишимди катаалдаштырат


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп 24-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Палестинанын оккупацияланган аймагында жөөт кыштактарын курууну токтотуу талабы коюлган резолюцияны кабыл алганы тынчтык келишимди татаалдаштыра турганын билдирди. Анын билдирүүсү Израиль премьери Бинямин Нетаняху АКШ президенти Барак Обаманын администрациясын Коопсуздук кеңеште резолюцияга добуш бергенден карманганы үчүн кескин сынга алгандан кийин жасалды. Премьер-министр муну менен АКШ Израилдин дарегине сын айтылган кандай гана документ болбосун вето койгон эзелки позициясын бузганын айтууда.

Нетаняху АКШнын кадамын "Израилге каршы уят иш" деп баалап, резолюцияны "сандырактык" деп атаган. Израиль БУУнун беш түзүмүнө акча төлөбөй турганын жарыялады.

Коопсуздук кеңеш 23-декабрда "Палестина аймагында, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде жөөт кыштактарын курууну тез арада жана толук токтотууну" талап кылган резолюция кабыл алган. Документти кеңешке мүчө 15 мамлекеттин 14ү колдоп, АКШ добуш берүүдөн карманган болчу.

XS
SM
MD
LG